Жекшен Ашубаев адабиятта сөзүн айтканга жетишпей, армандуу кеткен. Жети факт

© Фото / Pexels / Madison Inouye Китептер. Иллюстративдик сүрөт
Китептер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
Өмүрүн Улуу Ата Мекендик согуш алып кеткен, кыргыздын интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрүнүн бири, жазуучулук өнөрү уланбай, арманда кеткен Жекшен Ашубаев тууралуу сөз кылабыз.
Маман айылынын кулуну. Жекшен Ашубаев Россия империясынын Түркстан крайына караган Жети-Суу областынан Пржевальск уездинин Маман айылында (азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы) 1912-жылы туулган. Бул айыл ошол кезде экономикалык жана маданий жактан башкалардан бир кыйла жогору болгон Каракол шаарына танапташ жайгашкандыктан балдар аталган шаарга тез-тез барып, орус тили жана орус маданиятын өздөрүнө сиңдирип өстү. Айылдан жети жылдыкты бүтүп, 1925-жылы айыл чарба техникумуна окууга кирет.
Айыл чарба техникуму. Азыркы Түп булуңундагы Ак-Булуң, же Светлый Мыс деген айылында XIX кылымдын аягында Свято-Троицкий монастры жайгашкан эле. Ошол имараттын базасында Светломыс техникуму же Ысык-Көл айыл чарба техникуму ачылган. Бул окуу жайы Көл өрөөнүндөгү жаштардын билим жана маданият жактан өсүүсүндө өзгөчө орунда турган. Техникум айыл чарба багытындагы кадрларды даярдаганы менен ошол кезде ал жерде адабиятка шыктуу Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков сыяктуу кийин кыргыз жазма адабиятынын фундаментин куйган жаштар окуган. Окуу жайын бүткөндөр саясий жактан жетик кадрлар катары эсептелген, орус тилин да кыйла өздөштүрүп алган. Жекшен Ашубаев да ушул техникумда 1925-жылдан 1931-жылга чейин окуган.
Комсомолдук кызматкер. XX кылымдын 20-жылдарында комсомол уюмдарына өзгөчө көңүл бурулган, алар өлкө тагдырында чечүүчү фигуралардан болгон. Жекшен Ашубаев айыл чарба техникумунун диплому менен "Кочкор", "Оргочор" деген жаңы уюштурулган совхоздордо саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол жагынан орун басары болуп иштейт. 1936-1937-жылдарда Каракол райондук комсомол комитетинин катчысы жана ЛКЖСтин Кыргызстан облустук комитетинин катчысы болуп кызмат аткарат. Комсомол аны ар тараптан тарбиялайт, эл турмушун үйрөнөт.
Көркөм өнөр тармагында. 1938-жылы аны Кыргыз Эл Комиссарлар Советинин алдындагы Искусство иштери боюнча башкармасынын начальниги кызматына дайындашат. Театрлар менен иштөө, алар койгон спектаклдерге көз салуу, артисттерге кам көрүү абдан түйшүктүү иш эле. 1939-жылы Сүрөт окуу жайын ачуу, ошол эле жылдын 26-майынан 30-июнуна чейин Москвада Кыргыз искусствосунун декадасын өткөрүү, ага карата 14 спектаклди концерти менен даярдоо ушул кишинин шыбагасына туш келген. Театрлардын муктаждыгы үчүн өзү да аракет кылып, "Мөлмөлүм" деген пьесасын жазган.
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жетим өсүп, өз киндигин өзү кескен. Акын Шайлообек Дүйшеев жөнүндө 6 факты
Жазуучулукка келүү. Партиялык жана маданий кызматтарга такшалган адис катары өкмөт Жекшен Ашубаевди Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкаруу аппаратына жана "Советтик адабият жана искусство" журналына (кийинки "Ала-Тоо" журналы) жооптуу катчы жумушуна жиберет. Бул иштери аны адабият менен такай алектенүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. 1940-жылы "Кайырдуу достор" деген поэмасы 32 бет көлөмүндө Казань шаарында басылып чыккан. "Манас" эпосун басып чыгаруу боюнча редакциялык топтун мүчөсү болгон.
Профессионалдык жетилүүнү далилдеген "Терең кечүү". Бул повести 1940-жылы жазылган. 30-жылдарда кыргыз жазма прозасы пайда болуп калыптанган болсо, мына ошолордун катарында ушул чыгарма турушу керек эле. Бирок повесть кезегинде басылбады, басылбаган соң адабий сында өз баасын албады. Чынында бүгүн окуган кишиге да чыгарма чоң жазуучунун колунан жаралгандай көрүнөт. Башкы каармандар Күлүкан менен Макеш жаңы замандын адамдары, алар кече турган турмуштук кечүү – терең. Күлүкан дарыгер, Макеш инженер, Жунуш мугалим, демек, алгачкы кыргыз интеллигенттери. Жунуш интриган болсо, Күлүкан жалган жалаага кабылган кыз. Ушул сыяктуу жаңы кыргыз жаштарынын ички дүйнөсүн психологиялык кырдаалдарды ачып берүү аракети жазуучунун дүйнөлүк адабиятты батыл өздөштүрүп жаткандыгын айгинелеген. Повесть жазуучунун көзү өткөн соң гана 1959, 1972, 1981-жылдарда үч жолу басылып чыкты жана Жекшен Ашубаевдин негизги чыгармасы катары улуттук адабияттын тарыхында калды.
Адабиятта эки-үч гана жыл иштеди. Ал согуш алдындагы жылдар болуп, 1939-жылдан башталды. Бул мезгилде өзбек акыны Хамза Хакимзаде Ниязини, грузин акыны Акакий Церетелинин, кыргыз акыны Токтогул Сатылгановдун адабий чыгармачылыгын ачып берген портреттик очерктерин жазды, калмак эпосу "Жангар" тууралуу публицистикасы жарык көрдү. А. Пушкиндин жомокторун, М. Лермонтовдун ырларын жана Н. Гоголдун кара сөз чыгармаларын кыргыз тилине которууга жетишти. Жазуучу Николай Чекменев менен бирге кыргыз макалдарын орус тилине которду, ал котормолору китеп болуп басылды. Үч-төрт аңгемеси жана эки-үч пьесасы да ушул жылдарда жазылган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда урушка чакырылып, 1943-жылы Ростов-на-Дону облусунда Сал районунун Ново-Маныч кыштагында курман болгон.
Анын ысымы Ак-Суу районуна караштуу Маман айылындагы орто мектепке ыйгарылган.
Жазуучу Кусейин Эсенкожоевдин Адабият жыйнагы китебинеги сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2016
Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты
Жаңылыктар түрмөгү
0