20 жашында миллионер болгон Азиза: онлайн кызматтарда көп акча жатат

© Фото / предоставлено Азизой ТалантбековойСММ адиси Азиза Талантбекова
СММ адиси Азиза Талантбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
Азыр социалдык тармактар аркылуу акча табуу заманы. 21 жаштагы СММ адиси Азиза Талантбекова да жаштыгына карабай онлайн иштөө менен ийгилик жаратып, миллионер болгон. Учурда ал СММ адистигине кыздарды окутуп жатат.
Sputniк Кыргызстан агенттигинде СММ (социалдык тармактагы маркетинг) аркылуу 20 жашында миллионер болгон Азиза Талантбекова конокто болду. Биз СММ адисинин негизги милдети жана каарманыбыздын окутуу курсу тууралуу кеп кылдык.
— СММ адистигине кандайча келип калдыңыз?
— СММге мындан эки жыл мурун келгем. Шартка байланыштуу университетте окуган жокмун. Үйүмдөгүлөр дин жолундагы адамдар болгондуктан атам аябай такыба киши. Негизи мен кичинемден эле журналист болууну кыялданчумун. Медреседе үч жыл окудум. Үчүнчү жылы карантин болуп медресе жабылып калды. Ошондон кийин үй-бүлөлүк шарттан улам иштөөгө туура келди. Медресени бүтө элек болгондуктан устат боло албадым. Иштегенде деле мугалимдерибиз Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бекер окутушат. Мага акча керек болчу. Студенттер иштеген бардык жумуштарда иштедим. Кафеде официант, тигүү цехтеринде топчу кадап, бутикте кийим сатып көрдүм. Акыры бирөөнүн кол алдында иштегенден тажадым. Күнүнө 600 сомдой алчумун. Көп ыйладым. Пандемия маалында баары онлайнга өтүп, Instagram аркылуу жоолук сата баштадым. Блогумду жакшы жүргүздүм. Эжем бир ирет Мыктыбек Арстанбектин тренингине барса, 2-3 жыл ичинде баары онлайнга өтөрүн жана башында ушул тармакта иш баштап кеткендер миллионер болушарын айтыптыр. Жөндөмүмдү байкаган эжем СММ адиси болушумду сунуштады. Алгач көңүл бөлбөй жүрдүм. "Бир ай окуп эле кантип бир адистикке ээ болуп кетсин" деген ишенбөөчүлүк болду. Ошону менен жүрүп-жүрүп, акыры СММдин эки айлык курсуна бардым. Негизи онлайн окуу мага жагат. Анткени көп сабактарды кайрадан карап алууга мүмкүнчүлүк болот. Окууну өздөштүргөндөн кийин жоолук сатууну токтоттум. Себеби бир учурда 3-4 долбоор менен иштеп айына 50-60 миң таап, жакшы каражат түшө баштады. Бул кесиптин келечегине ишенгенден кийин кардарлар менен иштешүүнү өздөштүрүү үчүн Казакстандан кымбат курстардан окуп, өтө көп билим алдым. Иштегениме эки жылдан ашты. Ошондой эле бир жыл мурун окутуу курсун да ачтым.
© Фото / предоставлено Азизой ТалантбековойАзиза Талантбекова: Казакстан онлайн иштөө жаатында бизден алдыда
SMM-специалист Азиза Талантбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Азиза Талантбекова: Казакстан онлайн иштөө жаатында бизден алдыда
— Казакстандан интернет аркылуу эле окудуңуз да...
— Ооба. Казакстан онлайн иштөө жаатында бизден алдыда. Менин устатым СММ тармагында төрт-беш жылдан бери иштеп жүрөт. Ал өзү да доллар миллионерлеринен сабак алган кыйын кыз. Ошонун көп курсунан окудум, ал жеткен ийгиликтердин артынан бара жатам. СММ социалдык тармактагы маркетинг болуп, бардык бизнес баракчалардын сатуусун көбөйтөт. Башында жоолук саткан бизнесимди өстүрүү максатында окугам, бирок акча ал жакта эмес, бул жакта көп экенин билдим.
— СММ кызматы азыр абдан актуалдуу болууда. Бул кесиптин ашканасы менен кененирээк тааныштырып өтсөңүз?
— Онлайн кызмат кылууда СММ кызматын пост киргизүү, видео тартуу деп гана түшүнүшөт. Бул айсбергдин үстү гана. Курста окугандар контент жасоо, максаттуу аудиторияны анализдөө, стратегия, план түзүү, атаандаштарга анализ кылуунун сырларын үйрөнүшөт. Пост жазганды жана контент түшүргөндү гана үйрөнгөн СММ адистери Target тармагына кетирген рекламасынын чыгымын же блогерлерге берген акчасын актай албайт. Соода жок актив түшүп кетиши мүмкүн. Бул максаттуу аудиторияны туура анализдебей, стратегияны туура түзбөгөндөн улам болот. Алгач ишти башка платформада жүгүртүп алып анан рекламага жиберебиз. Азыр офлайн бизнеси барлардын онлайн бизнеси жок болсо, ишкердиги жокко эсе. Анткени кийим саткан бутигиңе күнүнө он киши кириши мүмкүн, ал эми онлайнда социалдык тармактар аркылуу СММ адиси күнүнө 100 миң адам киргенге мүмкүнчүлүк түзүп берип коёт. Мындан улам товардын өтүмдүүлүгүнө шарт түзөт. Азыр элдин баары интернетте отурат, жумуштан чыгып атайын дүкөнгө барууга көбүнүн шарты жок. СММдерге чет мамлекеттен да буюртмалар түшөт. Бул башталышы гана, эми онлайн товар жүгүртүү мындан да өсөт. Ошондуктан студенттерге, жаштарга айтарым, кыйналып официант болуп же тигүү цехинде топчу кадап бирөөнүн кол алдында иштегенден көрө өзүңүздөр үчүн иштеңиздер. Анткени СММ адистер өзү үчүн иштейт. Өнүгүү-өсүү бар, кардарлар менен жолугуп, ар кандай бизнес менен таанышкандыктан ой жүгүртүүң өсөт. Жакшы кардарлар менен иштешүү үчүн изденип, билимиңди өстүрүп көп окуйсуң.
