Мелис Турганбаев: Кыргызстанда Олимпиадага лицензия берчү турнир өтөрү күтүлүүдө
© Фото / Департамент физической культуры и спортаКыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекте болгон рейтингдик турнирин беттешинде
© Фото / Департамент физической культуры и спорта
Жазылуу
Күрөш боюнча кыргызстандык балбандар эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып, өлкөнүн желегин желбиретип, гимнин жаңыртышууда. Алдыда Олимпиадага жолдомо берүүчү Азия континенталдык турнирин Кыргызстанда өткөрүү планы бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Күрөш федерациясынын президенти, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү, Борбор Азия боюнча куратору Мелис Турганбаев болду. Биз федерациянын жүргүзүп жаткан саясаты, уюштуруучулук иши, ийгилиги, жетишкендиктери жана пландары тууралуу баарлаштык.
— Жакында эле Кыргызстанда өткөн рейтингдик турнирден кеп учугун баштасак. Кандайча бизде өткөрүлүп калды?
— "Бишкек-Арена" муз аянтчасында спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасында Азия чемпионатын жакшы жыйынтыктадык. Кыргызстандык балбандар 30дан ашык медалга ээ болушту. 1998-жылдан бери Күрөш федерациясында иштейм. Күрөштүн үч түрүн тең жакшы түшүнөм. Союз тарагандан кийин жакшы спортчулардын көбү миграцияга, соодага кетип калышты. 2005-жылдарга чейин Кыргызстанда күрөштүн абалы начар болчу. Дүйнөлүк федерацияга, азиялык уюмдарга кире элек кезибизде калыстар тарабынан көп басым жасалды. Жакшы жыйынтыктар жокко чыгып калган да учурлар болгон. Ага карабай эмгектенип отуруп, 20 жылдан кийин ушундай чоң ийгиликтерге жетише баштадык. Эң биринчи кубандырганы — Айсулуу Тыныбекованын дүйнөлүк чемпионатта утуп, лицензия алганы болду. Андан кийин Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев, Жоламан Шаршенбеков, Тайырбек Жумашбек уулу аттуу балбандарыбыз чыга баштады. Андан улам дүйнөгө акырындан таанылып, жөн отурбай Бириккен күрөш уюмуна (UWW) мүчө болдум. Былтыр да эки чемпионат өткөрүп бергенбиз. Өзүңөр билгендей, Бириккен күрөш уюмунун президенти, Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү Ненад Лалович өзү келип кеткен. Ал киши мамлекет башчысынын кабыл алуусунда болуп, элдин колдоосун көрүп, өлкөдө күрөш алдыңкы спорт экенине ынанып, балбандардын машыкканын байкап, анан "дүйнөлүк рейтингдик турнирди берсек өткөрө аласыңарбы" деп сунуштаган. Федерация аны толук колдоп, өткөрүп алдык. Каба уулу Кожомкул балбаныбыз менен Раатбек Санатбаевдин турнири буга чейин эл аралык гана макамга ээ болуп келсе, эми дүйнөлүк деңгээлге чыгарсак деген максатыбыз ишке ашып отурат. Турнир абдан масштабдуу өттү. Күрөштүн үч түрү боюнча 40ка жакын мамлекеттин өкүлдөрү келип, абдан суктанып кетишти. Себеби күрөштүн үч түрү боюнча жылына төрт гана рейтингдик турнир болот. Ага 20дай мамлекет катышат. Бул ирет Бишкектеги рейтингдик турнирге 600дөн ашык балбан катышып, биз үч алтын, эки күмүш, төрт коло байгеге ээ болдук. Аталган турнирге Олимпиаданын 7 чемпиону, дүйнөнүн 17 чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткандар, Европа, континент аралык турнирлердин чемпиондору келди.
© Sputnik / Асылбек БактыбековКүрөш федерациясынын президенти, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү, Борбор Азия боюнча куратору Мелис Турганбаев
Күрөш федерациясынын президенти, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү, Борбор Азия боюнча куратору Мелис Турганбаев
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
Көпчүлүк Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудовдор эмнеге катышпаганын сурап жатат. Бизде да пландар бар. Айрым спортчулардын кичине жарааты болушу мүмкүн. Кээ бирлери кийинки мелдешке даярданып калышат. Азыр үчөө тең Түштүк Кореяда биргелешкен машыгууда жүрүшөт, буюрса 22-23-июнда өлкөгө келип калышат.
