Чоң сүйүүгө себепкер болгон поезддин билети. Режиссер Лиля Турусбекованы эскерүү

© Фото / предоставлено Асел ДанияровойКыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр Лиля Турусбекова. Архив
Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр Лиля Турусбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Жазылуу
Быйыл кыргыз аялдарынын ичинен чыккан алгачкы документалист режиссёр Лиля Турусбекованын 90 жылдыгы белгиленип жатат. Турусбекова негизинен Кыргызстандын жаратылышына, залкар инсандарына арналган даректүү фильмдерге басым жасап, бир топ ийгиликтерди жараткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр Лиля Турусбекованын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз кылдык. Бизде конокто залкар инсандын кызы Асел Даниярова жана кинорежиссёр Асель Жураева болду.
— Лиля Турусбекова атактуу акын Жусуп Турусбековдун кызы эмеспи. Алгач кепти таятаңыз тууралуу баштасак...
Асел Даниярова: — Таятам орус акыны Владимир Маяковскийдин чыгармачылыгын баалачу. Ошол себептен кызын Маяковскийдин музасы Лиля Бриктин урматына Лиля деп атаган. Айрым сынчылар Жусуп Турусбековдун ыр саптарын Маяковскийдикине окшоштурушат. Ал киши экспериментатор акын болгондуктан айрым ырлары окшошуп калышы мүмкүн. Бирок аны туураган эмес. Таятам абдан боорукер адам болуптур. Кызын да жанынан артык көрүп, 1-классында мектепке да өзү жетелеп барып, ата-энелер жыйналышынан калчу эмес экен. Ал кызынын окуудагы ийгиликтери менен сыймыктанып, дайыма киного же театрга ээрчите жүрүп өстүрүптүр. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун биринчи декадасында үч чыгарма коюлат. Ошол декадага апам да ата-энеси менен барат. Кичине кыз болсо да ошол кездеги залкарлардын жанында жүргөнү чыгармачылыгына оң таасир этсе керек. Ал эми экинчи декаданы апам өзү барып тасмага түшүргөн. Таятабыз апам сегизге чыкканда, 1941-жылы, согушка кетип кайтпай калган.
© Sputnik / Асель СыдыковаАсел Даниярова
Дочь кинорежиссера Лили Турусбековой Асель Даниярова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Асел Даниярова
— Апаңыздын бала кези борбордо өткөн окшойт?
А.Д.: — Кезинде бийлик Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен Жусуп Турусбековго үй берген. Апамдын балалыгы ошол бульварда өткөн. 1-класска №28 мектепке барат. Бирок ошол кезде союзда эксперимент жүрүп кыздар менен балдарды бөлөк-бөлөк окутушат. Ал учурда негизинен окутуу орус тилинде жүргөндүктөн апам да орусча билим алган.
— Апаңыздын Москвага кетип бара жаткан видеосун көрүп, ал тууралуу макала жазган экенсиз...
А.Д.: — Ал видеону мамлекеттик архивден тапканда өзүм таң калдым. Тартылганына 60 жыл өтүптүр. Апам темир жол бекетинде жакындары менен коштошуп, Москвага кетип жатканын көрүүгө болот. Жанында апасы жүрөт. Ошол кездеги абдан бактылуу көз ирмемдери түшүп калыптыр. Ага таасирленип жаздым.
Ал эми Москвадагы окуусу тууралуу айтсам, апам өз кесибин мыкты билген адистердин колунан билим алган. Монтаждоо жагынан мыкты чебер Лев Кулешов ВГИКтин кинематографисттер союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Апам ошол кишилердин колунан билим алды. Жатаканада жашаган жылдары абдан кызыктуу күндөр өтүптүр. Бирок апам өзү тууралуу айтууну көп жактыра берчү эмес.
© Фото / предоставлено Асел ДанияровойКинорежиссер, заслуженный деятель искусств Киргизской ССР Лиля Турусбекова
Кинорежиссер, заслуженный деятель искусств Киргизской ССР Лиля Турусбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
— Атаңыз Санжарбек Данияров да ошол кездеги интеллигенциянын өкүлү экен. Экөө кантип таанышып калган?
— Атам 17 жыл Кыргыз медициналык академиясынын ректору болгон. Ошол кездеги медициналык институт — союз боюнча мыкты окуу жайлардын бири эле. Атам негизинен репрессияланган үй-бүлөдөн чыккандыктан көп кыйынчылыктарды көрдү. Ошентсе да илим-билим, карьера жагынан ийгиликтүү болду. Атам 7-класстан кийин эле институтка окууга кирип, кийин Ленинграддагы Иван Павлов атындагы институтта билим алып, 22 жашында медицина илими боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Аябай өңдүү-түстүү киши болуптур. Ал кезде Москвадан Кыргызстанга билет табылышы кыйын экен. Издештирип жүрүп, апамда бир билет бар экенин угуп, атабыз сурап келет. Ошол жерден экөө биринчи жолу кездешкен. Кийин апам окуусун аяктап диплом алган жылы Ысык-Көлгө барат. Атам Көлдө достору менен эс алып жүрүп, автобус менен кыздар келгенин көрүп, ошол жерден дагы бир жолу жакындан таанышат. Ошондон баштап эле экөө бири-бирин жактырып, ынак болуп кетет. Акыры ортодогу махабат үй-бүлө курууга алып келген. Экөөнүн мамилеси абдан гармониялуу, адам суктангыдай эле.
© Sputnik / Асель СыдыковаКинорежиссёр Асель Жураева
Кинорежиссёр Асель Жураева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Кинорежиссёр Асель Жураева
— Режиссёр катары Лиля Турусбекованын өзгөчөлүгү эмнеде?
