Кырсыктаганда айланамдагы көп адамдар иргелди. Залина Касымованын маеги

© Фото / предоставлено Залиной КасымовойМаданияттын мыкты кызматкери, эл аралык конкурстардын лауреаты, белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова
Маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык конкурстардын лауреаты, белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Кыргыз кыздарынын ичинен кыл кыяк боюнча жаңы багытка чыйыр салган Залина Касымованы баары тааныйт. Ал музыкант катары бул аспапты жаңы өңүттөн ачып бере алды. Жакында берген концерти да ага күбө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык конкурстардын лауреаты, белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова болду. Биз музыканттын чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
© SputnikМаданияттын мыкты кызматкери, эл аралык конкурстардын лауреаты, белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова
Отличник культуры, музыкант Залина Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык конкурстардын лауреаты, белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова
— Жакында эле отчёттук концертиңизди бердиңиз. Жакшы өттү окшойт...
— Жаңылыктар көп. Ооба, 2-майда Улуттук филармониянын чоң залында "Ааалам добушу" аттуу отчёттук концертимди бердим. Көптөн бери пландап жүрдүм эле, буюрса жакшы өттү. Концерт коюу оңой иш эмес. Даярданып жатканда сураштырып, маалымат алайын десем негизи бизде музыкалык аспапта ойногондор концерт бербептир. Мындан корифейлерден Самара Токтакунова эже гана концерт берип келет. Кечемде кайсы ырчылар болорун туугандарымдан бери сурашты. Ошондо аспаптык музыка угууга биздин эл даяр эмес экенин түшүндүм. Бирок кийин пикирлерин уксам, баары эле "сонун болот турбайбы" деп жатышты. Анткени ыр эмес, музыка басымдуулук кылгандыгы жаңылык болгондой сезилди. Өзүмө жакты. Башка форматта өткөрүүгө аракет кылгандыктан "аспапчыларга, музыканттарга чоң стимул бердиңиз" деген сөздөрдү уктук.
— Сиз жаратмандыкка, жаңычылдыкка умтулган жансыз. Ошол эле кыл кыякта ойноодо кыздар арасында жаңычылдыкты киргизип, шоу багытка чыйыр салдыңыз. Башында "кыл кыякты эмне кыласың, ырдап чыкпайсыңбы" дегендер болду беле?
— Туура, мен жаңы окуп баштаганда көбү кыл кыякты билчү да, баалачу да эмес. Бул аспапта муңдуу гана күүлөр ойнолот деп ойлошот. Негизгиси, өзүнчө аспаптай эмес, кошумча аспап катары карап, оркестрде деле мааниге алышчу эмес. Кудайга шүгүр, азыр элдин түшүнүгү бар. Кызыгышат. Аймактарда жашаган окуучулардын арасында менден онлайн-сабак алгандар бар. Бирок ушул деңгээлге жетүү үчүн аябай көп эмгек талап кылынды. Сын-пикирлерди уктум. Жашоо бир жерде турбагандай эле бардык нерсе өнүгүүнүн үстүндө болот. Ошонун ичинде кыл кыяк аспабын аткаруунун стили да өнүгүшү керек. Кийимдеримди да музыканын стилине жараша өзгөрттүм. Ага көп каражат жумшадым.
— Учурунда эң биринчилерден болуп саундтректерди аткарып чыктыңыз?
— Үч жыл толгонуп жүрүп, 2015-2016-жылдары "Кариб деңизинин каракчысы" ("Пираты Карибского море") саундтрегине форманын баарын ойлонуштуруп клип тарттыргам. Чыгарма жагып калса дароо аткарганга аракет кылам. "Бул элге жагабы же жакпайбы" деп ойлонуп отурбайм. Бирок ушуга чейин жүрөгүм менен аткарган чыгарманын баарын эл жакшы кабыл алып жатканын байкап келем. Көп изденем. Жактырган музыканы ичимде бышырып жүрө берип, аткарып чыкканда жеңилдеп калам. "Гаянэ" балетиндеги лезгинканы да аткарып чыктым. Чыгарма тандоодо өзүмдүн көз карашым бар. "Дарак ырынын" саундтреги болгон "Мезгил закымдары" деген ырды да даярдап, бирок элге чыкпай эки жыл жатты. Аткаргандан кийин да калкка сунуунун жолун ойлонуштурам, өзгөчө стилде тартуулагым келет. Ал кезде "Дарак ыры" тасмасы чыга элек болчу. Кийин режиссёр Айбек Дайырбековго угузушса, алар жактырышыптыр. Ошону менен чыгарма саундтрек болуп жарык көрдү. Көп чыгармаларым чыгуучу убагын, ылайыгын күтүп эки-үч жыл туруп калат. Ар бир аткарган музыкамды жүрөгүмдөн өткөрөм.
