Чет өлкөдө соттолгон 38 кыргызстандык кайтарылат. Прокурор экстрадиция тууралуу

© Sputnik / Асел АкматБашкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев
Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
Жыл башынан бери чет өлкөдө соттолгон 19 кыргызстандык мекенине экстрадицияланган. Эми дагы 38 кыргыз жаранын алып келүү үчүн тиешелүү иштер жасалууда.
Sputnik Кыргызстан Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев менен маектешти.
— Чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын саны канчага жетти?
— Башка мамлекеттерде 1200гө жакын жараныбыз соттолуп, жазасын түзөтүү абактарында өтөп жатышат. Мекендештерибиз көп жүргөн Россия Федерациясынын абактарында эле 1 077 КР жараны бар.
— Экстрадициялоонун тартиби тууралуу айтып берсеңиз?
— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда 1998-жылы Москва шаарында конвенция кабыл алынган. Ал "эркиндигинен ажыратылып соттолгондорду жазасын өтөө үчүн өз мекенине которуу" деп аталат. Конвенцияга КМШга кирген мамлекеттер: Азербайжан, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Грузия кол койгон. Ушул өлкөлөрдө соттолгон кыргыз жарандарынын өз мекенине экстрадицияланууга толук укугу бар. Эгер кыргызстандык Россияда соттолсо, ал "Кыргызстанга которулат элем" деген мазмундагы арыз менен Россия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органы — Жаза аткаруу федералдык кызматына кайрылууга укуктуу. Ошол эле учурда соттолгон жарандын жакын туугандары жана мыйзамдуу өкүлү Кыргызстандын Жаза аткаруу мекемесине, Башкы прокуратурага арыз жаза алат.
— Арызды кайсы этапта жазса болот?
— Сот тарабынан угузулган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып кылмышкер соттолгон болуп эсептелинет. Ошондон баштап арыз жазууга укуктуу. Айрым учурда тергөө көпкө узарып кетет. Ал учурда арызданууга болбойт. Арыз келип түшкөндөн кийин биздин жаран камалган мамлекеттин атайын органдарына "Баланчаевдин иши тууралуу материалдарды жибериңиздер" деген сурам жөнөтөбүз. Аны ошол өлкөнүн Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги чогултат. Анткени соттолгон жаран тергөө изоляторунан түзөтүү мекемесине которулат да. Ага анын укугу түшүндүрүлөт. Эгер биздин жаран экстрадицияланууга макул болсо, анда түзөтүү мекемеси ал тууралуу материалдарды чогултуп, борбордук органыбызга жиберет. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, тиешелүү борбордук орган деп Башкы прокуратура таанылган.
— Кайсы бир учурда экстрадициялоо процесси узакка созулуп кеткен учурлар болот. Муну тездетсе болобу?
— Созулуп кетишинин эки-үч себеби болушу мүмкүн. Чет өлкөдө биздин жаран менен кошо башка мамлекеттин жарандары соттолгон учурда баары эле өкүм менен макул болбой калышы мүмкүн. Алардын бири жогорку инстанцияга арыз жазса өкүм күчүн жоготот да, кайрадан иш кароого алынат. Буга кошумча, ар бир мамлекетте даттанууну кароо мөөнөтү ар кандай коюлат.
— КМШга кирген мамлекеттер менен эки тараптуу келишим бар. Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен кандайча чечилет?
— Кыргызстан Түркия, Корея, Иран менен да эки тараптуу келишим түзгөн. Биздин же алардын жараны сот жоопкерчилигине тартылып калса аларды өз өлкөсүнө которууга толук укуктук негиз бар. Бул жерде маселенин чечилиши эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин бар-жогунан гана көз каранды болот.
Ошондой эле кош жарандыгы барлардын жагдайын кароо керек. Мисалы, Россиянын да жарандыгын алган кыргызстандыкты эки өлкө тең өз жараны катары карайт. Башка үчүнчү өлкөлөрдө деле ошондой. Мындай учурларда экстрадициялоо мүмкүн эмес.