Асел Жураева: — Лиля эжебиз негизинен коомчулукка пайдалуу, кыргыз элине керектүү тасмаларды тарткан. Азыркыга чейин анын тасмалары аркылуу мекенибиздин жаратылышына, андагы элдин пейилине, жасаган иштерине суктанып бүтпөйсүң. Ар бир көрүүчүгө мотивация бере турган эмгектер. Андан эженин өзүнө тийиштүү стилин байкай алабыз. Негизинен бирөөнү толук ачып берүү кыйынчылыкка турат. Бирок Лиля эжебиз өзүнүн тарткан фильмдеринде каармандарынын ички дүйнөсүн көрүүчүгө анык жеткире алган. Каарман менен сюжеттер аркылуу сүйлөшүп отургансып, анын ички дүйнөсүнө кире аласың. Поэзиялык формада тартылгандыктан ушунчалык таасирлентет. Жакында эле кинорежиссёр айымдардын V форумун өткөрүп, аны Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арнадык. Анда Мыскал Өмүрканова жана Бакен Кыдыкеева тууралуу тарткан эки документалдык фильм көрсөтүлдү. Турусбекованын эмгектери алтын фондуда калчу тасмалар. Оператор менен иштегени, каармандарды туура табышы, айтор, баары гармонияда болгону көрүнүп турат.
© Фото / из семейного архива ДанияровыхКинорежиссер Лиля Турусбекова
Кинорежиссер Лиля Турусбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
А.Д.: — Апам саясаттан алыс болгондуктан чыгармачылыгында дайыма түбөлүктүү темаларды көтөрүп чыккан. Заманынын залкарларын тирүү кезинде тасмага түшүрүп калууга умтулуп, каармандарына өзү суктанчу эле. Мисалы, Мыскал Өмүрканованын ырдаганын кандай толкундануу менен кабыл алса, ошол ыргакты, талантты бийик дараметин элге жеткирүүгө аракет жасаган. Даректүү тасмалар түбөлүктүү да. Апам өмүр бою эле ушул жаатта иштеди.
А.Ж.: — Эжебиздин эмгектеринде биз үчүн баалуу материалдар, маалыматтар өтө көп. Аны 100 жылдан кийин да пайдалансак болот.
— Ал кезде чыгармачыл адамдар мамлекет үчүн үй-бүлөсүн экинчи орунга жылдырып коюп иштеген да. Апаңыз эки тарапты кантип алып кетти?
А.Д.: — Коомдо аялдын иштегени жакшы көрүнүш. Апам кесибин сүйгөнү менен ал үчүн үй-бүлөсү биринчи орунда болуп, атам экөө тең бири-бирин колдоп турушкан. Мен эгиздин түгөйүмүн. Бир жаштан өтүп калганыбызда апам бизди алып Москвада өтүүчү фестивалга жолдошу менен кошо барган. Кечке иштеп чарчаган апамды "уктап алсын" деп аяган атамдын кыздарын бульварда сейилдетип жүргөнүнөн эле экөөнүн бири-бирин колдогонун билсек болот. Тасма тартууга, фестивалдарга дайыма бизди ээрчитип, белгилүү адамдардын баарлашканын угуп калдык. Кээде апам бошобой жатканда кесиптештери бизди ойнотуп каралашчу. Үйдө ата-энемдин ортосунда сый-урмат болгону үчүн экөө тең ийгиликке жетише алышты. Атамдын туугандары апамды аябай жакшы көрүп, ушул убакка чейин эскерип турушат. Мен чоң атамды да, таятамды да көргөн жокмун. Анткени бирөө репрессияланып кетсе, экинчиси согушта курман болгон. Атамдын апамдын ишине кийлигишкенин эч качан көргөн эмесмин. Атам "врач — дүйнө таанымы кенен, интеллекти бийик адам болушу керек" деп дайыма мединститутка искусство адамдарын чакырып, студенттер менен жолуктуруп турган. Апам буга жардам берчү.
© Sputnik / Александр ФедоровКинорежиссер, заслуженный деятель искусств Киргизской ССР Лиля Турусбекова
Кинорежиссер, заслуженный деятель искусств Киргизской ССР Лиля Турусбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
А.Ж.: — "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын катарында Лиля Турусбекова да бар. Анткени аялдардан чыккан алгачкы режиссёр катары өлкөнү дүйнөгө таанытты. Кичинекей эл болсок да союз учурунда биздин тасмаларды көрүп баары суктанышкан. Азыр деле кыргыз киносу токтоп калган жок, бирок мамлекет ошол учурдагыдай колдоо көрсөтпөйт. Учурда даректүү тасма менен көркөм тасманын айырмасын билбегендер бар. Даректүү тасмаларды тартууда айлап командировкалап жүрөсүң. Лиля эже да кыздарын алып тик учак менен Кыргызстандын кооз жерлерин тасмага түшүрүп, тынбай иштеген экен. Негизи даректүү тасма тарткан режиссёрлор экинчи планга жылып кетет жана бул тармак көп популярдуулукту алып келбейт. Бирок Лиля эженин убагында бааланганына кубандым.
— 90 жылдыгына карата дагы кандай иш-чаралар жасалды?
А.Д.: — Учурда көркөм сүрөт галереясында Лиля Турусбековага арналган көргөзмө өтүп жатат. Ал 11-июнга чейин уланат. Өмүр баяны, тасмадагы көз ирмемдер жана иш үстүндө тартылган сүрөттөр жайгаштырылган. Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын режиссёру Гани Кудайберген да апам тууралуу даректүү тасма тартты. Буга чейин Ракия Шаршенова дагы тарткан.
Тайлак баатырдын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Кокондун эзүүсүнөн элди сактап, кыздарды коргогон. Тайлак баатырды эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0