© Фото / предоставлено Азизой ТалантбековойАзиза Талантбекова: СММ социалдык тармактагы маркетинг болуп, бардык бизнес баракчалардын сатуусун көбөйтөт
SMM-специалист Азиза Талантбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Азиза Талантбекова: СММ социалдык тармактагы маркетинг болуп, бардык бизнес баракчалардын сатуусун көбөйтөт
— Кардар менен алгач иштешкен учуруңузду айтып берсеңиз?
— Социалдык тармактар барган сайын өнүгүп турат. Башында курста кардарлар менен иштешүү, жеке чек араны коё билүү өңдүү сабактар өтүлгөн эмес. Ошол себептен кызматымдын акысын да айта алчу эмесмин. Эң биринчи кардарларым менен чайханадан жолуккам, костюм-шым кийген олуттуу адамдар келди. Мен аябай корктум. Ал убакта СММге көп деле маани бербей жаткан кезим эле. Кызмат акысын сураганда "10 миң сом" деп айтсам, кымбат деп кетип калабы" деп өздөрүнөн сурасам, "айына 30 миң сом" дешти. Сыртымдан билдирбегеним менен ичимден толкунданып кеттим. Wildberries компаниясы болчу, алар да жаңыдан ачылып жаткан. Ишибиз ийгиликтүү болду.
— Сиздердин да кызмат көрсөтүү пакетиңер болот экен да...
— Ооба, кардарга "Бул иштерди жасап беребиз. Акчасы мынча болот" деп өзүбүз айтабыз. Ар ким өзүнүн дараметине жараша кызматын сунуштайт. Биздин милдетибизге кирген жана кирбеген болуп кызмат көрсөтүү экиге бөлүнөт. Онлайн тармакта мобилограф, блоктон чыгаруу, таргетолог, вебдизайн деген толтура кызматтар бар. Эгер СММ адиси ушунун баарын жакшы биле турган болсо кызмат акысы дагы көбөйөт. Башкача айтканда, билимине жараша акча табат. Аны менен бир ай иштешебиз. Мамиле жакшы болсо, улантып иштөөгө болот. Антпесе кийинки кардар менен иштеп кете беребиз. Бир кардардын ишин 2-3 саатта эле бүтүп койгондуктан, улам кийинки буюртмаларды иштете бересиң. Ошентип 2-3 буюртма менен айына 100 миң табууга чыккам.
© Фото / предоставлено Азизой ТалантбековойАзиза Талантбекова: кийим саткан бутигиңе күнүнө он киши кириши мүмкүн, ал эми онлайнда социалдык тармактар аркылуу СММ адиси күнүнө 100 миң адам киргенге мүмкүнчүлүк түзүп берип коёт
SMM-специалист Азиза Талантбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Азиза Талантбекова: кийим саткан бутигиңе күнүнө он киши кириши мүмкүн, ал эми онлайнда социалдык тармактар аркылуу СММ адиси күнүнө 100 миң адам киргенге мүмкүнчүлүк түзүп берип коёт
— Чет мамлекеттен да кардарларды кабыл алдыңыз беле?
— Өзүм буюртма алып көргөн эмесмин, бирок чет мамлекетте жашаган окуучуларым бар. Казакстандык окуучум айына 200 миң сом таап жатат. Анткени ал жакта СММ адисине көп төлөшөт. Эң арзаны 25 миң сомдон башталат. Бизде эң азы 6 миң сом. Казакстанда адам көп жана бизнес да ар тараптуу. Мындан тышкары, бир окуучум Түркияда, экинчиси Россияда иштеп жатат. Кардарлардын арасында өз бизнесинен акчасын аяп койгондор болот.
— Курсуңуз да бар экен. Канча кызды окутуп жатасыз?
— Буга чейин бир айлык курс менен жети ай иштеп, кийин аны толугу менен жаптым. Себеби Instagram алгоритми, кызматтары такыр өзгөрүп кетти. Кыргызстандагы "мен-мен" деген инфобизнестердин слайддарын, жарнамаларын карап көрсөң телефонго эле тартылган экен. Эмне үчүн Кыргызстанда сапаттуу контент жок деп намыстанып, болгон билимимди берип, сапаттуу камерага тарттырууну максат кылып жаңы жылдан кийин 1,5 айлык курсумду иштеп чыктым. Анткени бул тармакта кыргыз тилдүү сабаттуу эксперт жок болчу. Ал үчүн дагы 128 миң сомдук курсту сатып алып окудум. Устатымдан профессионалдуу курс ачууну үйрөндүм. Чындап бул курска көп энергиям, акчам, убактым кетти. Сапаттуу курс ачуу үчүн азыр төртүнчү модуль тартып жатам. Бул тармакка да жөндөм керек. Кээде СММ адисине таланты болсо да кызыкпагандар бар. Айрымдарынын жөндөмү жок болсо деле тырышып үйрөнүп кеткендер болот. Буга да эмгектенүү керек.
Катардын шейхи Тамим бин Хамад Аль Тани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0