Европа Куралдуу күчтөр тууралуу келишимдин денонсацияланышы үчүн жооп берет

© Фото / U.S. Marine Corps / Cpl. Yvonna GuyetteНАТОнун деңиз флотунун машыгуулары. Архив
НАТОнун деңиз флотунун машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
Келишимдин бузулушу Путиндин Мюнхендеги кайрылуусунан да олуттуу белги болушу мүмкүн.
Владимир Путиндин Кадимки куралдуу күчтөр тууралуу келишимди (ДОВСЕ) денонсациялоо боюнча чыккан жарлыгы кансыз согуштан кийин америкалыктар менен чогуу курган коопсуздуктун архитектурасын биротоло жок кылды. Кырдаалга сереп салган Дмитрий Бавыриндин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Эми ар ким өз аймагында ДОВСЕде каралган чектөөлөрдү эсепке албастан каалаганча куралды каалаган жерине жайгаштыра бере алат. Владимир Путин башка жарлыгы менен 2007-жылы эле Россиянын аталган келишимге катышуусун токтоткон, демек, Москваны акыркы 15 жылдан бери чектей турган нерсе деле жок. Эгер кечээ жакында кол коюлган жарлык менен биротоло чекит коюлса, биринчи документ — коңгуроо эле, Россия менен Батыштын ортосундагы азыркы оңой эмес кырдаал Путиндин 2007-жылы Мюнхен жолугушуусундагы сөзүнөн кийин түзүлдү деп эсептесек, экинчи эскертүү десек болот.
Саясат үчүн 15 жыл — узак убакыт, бирок ансыз да иштебей турган нерседен мыйзам чегинде баш тартуу жөнөкөй формалдуулук эмес, керек болсо Мюнхендеги кайрылуудан да олуттуу белги болушу толук мүмкүн. Эгер Вашингтон менен Брюссель бул кайрылууну убагында көңүл коюп укса, ДОВСЕни сактап калууга мүмкүн болмок, ага Россиянын катышар-катышпасы анча маанилүү болмок эмес. Таптакыр башка шартта жашамакпыз: НАТО кеңейем демек эмес, Украинада согуш оту тутанмак эмес, санкциялар салынмак эмес, айтор, тизме узун. Бирок Батыш башка жолду тандап алды.
ДОВСЕ дүйнөлүк маанидеги документ эле: Европанын тарыхында биринчи жолу коргонуу тармагында ушундай ачык-айкындуулук орноп, куралдануу боюнча жарыш токтогон, үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу сөздөр мифке айланып, бейкуттук өкүм сүрө баштаган эле. Келишим ДОВСЕ боюнча алган милдеттемелерине карабай НАТОнун чыгышка карай кеңейе башташынан кийин Батыштын Россияны ооздуктоочу элементине айланды.
Прибалтика республикаларынын келишимге кошулбай койгону Россия үчүн ДОВСЕ схемасындагы негизги кооптуулук болуп калды. Аларды кошууга Вашингтон менен Брюсселдин дарамети жетмек. Ошентип келишим Россияга чектеш болгон НАТО мамлекеттерине каалаганча курал-жарак жайгаштырууга жол ачып берип, ал эми Москвага чектөө киргизди. Демек, ДОВСЕ эрежелерин сактоо — Россиянын өзүн-өзү акырындап өлтүрүүсүнө тете эле.
