Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрлик: Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы палата. Архив
Ооруканадагы палата. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Ооруп калбаш үчүн жеке гигиенаны сактап, жашылча-жемишти жегенден мурда жууш керек.
БИШКЕК, 26-июн — Sputnik. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Мурдараак Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Азый Шайымбетов Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйгөнүн тастыктаган эле. Адатта күнүнө 170ке чукул бейтап кайрылса, учурда бул көрсөткүч 320га жетип жатканын, көбү бөбөктөр экенин айткан.
© Sputnik / Акбар АкжигитовНачальник Управления профилактики инфекционных и паразитарных заболеваний Департамента госсанэпиднадзора при Минздраве КР Динара Оторбаева
Начальник Управления профилактики инфекционных и паразитарных заболеваний Департамента госсанэпиднадзора при Минздраве КР Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
"Күн сайын республика боюнча маалыматтарды топтоп турабыз. Өткөн аптага салыштырмалуу ичеги-карын инфекциялары менен ооругандардын саны түшүп, 11 пайызга азайып калды. Былтыр ушул учурда 904 бейтап катталса, быйыл 803 болду. Ичеги-карын инфекциялары баш көтөргөн маал — майдан сентябрга чейинки учур", — деди Оторбаева.
Дарыгер оорунун өсүп жатышына жашылча-жемишти жуубай жегендик, жеке гигиенаны сактабагандык себеп болуп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, күн ысык учурда микроорганизмдер айлана-чөйрөдө көбөйүп, жакшы сакталат. Ичеги-карын ооруларынын белгилери: эт ысыйт, ич өтөт, баш ооруп, киши өзүн алсыз сезет.
"Өтө тынчсызданууга себеп жок. Оору жыл сайын баш көтөрүп, дарыгерлер бейтаптарды дарылап келет. Элди дароо ооруканага чуркабай, жашап турган жериндеги үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылууга чакырам. Андан сырткары, балдарды колун жууганга үйрөткүлө, спорт менен машыккыла жана азык-түлүктү туура сактай билгиле", — деп кеңеш берди Оторбаева.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Радио
Ичеги-карын инфекцияларын кантип алдын алууга болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0