Бай тилдин баркына жетпей, баба сөзүн унуткан муун болуп калбайлы...

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСалбуруун оюнун катышуучулары. Архивдик сүрөт
Салбуруун оюнун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Колумнист Шабдан Абылгазы уулу тилдин кадырын, баркын көтөрүү боюнча мамлекеттик деңгээлде жасалып жаткан аракеттерди колдоо менен бирге кийинки муунга азыркыга салыштырмалуу көркөм, бай тилди өткөрүп берүү үчүн кайрадан аракет кылчу убак келип жетти деген пикирде.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жакында эле ОшМУнун студенттеринин суроолоруна жооп берип жатып "кыргызча сүйлөп анан кыргызча котором" деди. Мисал катары ал "кераяк кеп жебегендер чогулуп алып, жөөлөшкөн ой тутумду билдиргендер туш-туштан мени кашаалап келе жатасыңар, жанды кашайтпай элге түшүндүрөр адамдар барбы?" деген соболду салып, эмнени айтканын сурады. Албетте, аны өзү "азыркы кыргыз тилге" которуп "мээси иштебегендер чаржайыт ой айтууда, аны таркатпай ошол жерде калтыруу керек" деген маани экенин чечмелеп түшүндүрүп берди.
Мына ушундан улам жөнөкөй тилди түшүнбөй калган учурдагы муун, каймана айтылган кепти түшүнүп, өтмө маанидеги сөздү кабыл алабы деген ой түйшөлтпөй койбойт. Тилекке каршы, азыр кыргызча айтканыңды мамкатчы айткандай кайра майдалап түшүндүрүп берүү зарыл болгон заманда жашап жатабыз. Буга эмне түрткү болду жана мындан эмнени жоготтук?

Оозеки бай, жаза келгенде "жарды" тил

Христиан дининде "алгач сөз жаралган, ал сөз Кудай болчу" делсе, исламда алгачкы түшкөн аят "оку" деп берилген, кыргызда "алгач сөзүнө, анан өзүнө баа берилет" деп айтылат. Чынында адамзатынан өнүгүп азыркы технологиянын заманына жетишине сөздүн орду эбегейсиз. Өзгөчө, кыргызда негизинен ата-бабалардын мурасы, акыл-насааты оозеки сакталгандыктан, анын баа-баркы абдан жогору.
Азыркы тапта тил үйрөнүү максатында интернетке кирсең "ушул 2000 сөздү жаттасаң, англисче түшүнүп каласың" же "бул 1500 сөздү билсең, испанчаны билгениң" таризиндеги жарнамалар менен сөздүктөр жайгаштырылган. Чынында адистер кайсы бир өлчөмдөгү сөздөрдү үйрөнүп, эрежесине ылайыктап ошол тилди алып жүргөн чөйрөдө жашап кетсе болорун айтып келишет. Бул эне тили бөлөк адамдарга карата колдонулган ыкма десек болот. Ал эми Кыргызстанда өз эне тилибиз болгон кыргыз тилинде коом болбосо дагы көпчүлүгү (акын, жазуучу, гуманитардык багыттагылардан башкалары) чектелүү гана сөздөрдү күнүмдүк турмушта, медиа айдыңда колдонууга өткөндөйбүз. Мындан тышкары, жаштар арасында экөөнүн бири сөгүнгөн сөздү колдонуу модага айланганын эске алсак, диалектикалык сөздөрдү кошкондо 100 миңге чукул (Константин Юдахиндин сөздүгүндөгү 51 миң, Жээнбай Муканбаевдин диалектикалык сөздүгүндөгү 32 миң) сөз байлыгыбызды толук колдонуп жатканыбызга күмөнүм бар.
Замандын, технологиянын өнүгүүсү менен кирип келген түшүнүктөрдү кабылдабай, аргасызданбы, айтор, "жалпак тил" деген түшүнүк кирди. Башкача айтканда, кыргызча жазылган текстти дагы жөнөкөйлөтүп жазуу стили актуалдуу. Муну менен алгач окуп, көрүп, угуп жаткандардын кайсы бир түшүнбөгөн сөздү өз алдынча изилденип, түшүнүүгө аракет кылуусуна бөгөт коюлду. Экинчиден, ошол бойдон карапайым окурман кайсы бир кабыл алууга же түшүнүүгө оор болгон сөздү билбеген боюнча калуусуна шарт түзүлдү. Анан ошол коомдун алдына чыгып сүйлөп, үйрөтүп, агартып кете турган журналисттер, жазмакерлер өзүбүз тантыганыбыз аз келгенсип, айрым сөздөрдү болушунча жөнөкөйлөтүүгө аракет кылып, ошол коомго аралашып кеттик. Жазмакерлердин негизги милдети коомду агартуу болгонун унута түшкөндөйбүз. Рынок талабы деген ойду карманып, демократиянын деми менен "талап" деген түшүнүккө баш ийип бергендейбиз. Бул бурулбай туруп артын салып басып бараткан кишини элестетет. Мына ушул тенденциянын кыйыр, а балким түз таасиринен улам "жалпак тилден" сырткары кыргыз тилинин "түрлөрү" пайда болду. Анткени токулган токтомдор, жазылган мыйзамдар, тескерисинче, адам түшүнбөй кала турган эрежеге ылайыкташса, муну биз иш кагаздар тили деп калдык. Андан кийин адабий тилибиз көркөм тил деген термин менен алмашып, адабий чыгармаларды көркөм тилде жазылган текст катары кабыл ала баштадык. Тилекке каршы, мунун түбү азырынча көрүнбөгөнсүйт. Ал эми ката жазуу, сөздү, макалды туура эмес учурда, анан анын мааниси туура келсе-келбесе дагы колдонулган учурлар тууралуу сөз кылбай эле коёлу.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Радио
Осмоналиев: ушул кезге чейин кыргыз тилинин корпусу түзүлгөн эмес