— Саундтректен айырмаланып классикалык чыгармалардын жоопкерчилиги башкача болсо керек?
— Классикалык чыгармалар элге сиңип калгандыктан өзүнүн аткаруу рамкасы бар. Албетте, чегинен чыкпаганга аракет кылам. Кыргыздын элдик күүлөрүн кыл кыякка салып шөкөттөгөндө да чектен чыгып кетпеш керек. Классикалык чыгармаларды өзгөртүп аткарсаң жаштар ошондой кабыл алып калат. Жаңыртылган вариантында ырдын түпкү өзөгү бузулбашы керек. Мисалы, "Күйдүм чок" ырын мурда угуп чоңойгонбуз. Бирок азыркы ырчылар такыр башкача ырдап жатышат. Мен буга каршымын.
© Фото / предоставлено Залиной КасымовойЗалина Касымова: көп чыгармаларым чыгуучу убагын, ылайыгын күтүп эки-үч жыл туруп калат. Ар бир аткарган музыкамды жүрөгүмдөн өткөрөм
Отличник культуры, музыкань Залина Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Залина Касымова: көп чыгармаларым чыгуучу убагын, ылайыгын күтүп эки-үч жыл туруп калат. Ар бир аткарган музыкамды жүрөгүмдөн өткөрөм
— Жакында эле чоң сахналарда ырдаган адамдардан нукура үн менен аткарууну талап кылган мыйзам чыкты. Концертте кыйынчылык жараткан жокпу?
— Жок, бул жагынан компьютерден үнүн жасатып ырдаган ырчыларга кыйын болду. Биз эми кичине кезибизден бери кыл кыяк менен жүргөндүктөн уктап жаткан жерибизден ойготсо да аткарып беребиз. Бирок ушундай талапты койгондон кийин мамлекет да жабдууларды жаңыртып, шарт түзүп бериши керек да. Концертте мага аппаратура, микрофон жагынан кыйынчылык жаралды. Чет мамлекетке барсаң көзүң ачылат. Тимеле чыгарманы жыргап аткарасың. Кээ бир микрофондор үндү бузуп жеткирет. Кээде микрофонду өчүртүп салып эле ойногон учурлар болот. Негизи акустика, үн режиссёрдун адискөйлүгү, аппаратуранын абалы — баары биригип сенин аткарууңа таасир этет.
— Тынбай эмгектенүүгө да энергия керек. Кайдан аласыз?
— Жакшы ойдон, таза ниеттен жана алдыга койгон максаттардан алам. Туруп-туруп эле "минтем" деп максат коё бербейм. Ал жан дүйнөмдө жуурулушкан чыгармачыл ойлордон келет. Кээ бирлер башкаларга кедергиси тийип жатса да максатын ишке ашырганча шашат. Жок, мен андайды каалабайм. Менин кылып жаткан ишим бирөөгө зыянын тийгизбеши керек. Анан да жаратылыштан, сулуулуктан жана кооздуктан сонун энергия алам. Кээде тынчтык жардам берет. Андай учурда оюмду иреттейм. Балдарым да энергия берет. Азыр адам тандап калдым, баары менен эле сүйлөшө бергим келбейт. Анткени бирөөнүн энергиясын бат тартып алгандыктан негатив чыгып турган адам менен бир бөлмөдө отурсам да сүйлөшпөгөнгө аракет жасайм. Жакшы адамдарды издейм. Айтор, тегерегимди бүт жакшы нерселер менен курчаганга аракет жасайм. Жүрөгүмдө кудай бар, бирок "ушуну 100 ирет окусаң эле укмуш болуп кетесиң" өңдүү сөздөргө ишенбейм. Адамдын ниети, ою таза болушу керек.
— Достукка кандай карайсыз? Чыгармачылык чөйрөдө досторуңуз барбы?
— Чыгармачылыктан деле дос күтүп көрдүм. Мен кандай нерсе болбосун, баш-отум менен кирип алам. Чын ниетим менен мамиле кылам. Жакшы санаалаш адамдар болот. Бирок анын баарын эле дос катары саноого болбойт. Ички сырымды билген чыныгы достор өтө аз. Буга чейин деле достон күйдүм. Сырыңды билип алып, баарын кайра өзүңө курал катары колдонгондорду көргөм. Чыгармачыл адамдардын социалдык желеде "досум, досум" деп жазышкандарына ишенбейм. Бул бир максаты бар, долбоор сыяктуу достук болушу мүмкүн. Мындан эки жыл мурун жол кырсыгына кабылганда көп досторум иргелди. Жакын санап жүргөндөрдү таппай, тескерисинче, көңүл бурбай жүргөндөр кашымдан табылып жатты. Жашоодо ушундай болуп турат экен. Концерт бергенде деле байкалат.