Акыркы 5-6 жылда күрөш спорту абдан өнүктү, ошол себептен кызыгуулар артып, чет элдик спортчулар да суранып келип жатышат. Ысык-Көлдүн климаты, жаратылышы жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоого ылайыктуу. Ошол себептен да балдарыбыз Көлдө машыгышат.
© Фото / United World Wrestling
Айсулуу Тыныбекова
1/3
© Фото / United World Wrestling
Айсулуу Тыныбекова
© Фото / United World Wrestling / Kadir C
Жоламан Шаршенбеков
2/3
© Фото / United World Wrestling / Kadir C
Жоламан Шаршенбеков
© Фото / United World Wrestling
Акжол Махмудов
3/3
© Фото / United World Wrestling
Акжол Махмудов
1/3
© Фото / United World Wrestling
Айсулуу Тыныбекова
2/3
© Фото / United World Wrestling / Kadir C
Жоламан Шаршенбеков
3/3
© Фото / United World Wrestling
Акжол Махмудов
— Өзүңүз айткандай, кыргыз спортчуларынын ийгилигинен кийин өлкөнүн жаратылышына жана күрөшкө болгон мамилесине кызыгып дүйнөнүн булуң-бурчунан спортчулар келе баштады. Бирок бизде көп функционалдуу спорттук комплекстин жоктугу, жатакана маселеси көйгөй жаратууда...
— Бул чоң маселе. Буга чейин 2002-жылы кадеттер арасында Азия чемпионатын өткөргөнбүз. Ошондо Кыргызстанды алгач көрүп, күрөштүн деңгээлине баа берип, бизди таанып кетишкен. Ал кезде Спорт сарайынын абалы жакшыраак болчу. Ошол жерге өткөрүп, спортчуларды негизинен "Ак-Кеме" мейманканасына жайгаштырганбыз. Кийин 2007-жылы, анан 2018-жылы да Азия чемпионатын борбордо чоңдор арасында уюштурдук. Бирок ошондо "эми башка арена таппасаңар болбойт. Бул имаратыңар дүйнөлүк талапка жооп бербейт" дешти. Айла жок, былтыр "Бишкек-Арена" муз аянтын жасап, үстүнө ковролин төшөп, күрөшкө ылайыктап ошол жерде өткөрдүк. Мамлекет да жасалгалоого жардам берген. Быйыл да ушул жерде болду. Дүйнөлүк күрөш федерациясынын 20дан ашык мүчөсү келип, жогору баа берип кетишти. Быйыл эки-үч турнирди бир өткөргөнүбүздүн себеби, 2024-жылдагы Париж Олимпиадасына карата континенталдык чемпионаттарды өткөрүүгө экиден квота берилет. Ошол лицензия алуу турнирин бизге берсе деген негизде сүйлөшүүлөр жүргөн. Биздеги иш-чараларды көрүп, "Кыргызстан бүгүнкү күндө лицензиялык турнир өткөрүүгө даяр" деген жыйынтык чыгарып беришти. Ушул жылдын аягында Сербиядагы чемпионатта континенталдык турнирлер кайсы мамлекеттерде болору аныкталат. Эгер Кыргызстанда өтүп калса биз үчүн чоң жеңиш болмок.
— Грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасындагы Азия чемпионатын өткөрүүдө кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыздар?
— Биринчиден, дүйнөлүк стандартка жооп берген спорт ордосунун жоктугу көйгөй жаратат. Бирок мунусунда муз аянтын жасалгаладык. Үч мелдешти өткөрүүгө мамлекет 11 миллион сом бөлүп берди. Бардык министрликтер өз милдеттерин так аткарып, уюштуруп беришти.
© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова
© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan
Азиядан тышкары араб мамлекеттеринде, Бахрейн, Сауд Арабияда күрөш өнүгүп жатат. Сауд Арабияда күрөштүн эки түрү боюнча 6-7 комплекстүү борбор ачышты. Дүйнөдөгү эркин күрөш боюнча 11 мыкты команданын баары Азия мамлекетинен чыккан. Кытай менен Япония күрөштүн бардык түрү боюнча дүйнөнүн, олимпиаданын чемпиондору болушууда. Япониянын командасында кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн беш жолку чемпиондору бар.
— Бизде жогорку салмактагы балбандар жокко эсе. Себеби эмнеде?
— Кечээ U-23 боюнча 92 килограмм салмактагы балбан финалга чыкты. Ошол эле категориядагы 97 килограмм салмактагы бала турнирге катышты. Мындай салмактагылар жок болчу. 130 килограммдагы орус балабыз бар. Мында күрөшкөн жок, аны даярдап жатабыз. Бул багытта да максаттуу иштер жасалып жатат. Грек-рим күрөшү боюнча да 87, 92, 97 килограмм салмактагы балдарыбыз бар, машыктыруучулар да бөлүнгөн. Бизде атаандаштык аз болгондуктан оор салмактагылар начар болуп жатат. Ошол себептен машыктыруучусун кошуп Кавказга жиберип жатабыз.
© Фото / United World Wrestling / Kadir CКыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков
Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков
© Фото / United World Wrestling / Kadir C
— Азыр медицина да тездик менен өнүгүп жатат. Спорттук медицина, допинг маселесин кантип чечип жатабыз? Анткени бул да спорттун бөлүгү болуп калбадыбы...
— Спорттук медицинаны Жогорку Кеңештин депутаттары аябай көтөрдү. Туура, фармакология менен медицинасыз спорт жок. Биринчи адамдын ден соолугун кароо керек. Бул тармакта дарыгерибиз Бактыгүл Алишованын эмгеги чоң. Ал киши спорттук медицинаны бүткөн өлкөдөгү жалгыз адис. Азыр кадрларын даярдап жатат. Спорттук медицинанын мамлекет берген эски байтапканасы турат. Бирок Бактыгүл Алишова заман талабына жооп берген клиника ачты. Ал жакка барып спортчулар кеңеш алып турушат. Федерация да ай сайын врачыбыздын көрсөтмөсү менен керектүү дарыларды алып беребиз. Маселе көтөрүлгөн, учурда бул тармакка каражат бөлүнгөнүн угуп жатабыз. Эми спорттук поликлиника капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап жабдыктар алынат деген үмүттөбүз. Антидопинг борбору ачылганы бизге жеңилирээк болуп калды. Анткени бөлөк жактан адис чакырбайбыз. Балдарга лекцияларды да окуп жүрүшөт. Себеби спортчулар да билбей айрым препараттарды дарылык үчүн ичип алышы мүмкүн да. Азыр кабардар болуп калышты. Мурда да допинг табылгандыктан тобокел тобуна кирген кыргызстандык спортчулар 5-орун алса да допинг текшертүүгө алып барат. Спорт өнүгүп жаткан мамлекеттерди да антидоппинг комитети дыкат карап турат. Азыркы спортчуларыбыз андан алыс эле. Бир эле допинг келсе 20 миңден ашык доллар төлөп калабыз. Ошол себептен эскертип турабыз.
— Париж Олимпиадасына күрөш боюнча канча жолдомо алышыбыз мүмкүн?
— Грек-рим күрөшү боюнча алты салмактан төрт лицензия алсак, эркин күрөш боюнча буюрса 3-4тү алабыз. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн белгилүү үч кызыбыз бар. Дүйнөлүк чемпионаттын алдында төртүнчү рейтингдик турнир, андан тышкары, Польшада чоң турнир болот. Андан кийин эле Сербияда дүйнөлүк чемпионат өтөт. Күрөш бир орунда турган жок. Азыр ар бир мамлекет күрөшө баштады. Түркмөнстан, Камбоджа да Ирандан машыктыруучуларды жалдап чакырышты. Индияда кыз-келиндер күрөшү командалык түрдө өнүгүп жатат. Сербияда мелдеш абдан курч мүнөздө кызык өтөт. Татыктуу атаандаштар аябай көп.