Каймана сөздү түшүнбөй кайсалап калган муунду калыптандырбайлы

Анткен менен кыргыз тилинин бай экендиги андагы сөздүн саны менен чектелбейт. Анткени тилдин угумдуулугун, көркөмдүгүн жана өзгөчөлүгүн арттыруучу ыкмалардын бири — түрк тилдеринде эң кеңири деп эсептелген фразеологизмдердин (саны 8 миңден ашуун) колдонулушу. Алар кандайдыр бир деңгээлде сөздү жумшартууга же болбосо сөздүн көркөмдүгүн жакшыртуучу ыкма болуп саналат. Мисалы: боорум ооруду - аядым, боорго тепти – жамандык жасады, жакшылыкты билбеди, боорум – бир тууганым, боорум эзилди – аябай күлдүм жана башка.
Мындан тышкары, сөздү колдонбой эле ишарат, жүрүм-турум жана аракет аркылуу түшүндүрүүчү каймана түшүнүктөр кездешет. Маселен, илгери аталарыбыз бир жерге меймандап барганда жаздыктын жапыз коюлганынан кете турган учур болгонун аңдаганы айтылат. Ал тургай камчыны көтөрүп киргенине жараша адамдын кандай ниет менен үйгө кирип келе жатканы билинген экен. Ошол эле учурда итке, кушка, жаныбарларга, буюмга тийиштире айтып, бирок адамга карата айтылган каймана сөздөрдүн тизмеси кеңири. Мисалы: иттей сулуу – аябай сулуу, торпок кезинен сүзүү – бала кезинен тарбиялап коюу, кыраандай канат жаюу – өзүн эркин сезүү жана башка. Ушул сыяктуу билинбеген, майда көрүнгөн, бирок кайсы бир улуттун же чөлкөмдүн гана элине таандык өзгөчөлүктөрдү кийинки муунга өткөрүп берүүдө чабалдык кылгандайбыз.
Кыргызда бетке түз айткан, каймана, ал тургай өтмө мааниде сүйлөй турган учурлар ар башка. Кичинекей кезде ханзааданын дүйнөдөн өткөнүн комуздун үнү менен жеткирген уламышты көп угат элек. Ал окуядагы аракеттерди кайсы бир деңгээлде адеп кармоо, бүгүнкү терминди колдоно турган болсок "субардинацияны сактоо" катары сыпаттасак болот. Ошол эле учурда бетке, ал тургай сөөккө жеткире айткан учурлар дагы кездешкен. Маселен, Байтик соодагерлерге берип жиберген делинген "Айсарынын арманында" же болбосо кокондуктар туткундады делген кыздын "Тайлак баатырга кайрылуусунда" ачуу, намыска тие тургандай сөздөр колдонулган. Хандан, бектен тартынбай бетке айтчу учурда болгонун болгондой айтса, улуу же даражасы жогору кишиге акаарат келтирбеш үчүн астейдил өтмө мааниде сүйлөгөн учурлар кездешет.

Жыйынтыктап келгенде

Арийне, жогоруда айтылган көйгөйлөр жалпы элге таандык эмес. Балким, коомдун кайсы бир бөлүгүнө гана тиешелүү болушу ыктымал. Анткени бул күнүмдүк байкоолордон алынган бүтүм экенин эске сала кетүү абзел. Ошентсе дагы соңку учурда тилдин кадырын, баркын көтөрүү боюнча мамлекеттик деңгээлде жасалып жаткан аракеттерди колдоо менен бирге кийинки муунга азыркыга салыштырмалуу көркөм, бай тилди өткөрүп берүү үчүн кайрадан аракет кылчу убак келип жетти. Ошондуктан бир канча элдин тилин билүүгө умтулуп, бирок ошол эле учурда эне тилди ар бирибиз изилдеп, анын уникалдуулугун сактап кийинки муунга өткөрүп берүү вазыйпасын аткарууга аракет кылсак деген изги тилек менен сөзүбүздү жыйынтыктайлы.
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Радио
Мураталиев: кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн системалуу иштер керек
Жаңылыктар түрмөгү
0