© Sputnik / Асел АкматПрокурор отдела международно-правового сотрудничества Генпрокуратуры Назарбек Кенжеев
Прокурор отдела международно-правового сотрудничества Генпрокуратуры Назарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
— Дагы кайсы учурларда экстрадициялоого болбойт?
— Моралдык же материалдык зыян ордуна келтирилбесе, анда мындай кишини которууга болбой турганы айтылган. Же болбосо ошол кылмыш боюнча жаза мөөнөтүн өтөп бүтсө же акталса, анда да өткөрүп берилбейт. Айрым учурда ошол өлкөнүн мыйзамдарынан улам да которуудан баш тартылышы мүмкүн. Мисалы, кайсы бир кылмыш үчүн ал мамлекетте эң жогорку жаза, 35 жыл каралса, бизде ага максимум 15 жыл бериши мүмкүн. Ортодогу айырма 20 жыл. Мындай учурда ал мамлекет которуудан баш тартып коё алат. Бул — алардын укугу.
— Ошол эле террорчулук боюнча кармалгандарды экстрадициялоого болбой турганы айтылат. Бирок Ирактан бир нече жараныбызды которуп келдик...
— Ирак менен эки тараптуу келишим түзүлгөн эмес. Ошол себептен Башкы прокуратуранын ал окуяга тиешеси жок. Террорчулук ал мамлекеттин мүлкүнө, жарандарына зыян келтирүү менен коштолот. Ошондуктан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн сот кылмышкерге чоң суммадагы акча чегерип салат да, өткөрүп берүүдөн баш тартып коюшу ыктымал. Эгер Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбесе, биз да бербей коёбуз.
— Эми экстрадициялангандан кийинки процесстер кандай болот?
— Башка өлкөдө соттолгон адамдын материалдары ошол өлкөнүн компетенттүү органынан алынат. Ал документтерден биздин жарандын чет жерде жасаган иши бизде кылмыш катары эсептелер-эсептелбесин карайбыз. Эгер эсептелсе, "биздин өлкөдө төмөндөгү кылмыш таанылсын, аткарылсын" деген сунуш менен Жогорку сотко кайрылабыз. Андан кийин "биздин жаранды мекенине жөнөтсөңүздөр, ал бизде жазасын өтөөнү улантарына кепилдик беребиз" деген суроо-талапты ал өлкөнүн компетенттүү органдары карап, анан чечим кабыл алынат. Ал эми которулуп келгендер абакта жазасын өтөйт. Эгер мыйзам жол берсе, мунапыска илиниши мүмкүн. Айрым жагдайда мунапыс колдонулбайт. Мисалы, оор кылмыш жасагандарга. Мунапыс мыйзамына ылайык, анын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылышы ыктымал.
— Кылмышкерди өлкөгө которуп келүүдөгү транзит маселеси кандай?
— Жалпы келишимдин негизинде ошол транзиттик өлкөнүн тиешелүү органына "тиги мамлекет биздин жаранды которуп кетүүгө уруксат берди, сиздер аркылуу алып өтүүгө урусат берүүңүздөрдү сурайбыз" деген кат жиберебиз. Анын натыйжасында поезд менен алып келебиз. Ал эми учак менен алып келүүгө мамлекет каражат караган эмес. Соттолгон жарандын жакын туугандары чыгымын төлөп берген учурда гана алып келинет.
— Экстрадиция боюнча жарандар кошумча эмнени билиши керек?
— Былтыр март айында Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган делегация башка мамлекеттин органдары менен жолугушууларды өткөрүп келди. Анын жыйынтыгында Россиядан 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 20 жаран которулду. Эми 38 жаранды которуу маселеси каралып жатат. Бул жумуш улантылууда. Экстрадициялоо процесси тез эле чечилип калчу маселе эмес. Ал бир жылга чейин узарып кетиши ыктымал.
Куруучу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0