Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Крым: универсалдуу десанттык кемелерге тик учактар жайгаштырылат

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүКа-65 "Минога" тик учагы. Архив
Ка-65 Минога тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
Россияда 2050-жылга дейре Кеме куруу боюнча президенттик программа пландалгандай жүзөгө ашырылууда.
Украинадагы атайын аскердик операция РФтин Аскер-деңиз флоту үчүн жаңы кемелерди куруунун ыкчамдыгын төмөндөтө албастыгын белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
Керчтеги "Залив" заводунда курулуп жаткан 23900 долбоорунун эки универсалдуу десанттык кемеси ("Иван Рогов" жана "Митрофан Москаленко") 2028-жылы деңизге коё берилердин алдында палубалык Ка-65 "Минога" тик учактарын алышат. Алар толук авиаканаттары менен сыналмакчы.
Универсалдуу десанттык кемесинин бортунда кайыкка каршы коргонуучу Ка-65 "Минога", көп буталуу Ка-52К "Катран" сокку уруучу тик учактары, Ка-31 радиолокациялык күзөтүүчү, Ка-27ПС издөө-куткаруучу (жалпы 20 чакты) машиналары дайым болот.
Россиянын Аскер-деңиз флоту үчүн Ка-65 тик учагы 2016-жылы иштелип чыга баштаган.
"Миноганын" техникалык долбоорун иштеп чыгуу жөнүндөгү келишим "Армия-2020" аскер-техникалык форумдун жүрүшүндө кол коюлган. Жаңы машина кырк жылдан бери флотко кызмат өтөп жаткан Ка-27 кайыкка каршы коргонуучу учактын ордуна келет.
"Вертолёты России" холдингинин башкы директору Андрей Богинский сынамык Ка-65 көккө биринчи ирет 2025-жылы көтөрүлөрүн билдирген. Сериялык өндүрүшү 2028-жылы башталары болжонууда. "Минога" жаңы технологиялар жана материалдардан куралат. Ка-65 3000 аттын күчүнө тете газ турбиналуу ТВ7-117ВК кыймылдаткычы менен "ардагер" Ка-27ден кыйла күчтүү болмокчу. Кыймылдаткычтарын тескөөнү БАРК-6 санарип автоматтык тутуму бир топ жеңилдетет. "Миноганын" курал-жарак топтомуна россиялык коргоо өнөр жай комплексинин акыркы үлгүдөгү жана таамай үлгүлөрү кирет.
Ка-65 радиоэлектрондук аппаратурасы аскердик бөлүктөрдү жана кармашты көзөмөлдөөчү автоматташтырылган тутум менен айкалыштырылат. Жаңы муундагы байланыштын санарип комплекси видеомаалыматтарды, радиолокациялык станциялар, навигациянын билдирүүлөрүн берүүнү, атап айтканда, үн байланышын камсыз кылат.
Машинанын кайыкка каршы коргонуучу, десанттык жана транспорттук модификациялары каралган. Ошондой эле арктикалык Ка-65 версиясы да бар. Анда уникалдуу навигациялык система, кошумча жылытуу тутуму жана төмөн температурада негизги кыймылдаткычты ишке киргизүү үчүн энергетикалык түзүлүш орнотулган. РФ Коргоо министрлигинин буюртмасы менен Ка-65тин учкучсуз версиясы да чыгарылышы ыктымал. "Минога" кеменин бортунан же жээктеги аэродромдордон чалгындоочу, кайыкка каршы коргонуу, десанттык тапшырмаларды аткаруу менен кайсы убак, кандай аба шарты болбосун иштейт.
Россиялык аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операция: россиялык күчтөр фронттун төрт тилкесине чабуул коюуда
Ка-27ни ташыган корветтен тарта крейсерлерге чейинки россиялык кемелердин баары "Миноганы" бортунда көтөрө алат. Ка-65 тик учагынын ылдамдыгы, ыраактыгы жана жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча маалыматтар ачык булактарда жок. Бирок андан мурунку "ардагер" тик учактын мүнөздөмөлөрү жакшы белгилүү.
Кайыкка каршы коргонуучу Ка-27 душмандын субмаринасын күндүзү да, түнкүсүн да, кандай катаал аба шарты болбосун 500 метрге чейинки тереңдиктен, базадан 200 чакырым (маалымат берүү шарттары боюнча) аралыктан аныктап коё алат. Аба бир көтөрүлгөндө 800 чакырым аралыкка чейин багындырып, саатына 270 чакырым ылдамдыкта учат.
Ка-27 арсеналы душмандын субмаринасына АПР-2 же АПР-3 ракеталары, чакан УМГТ-1 торпедасы, ОМАБ-25-12Д же ОМАБ-25-8Н бомбалары менен чабуул коюуга мүмкүндүк берет. Эки Ка-27ПЛ бирдиги 2000 чарчы чакырым акваторияны камтый алат.
Ка-27ПС издөө-куткаруучу модификациясы 300 кг жүк ташыйт. Канаттуу машина деңиз 5 баллга толкуган маалда да иштеп, көрсөтүлгөн түйүнгө автоматташтырылган учуш менен жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай мүнөздөмөлөрдөн улам ар кандай модификациядагы жапжаңы Ка-65 "Минога" өзүнөн мурунку Ка-27ден кыйла күчтүү жана кынтыксыз болорун болжоо кыйын эмес. 23900 долбоорунун универсалдуу десанттык кемесинин негизги мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу кажет. Бардык көрсөткүчтөрү боюнча бул кеме франциялык Mistral тик учак ташуучусунан артык экени айдан ачык.
Россиялык универсалдуу десанттык кеменин бортунда Ка-65 тик учактары өз жээктеринен 6000 деңиз милге чейинки аралыктан Дүйнөлүк океандын каалаган районунда аракет этүүгө мүмкүнчүлүк алышат. 23900 долбооруна таандык, сыйымдуулук 40 миң тонна тик учак ташуучу эки универсалдуу десанттык кемени чыгаруу аракети 2020-жылдын 20-июлунда Керчтеги "Залив" кеме куруу заводунда башталган. Бул Крым көпүрөсүнөн сегиз чакырымдык аралыкта жайгашкан.
Планга ылайык деңизге биринчи болуп "Иван Рогов" универсалдуу десанттык кемеси коё берилет. Кургак док (жанаша акваториянын деңгээлинен төмөн орнотулган стационардык доктун бир түрү) Керчтеги заводдо узуну 350 метр, туурасы 58 метр, сыйымдуулугу 300 000 тоннага чейинки кеменин эки – үч корпусун бир убакта курууга мүмкүндүк берет. Ишкананын адистери 2-3-рангдагы согуштук кемелер жана өзөктүк энергетикалык түзүлүшү бар кемелерди куруу тажрыйбасына ээ.
Крымдын Россияга кайтарылышынан соң "Залив" Аскер-деңиз флоту үчүн 22 кеме курууга буюртма алган. Демек, алдыда бир топ жылга иши жетишерлик өлчөмдө. "Ростех" (курамында "Вертолёты России" холдинги иш алып барат) РФ Коргоо министрлиги үчүн өндүрүш көлөмүн мындан ары да жогорулатууга даяр экенин билдирди.
Мамлекеттик саясаттын негиздерине айкалыштыруу менен Россия өзүнүн "Аскер-деңиз флотуна бөлөк өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн үстөмдүгүнө жол бербестен, дүйнөдө аскердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча экинчи сапка бекем жайгашууга умтулат".
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россиянын "пландалбаган" жеңишинен кооптонот. Кырдаалга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0