Ала-Арча тоосунда атасы менен кызы жоголуп, эркек кишинин сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРАла-Арча суусунда ӨКМ кызматкерлеринин издөө иштери. Архивдик сүрөт
Ала-Арча суусунда ӨКМ кызматкерлеринин издөө иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Атасы менен кызы 3-августта тоого эс алууга барышкан.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ала-Арча тоосунда атасы менен кызы жоголуп, эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Куткаруучуларга 3-августта 41 жаштагы эркек киши 8 жаштагы кызы менен Ала-Арча тоосуна эс алууга чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бүгүн, 6-августта, эркек кишинин сөөгү Ала-Арча суусунан табылып, жеткинчек изделүүдө. Аны табууга куткаруучулар, туугандары жана ыктыярчылар тартылды. Издөө иштерине дрондор пайдаланылууда.
Жеңиш чокусуна чыккан 4 альпинист дайынсыз болууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жеңиш чокусуна чыккан 4 альпинист дайынсыз болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0