Ирандын ШКУга кошулушунан Кыргызстан кандай пайда көрөт. Сереп

© Sputnik / Зафар Халилов / Медиабанкка өтүүИрандын ШКУга кириши
Ирандын ШКУга кириши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Саясат таануучу менен экономист Sputnik агенттигине Ирандын уюмга мүчө болушу геосаясий масштабда кандай мааниге ээ экенин жана Кыргызстанга кандай таасир этерин түшүндүрүп беришти.
4-июль күнү Нью-Делиде ШКУнун 23-саммити өтүп, натыйжада Иран уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп калды. Өлкөнүн президенти Эбрахим Раиси республиканын уюмга кириши анын коопсуздугун, суверенитетин бекемдөөгө жана экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи.
Маалымдама
Иран Ислам Республикасы (ИИР) ШКУга мүчө болгон тогузунчу мамлекет. Буга чейин уюмга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирчү. Афганстан, Беларусь жана Монголия байкоочу макамга ээ. Беларусь толук кандуу мүчө болуп кошулуу үчүн билдирме калтырды. Ал эми Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия менен Шри-Ланка уюмдун өнөктөштөрү болуп саналат. ШКУга кошулууга Египет, Катар жана Сауд Арабиясы кызыкдарлыгын билдирүүдө.

"Улуу Евразиянын" курулушу

Саясат таануучу Марс Сариев Ирандын ШКУга кошулушу Жакынкы Чыгыштан тарта Борбордук Азияга чейинки ири мейкиндикте геосаясий кадамдарды шарттай турганын белгиледи.
© Sputnik / Жоомарт УраимовПолитолог Марс Сариев
Политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
"Айрым глобалдуу күчтөр, башкача айтканда, Ирандын контрөнөктөштөрү Орто Чыгышта согуш чыгарып, ИИР менен Түркияны кагыштырууга далалат жасашты. Түркиянын кырдаалды түшүнө билиши жана сабырдуулугу буга жол берген жок. Андан соң америкалыктар көзөмөлдөгөн талаа командирлери аркылуу суу талашынан дешип иран-афган чырын чыгарууга аракеттеништи. Эки өлкөнүн бийлиги да акылмандыгын көрсөтүп, Жакынкы Чыгышта согуштун чыгып кетүүсүн алдын ала алышты", — деди Сариев.
Саясат таануучу региондо абал акырындап өзгөрүп жатканын белгиледи.
"Кытай менен Россиянын ойлонулган аракети менен катуу касташып келген Сауд Арабиясы менен Ирандын мамилеси оңолду. Йемендеги кырдаал да жөнгө салынып келе жатат, Иран менен Сауд Арабиясынан Кытайды көздөй Араб деңизиндеги Баб-эль-Мандеб куймасынан кеткен нефть жолу буулбай турган болду. Демек, Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт. Кызыгы, өлкө уюмга 4-июлда, АКШ эгемендүүлүгүн белгилеп жаткан маалда кабыл алынды. Батышка "белек" болду", — деди эксперт.
Анын айтымында, геосаясий өзгөрүүлөр экономиканын өнүгүшүнө чоң түрткү болот.
"Кыргызстан муну Кытай — КР — Өзбекстан темир жолунун долбоору аркылуу сезе алат. Бул жол менен Түркия эле эмес, Ирандын Бендер-Аббас портуна чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат. Келечекте Евразия континентиндеги бардык өлкөлөр менен соода жүргүзө алабыз. Мындан улам Ирандын ШКУга мүчө болушу "Улуу Евразиянын" куруларын айгинелеп жатканын айтууга болот. Бүгүнкү күндө Кытай, Россия, Индия, эми Иран кошулуп "долбоордук режимде" жашап, Батыштын таасиринен оолактап өз геосаясий системасын түзүүдө", — деп түшүндүрдү Сариев.
Кыргызстандын Өнөр жай бирикмесинин төрагасы Данил Ибраев да Ирандын уюмга кириши экономикалык кызматташууну күчтөйт деген пикирде.
© Sputnik / Асел АкматПрезидент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данил Ибраев
Президент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данил Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
"Иран барган сайын Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү үчүн кызыктуу өнөктөш болуп бара жатат. Кызматташуу илгерилөөдө: былтыр эле ортодогу сооданын көлөмү 70 пайызга жогорулаган. Ирандын ШКУга кошулушу мындан да көп пайда алып келет, анткени уюм алкагында коопсуздук факторунан тышкары экономикалык өнүгүү маселелери да талкууланууда", — деди Ибраев.
Борбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп
Маалымдама
Шанхай кызматташтык уюму — ири эл аралык бирикмелердин бири. Жалпы калкынын саны 3,5 миллиард адамды түзөт (бул жалпы планета элинин дээрлик жарымы), ал эми аянты 35 миллион чарчы чакырымдан ашат (Евразия континентинин 65 пайызы). Иранды кошкондо өлкөлөрдүн ИДПсы 24,6 триллион долларга барабар. Дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын 38 пайызы ШКУ мамлекеттеринин үлүшүнө туура келет, газдын запасы 44 пайызды түзсө, нефтиники 40 пайыздын тегерегинде.
Ибраев Иран ири энергетикалык полтенциалга да ээ экенин белгиледи.
"Салынган чектөөлөргө (АКШнын санкциялары — ред.) карабай мамлекет ыкчам өнүгүп жатат, каалаган күнү энергоресурс экспортунун көлөмүн жогорулата алат. Нанотехнологиялардын өнүгүү деңгээли боюнча Иран дүйнөдө төртүнчү орунда. Өнөр жай продукциясы, нефть химиясы, айыл чарба, мал чарбасында ийгилиги мол. Кыргызстан үчүн Ирандан азык-түлүк эле эмес, технология алуу да кызык", — деди эксперт.
Ибраев кызматташуу менен сооданы өнүктүрүү үчүн транспорттук-логистикалык байланыштын маанисине токтолду.
"Кыргызстан ЕАЭБ алкагында "Ош — Бенден Аббас" транспорттук коридор долбоорун активдештирип жатат. Тарифти төмөндөтүү, Бандер-Аббас портуна, андан ары Түштүк Азияга, Ливияга, араб мамлекеттерине, Каспий булуңундагы өлкөлөргө контейнерлик ташууларды көбөйтүү сыяктуу бир катар алдын ала макулдашуулар түзүлдү. Ирандын ШКУга кошулушу экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө болору шексиз, анткени транспорт-логистикалык жол коопсуз болот. Уюм бүгүнкү күндө коопсуздук чек арадагы абал эле эмес, ички экономиканы өнүктүрүү, үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык, маданий, саясий байланыштарды жолго коюуга зор мүмкүнчүлүк экенин жакшы түшүнөт", — деди Ибраев.
Эксперт ШКУ жогоруда аталган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга мыкты аянтча болорун, уюмга кирүүгө кызыкдар мамлекеттердин саны улам өсө берерин айтып сөзүн жыйынтыктады.
Евразия экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
ЕАЭБ менен ШКУ экономикалык өнөктөштүктү бекемдейт
Жаңылыктар түрмөгү
0