65 жаштан өткөндө көп кездешет. Деменциянын алдын алуу жолдору

© Фото / Pexels / cottonbro studio Таяк кармаган кары киши. Иллюстративдик сүрөт
Таяк кармаган кары киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Деменциянын кесепети андан жабыркаган адамга гана эмес, аны караган кишиге, үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиери айтылды. Алар психологиялык, социалдык жана экономикалык жактан жабыркашат.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору бул ирет адамдын эс-тутум, ой жүгүртүү, акыл-эсинин туруктуулугуна таасир этчү деменция тууралуу маалымат берип, анын алдын алуу жолдорун тизмектеди.
Билдирмеде жазылгандай, деменция – бул адамдын психикалык жактан жабыркашы, ой жүгүртүү жөндөмүнүн бузулушу. Деменция көбүнчө адамдын жаш курагы өткөн сайын көп кездешет.
Деменциянын пайда болуу коркунучун жогорулаткан факторлорго төмөнкүлөр кирет:
жаш курагы (65 жаштан жогорку курактагы адамдарда көбүрөөк кездешет);
кан басымдын жогорулашы (гипертония);
кандагы канттын көп болушу (кант диабети);
ашыкча салмак же семирүү;
тамеки тартуу;
спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү;
кыймылдын жетишсиздиги;
социалдык обочолонуу;
депрессия.
Деменциянын оор таасири бир гана андан жабыркаган адамга эмес, аны караган кишинин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн да саламаттыгына, психологиялык, социалдык жана экономикалык абалдарына да тиет.
Алгачкы белгилери:
эске тутуу начарлап, акыркы окуяларды унута берүү;
буюмдардын кайда экендигин эстей албай, аны таба албай, койгон жеринде унутуп, жоготуп алуу көрүнүштөрү көп кайталанып калат;
сейилдөөдө же унаа айдап баратканда багытты кыйшайта берүү;
мурда басып жүргөн эле жерлерде адаша берүү;
убакыттын канча болгонун биле албай калуу;
көйгөйлөрдү чечүүдө же чечим кабыл алуудагы кыйынчылыктар;
кепти улап сүйлөө жөндөмүнүн бузулушу же сөздөрдү табуу кыйынчылыгы;
дайыма эле жасап жүргөн жумуштарды жасоодо кыйналуулар.
Деменция диагнозу коюлган адамдын оору менен күрөшүүсү үчүн ыкмалар:
активдүү кыймыл;
туура тамактануу;
тамеки менен спирт ичимдиктерин таштоо;
дайыма дарыгердин кароосунан өтүү;
күнүмдүк тапшырмаларды жана пландаштырылган жолугушууларды жазып алыңыз, бул маанилүү маселелерди унутпоого жардам берет;
ырахат тартуулай турган хоббилерден баш тартпаңыз;
акыл-эсти күчтөндүрүүчү жаңы нерселер менен алектениңиз;
достор, үй-бүлөгө көбүрөөк убакыт бөлүп, коомдук жашоого аралашыңыз.
Төшөктө кары киши отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Эмне үчүн улгайган сайын уйку качат? Адистин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0