00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:08
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эркектер галстук тагынбай эле койгону оң. Катуу ысыкта эске алчу эрежелер

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКөчөдө турган костюмчан адам. Архив
Көчөдө турган костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
ӨКМ аптаптуу аба ырайында ден соолукка абайлап мамиле кылууну жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарып турууну эскертти.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-9-июнда республикада күн катуу ысып, бир катар облустарда ысык +40 градуска жетерин маалымдады.
"Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуңуз. Кан басымы жогорулар, жүрөгү ооругандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыкпай турганы оң. Өсүмдүктөрдү тез-тез сугарып туруу зарыл", — деп айтылган маалыматта.
Адистердин айтканына таянуу менен ысыктан коргонуу боюнча кеңештерди тизмектедик:
күн нуруна турбаш керек. Колдон келсе көлөкөдө басып, көчөгө көп чыкпаганга аракет кылган оң;
саат 12:00дөн 17:00гө чейин күн ачуу тиет. Бул учурда мүмкүн болушунча салкын жерде жүрүү сунушталат. Бул убакыт аралыгында көчөгө чыга турган болсоңор баш кийим кийип же кол чатыр колдонуу зарыл;
өнөкөт оорусу жоктор суюктукту көбүрөөк ичиши керек. Бирок суу өтө муздак болбошу зарыл. Антпесе тумоолоп калышыңыз ыктымал;
жашылча-жемишти көп жеген оң. Өзгөчө бадыраң, помидор, апельсин, өрүк, алма, дарбыз, коон. Мөмө канчалык ширелүү болсо, ал организмге ошончолук суюктукту керектүү өлчөмдө берет;
кондиционер же вентилятор колдонуңуз. Бирок анын шамалына отурбаш керек, болбосо ооруп каласыз;
ачык түстө, жеңил кийим кийген оң. Эркектер зарыл болбосо галстук тагынбай эле койгону жакшы. Себеби ал кан айланууну начарлатат;
оор иштерди кыскартып, мээге көп күч келтирбеш керек;
чөптө 10-15 мүнөт жылаңайлак басып койсоңуз кан айлануу жакшырып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз;
балдарды күнгө көп чыгарбаш керек. Эшикте ойноп жатканда сөзсүз баш кийим кийгизүү зарыл.
Аптаптагы тамактанууга келе турган болсок, россиялык диетолог Мария Аплетаева ысыкта эт азыктарын рациондон алып салган оң экендигин айтат. Анткени алар организмге көптө барып сиңип, ысыкта метаболизм начарлайт. Врач курамында суюктук жана С витамини көп болгондуктан жайкысын жер-жемиш менен көп азыктанып, балык, канаттуу этин жана деңиз азыктарын да четте калтырбоону кеңеш кылат.
Түшкү тамакта жашылчадан жасалган шорпо ичип, окрошка даярдаганда колбасанын ордуна канаттуунун этин пайдалануу сунушталды. Ал эми эртең мененки тамакка жер-жемиш кошулган омлет жасаган оң. Мындан тышкары, ысыкта суусап кан катып калбоо үчүн сууну көп ичүү керек. Ошондой эле ал кара чайдын ордуна көк чай, дары чөп жана жемиштер кошулган чай ичкен жакшы экендигин белгилеген.
Суши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Ысыкта тамак-ашка ууланып калбаңыз. Адистердин маанилүү кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0