Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдырахманов: КУУнун аймактагы филиалдарынын багыттары кеңеет

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов учурда аталган окуу жайдын карамагында 11 колледж бар экендигин айтты.
Билим берүү тармагындагы реформанын алкагында Юридикалык академия Улуттук университетке кошулган. Улуттук университеттин да өзүнүн бул багытта факультети бар болчу, эми биригип Юридикалык институт болуп калды. Бул тууралуу Төлөбек Абдырахманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдырахманов: КУУнун аймактагы филиалдарынын багыттары кеңейет
Анын айтымында, Юридикалык академияны Улуттук университетке кошуудагы ирилештирүү, теңдештирүү иштери жыйынтыкталууда.
"Юридикалык академияны кошуп институт кылуу оңой эле ишке ашып калган жок. Эки башка окуу жай, иштөө тартиби, багыттары башкача. Анын баары бирдей тартипке келтирилди. Буюрса жыйынтыкталып калды. Юридикалык академия менен Улуттук университеттин биригишинен улам карамагыбыздагы колледждердин саны 11ге жетти. Быйылкы окуу жылына карата 5-6га кыскартабыз деп турабыз. Анткени бири-бирин кайталагандары да жок эмес. Мындан сырткары, Нарындагы, Караколдогу, Ош жана Таластагы филиалдарыбызды кеңейтүүдөбүз. Булар негизинен Юридикалык академиянын аймактардагы бөлүмдөрү эле, ушул багытта гана кадрларды даярдашчу. Эми ал жакка педагогика, математика, дене тарбия багытында адистерди даярдап чыккан бөлүмдөрдү да кошобуз. Имараттарын ремонттоп, техникаларын жаңылап жатабыз. Аларда "кайсы шаарда жайгашса ошол жердин гана мугалимдери окутат" деген эрежелери бар экен. Эми "окутуучулардын жарымы Улуттук университеттин педагогдору болсун" деген шартты коюп жатабыз", — деди Абдырахманов.
Ал буга чейин жогорку окуу жайдын аймактардагы филиалдарында мектептин мугалимдери сабак берип калган учурлар болгонун жана мындай көрүнүштү жоюу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0