Ботаникалык бакта өспүрүмдү бычактап кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адам. Иллюстративдүү сүрөт
Бычак кармаган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
9-июнда милицияга аял белгисиз бирөөлөр уулун бычактап кеткендигин айтып, кайрылган.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Ботаникалык бакта өспүрүмдү бычактап кетишти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдирди.
9-июнда милицияга аял белгисиз бирөөлөр уулун бычактап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.
Милиция Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") негизинде кылмыш иши козголгон. Бул окуядан кийин 16 жаштагы өспүрүм кармалып, тергеш үчүн эки айга Вознесеновка айылындагы колонияга киргизилген.
Пиротехникалык каражаттарды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2023
Сузакта петардадан окуучунун бети күйүп калды. Эки жетекчи иштен алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0