— Алдыда кандай пландар бар?
— Чыгармачылык менен эле алек болом. Концертте дээрлик жаңы чыгармаларды алып чыккандыктан көп энергиямды сарптаптырмын. Азыр ошону толуктап, жаратылышка чыгып, бир аз эс алып жатам. Ташкентке барып келдик, концертке катышып жатам. Бирок чыгарма жаратуу үчүн энергия керек.
© SputnikЗалина Касымова: мындан эки жыл мурун жол кырсыгына кабылганда көп досторум иргелди. Жакын санап жүргөндөрдү таппай, тескерисинче, көңүл бурбай жүргөндөр кашымдан табылып жатты. Жашоодо ушундай болуп турат экен.
Отличник культуры, музыкант Залина Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Залина Касымова: мындан эки жыл мурун жол кырсыгына кабылганда көп досторум иргелди. Жакын санап жүргөндөрдү таппай, тескерисинче, көңүл бурбай жүргөндөр кашымдан табылып жатты. Жашоодо ушундай болуп турат экен.
— Буга чейин Кайрат Иманалиевдин "Үмүт" деген чыгармасында театрда роль жараткансыз. Сиз театр үчүн сырттан келген адамсыз, буга театр сынчылары кандай баа беришти?
— Жакында эле Ташкентте "Евразия" аталышындагы чоң фестиваль болуп өттү. Биз да "Үмүт" спектакли менен барып келдик. Эл абдан жакшы кабыл алды. Ошол фестивалда мыкты спектакль катары табылды. Алгач пандемия убагында мени чакырышканда "театрда мен эмне кылмак элем" деп ойлондум. Кыл кыяк ойноорумду укканда көрүнбөй эле ойноп коём го дедим. Бирок сахнада отуруп алып кыл кыяк ойноп, Назира Мамбетованын ички жан дүйнөсүн музыка аркылуу элге жеткирет экенмин. Бул да чоң роль тура, көрсө. Ошол каармандын аурасына кирип, анын маанайын беришим керек. Спектаклге жуурулушуп аткаруу кажет. Башында чочулагам. Бирок "аткарышыңыз керек" деп болбой коюшту. Мурда жүрөгүм түшүп, "эми кантем" деп коркчумун. Бул жолкусунда толкунданганым менен көнө түшүптүрмүн. Негизи актёрлордун жашоосу да өтө кызык. Спектакль учурунда актёрлор ошол образда кадимкидей жашайт экен да. Бирок бул чөйрө да мага жакты. Өзүмө башка бир форматтагы маалыматтарды алып жатам. Мындай нерселерден коркпош керек экен.
— Ырдап көрөйүн деген оюңуз барбы?
— Ырдап көргөм, бирок баары бир мен үчүн ыр биринчи орунда эмес. Ырдоо — бул көз карашыңды өзгөртүп, багыт алып, жаңы бир нерсе үйрөнүү үчүн эле. Башкача айтканда, кызыкчылык үчүн. Болбосо ырдап чыгайын, ырчы болоюн деген максатым жок.
© Фото / предоставлено Залиной КасымовойЗалина Касымова: негизи балдарымдын музыкант болушун каалаган эмесмин. Бирок талант деген жөн жатпайт экен.
Отличник культуры, музыкант Залина Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Залина Касымова: негизи балдарымдын музыкант болушун каалаган эмесмин. Бирок талант деген жөн жатпайт экен.
— Уул-кызыңыздын кимиси чыгармачылыкка жакын?
— Экөө тең эле жакын. Кызымды кичинесинен эле "Ак шоола" балдар хоруна алып барчумун. "Баластан" каналындагы "Таалимтай" берүүсүндө да бир канча жолу ырдап катышты. Туулган күнүнө таята-таенеси гитара сатып берген. Өзү эле интернеттен үйрөнүп, мага аткарып берип калат. Эми курска барам деп жатат. Балам да музыкага жакын. Бирок кичинесинде музыкант болгусу келчү эмес. Азыр мектебинде комузга катышып, кызыгуусу ачылды. Колдору аябай эптүү, кадимкидей күүлөгөндү үйрөнүп алды. Мындайча айтканда, абсолюттук угуусу бар. Учурда "Маш ботой", "Саадак какты" күүлөрүн өздөштүрүп жатат. Негизи балдарымдын музыкант болушун каалаган эмесмин. Бирок талант деген жөн жатпайт экен.
Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр Лиля Турусбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Чоң сүйүүгө себепкер болгон поезддин билети. Режиссер Лиля Турусбекованы эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0