Россия үчүн маанилүү нерсенин баары 2007-жылы эле болгон. Ал эми Батыш үчүн азыр гана — келишим токтотулуп тим болбостон денонсацияланганда башталууда. Ооба, Москва аны 16 жыл бою көз жаздымда калтырып келди, бирок бул убакыттын ичинде келишимге президенттин бир эле жарлыгы кайра кайтарып коймок. Эми артка таптакыр жол жок: Европаны кайрадан демилитаризациялоо үчүн жаңы макулдашуу түзүп, кол коюп, ратификациялоо керек. Бул дагы дүйнө тарыхындагы маанилүү учур болуп калмакчы. Жүрүп жаткан кансыз согушту дал ушундай кадам токтото турган болуп калды шекилдүү.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Путин: Батыш экономикалык диктат менен өз тамырына балта чаап жатат
Мезгил өтөт, бул согуш да токтойт. Континенттеги коңшулар менен чырдашууга караганда кызматташуу пайдалуу экенин эч ким талаша албайт. Кызматташуу — бул норма, ал эми жаңы дүйнөлүк согушту шарттай турган саясий конфликт — өтө кооптуу аномалия. Азыркы аномалия АКШнын Европага болгон ашкере таасиринен улам келип чыкты. Дал ушул таасир, дал ушул кийлигишүү коопсуз, курал-жарагы жок Европа тууралуу кыялдын таш-талканын чыгарды.
АКШ азыр тынч албайт. Бирок Европа америкалык таасирге канчалык катуураак каршылык көрсөтсө, ошончолук эртерээк эсине келиши мүмкүн. Процессти ДОВСЕнин токтошу да тездетиши толук ыктымал. Кандайча дейсизби?
Евробиримдик өлкөлөрүнүн эли кансыз согуш кымбатка түшөрүн азырынча аңдай элек, билгендери, тилекке каршы, унута түшкөн өңдүү. Россия менен экономикалык тирешүүдөн тарткан чыгымдар — башталышы гана. Коргонууга кетчү каражатты үнөмдөө социалдык тармакка миллиарддаган евро алып келген мезгил өттү. Мунун ордуна чыгымды азайтып, салыкты көбөйтүп, армияда кызмат өтөө керек болуп турат. Баса, акыркы бир жылда Прибалтикада армияны кадимки калыбына келтирүү аракеттери башталды.
Россия менен улам кайталанган тирешүү Европанын бакубат жашоосун четинен керте берет, акыры баарынан тажап, абалды өзгөртүүчү бирөө-жарым чыгат. Россиянын ири рыногуна жеткиликтүүлүк жана ал жактан энергоресурс алуу үчүнчү дүйнөлүк согушка акча коротууга караганда алда канча пайдалуу деген ойду четке кагууга болбойт.
ЕБ лидерлери муну азыр деле түшүнүп турган чыгар, бирок Россияны талкалоого багыт алып алышкан. Каршылаштардын оюнда кыйроодон кийин бийликке Европага ыктаган өкмөт келип, Россия үчүнчү даражадагы көз каранды мамлекетке айланат. Ушундай болгон учурда гана европалыктарга жакпаган көп нерсени биротоло жокко чыгарууга болот. ДОВСЕге да бир жарлык менен кайтаруу мүмкүн. Эми буга жол жок.
Тынчтыкка кайтаар жол катаал болот. Аймактарды бөлүштүрүү, ишенимди кайтаруу, бир континентте чыр-чатаксыз жашоого мүмкүнчүлүк берген ДОВСЕ сыяктуу келишим үчүн толгон-токой мамлекеттер аралык макулдашуулар турат.
Ушул узак жана татаал жолдо АКШ чындап көрчүсүн көрүп, чарчап-чаалыгып, акыры четтеп кетиши мүмкүн. Европа үчүн зарыл болгон процесстер ошондон кийин тездейт. Бирок ага чейин Россия көп нерсеге туруштук бериши керек, анткени ортодо баягы эле талкалап жок кылуу, геосаясий утулууга жана саясий өз карандылыкка кептөө каралган "А планы" турат.
Азыркы кансыз согуштун токтошу үчүн Россия өзүнө каршы жүрүп жаткан кадимки согушта жеңүүчү болуп чыгышы керек. Бирок кансыз согушта жеңишке (же жеңилүүгө) биргеликте гана жетүүгө болот. Анткени согуштун аякташы, башкача айтканда, жаңжалдашуудан кызматташууга өткөн учур гана жеңиш боло алат.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Россия падышалар менен совет бийлигинин кылымдап көксөгөн кыялын орундатты
Жаңылыктар түрмөгү
0