Россия падышалар менен совет бийлигинин кылымдап көксөгөн кыялын орундатты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Ушу тапта Москва менен Пекиндин жакындашуусу тууралуу көп сөз айтылууда, негедир Иран менен алака четте калып калгандай.
2023-жылдын 17-майы масштабы боюнча соңку тарыхка камтылары шексиз, профилдик ЖОЖдор үчүн чыккан экономика боюнча китепке да өзүнчө глава болуп кирип калышы толук мүмкүн. Бул күнү Владимир Путин онлайн режимде ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен Решт — Астара темир жолунун курулушуна старт берди. Долбоор жакынкы келечекте Россиянын бир жарым кылымдан берки жетекчилеринин тилеген тилегин орундата турган болуп калды дейт журналист Сергей Савчук. Материалды РИА Новости жарыялады.
Бул окуянын алдында Тегеранга Россиянын вице-премьери Александр Новак, транспорт министри Виталий Савельев, Борбордук банк жетекчисинин орун басары жана Бажы кызматынын жетекчисинен турган топ барган. Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали аталган долбоордун алкагында кийинки жумада Иранга Элвира Набиуллина келерин айтты. Россия делегациясынын курамы окуянын Москва үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турса, конокту чоң сый менен тосуп алган Иран да долбоорго катуу кызыкдарлыгын туюнтту.
Толугу менен ислам республикасынын аймагынан өтчү Решт — Астара тилкесинин узундугу болгону 162 чакырым, бирок бул аралыкты аз дегендер катуу жаңылышат.
Кавказ темир жолунун (ал убакта Поти-Тифлисс) курулушу 1865-жылы башталган. Император Александр II жана такка андан кийин отургандар жолду Кавказдын тоолорун кесип өтүп түштүктү көздөй созууга далалат жасашкан. Россия менен Персияны кургактык аркылуу бириктирүү ал кезде акылга сыйгыс кыял эле. Курулуш Биринчи дүйнөлүк согуш маалында да токтогон эмес, 1917-жылдагы революцияда темир жол Сочиге чейин келип, Арменияны кесип өтүп, Түркия менен Бакуга жеткен.
Революциядан кийин большевиктер ишке шымалана киришти. 1925-жылы трасса Армениянын Ленинаканына, Грузиянын Цхалтубасына чейин жетет, 1940-жылы маршрутка Осетиянын Цхинвалы менен Абхазиянын Сухумиси кирет да, 1949-жылы Адлер станциясынын ачылышы менен токтоп, Кавказ темир жолу деген аталыш алат. Бирок кийин иш солгундап, 1991-жылы темир жолдун эки учу катары Армениянын Ленинаканы менен Азербайжандын Ленкорань шаарындагы Нихичевань станциясы белгиленип калды.
Москвадагы Кызыл аянттын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Россия дүйнөнүн күчтүү 10 экономикасынын катарына кайтты. Рейтинг
Ушу тапта Москва менен Пекиндин жакындашуусу тууралуу көп сөз айтылууда, негедир Иран менен алака четте калып калгандай. Өткөн жылдын декабрында америкалык Bloomberg Москва менен Тегеран бир нече транспорттук коридор куруп жатканын, анын ичинде Астрахань менен Дагестан аркылуу Астара, ‎Энзели,‏ ‎Ноушехр, ‎Амирабад портторуна кирген деңиз жолдору жана биз кеп кылып жаткан Решт — Астара темир жолу бар экенин айткан. Кокусунан эле АКШнын жана жалпы дүйнөнүн катаал санкциясында отурган перстер темир жолду түштүктөгү Бендер-Аббас жана Чабахар портторун көздөй тартып жатканы ачыкталып калды. Курулуш бүтөрү менен Россиядан түз эле Тегеранга да эмес, керек болсо Азиядагы эң ири товар-логистикалык түйүн болгон Индиянын Мумбаи портуна жетүүгө да жол ачылат.
Темир жолдун өлчөмү менен караганда өтө кыскадай көрүнгөнү менен Решт — Астара жолуна мына ушул себептен улам катуу көңүл бурулуп, курулушуна эки өлкөнүн биринчи адамдары көз салууда.
Бул жерде Кавказга байланыштуу кошумчалай кетчү нерселер бар.
Биринчиден, Москванын Армения менен Азербайжанга ортомчу болуу аракети түшүнүктүү боло баштады. Кремль үчүн Азияга кеткен ишенимдүү транспорттук коридордун болушу абдан маанилүү, ал эми бул үчүн жол өткөн региондо тынчтык жана туруктуулук өкүм сүрүшү кажет. Экинчиден, бүгүнкү күнгө чейин Грузиядан өткөн жолдун бир бөлүгү пайдаланылбай келет. Албетте, Тбилисинин Россияга ниети түз эмес, анткен менен бир жарым жыл ичинде Москвага карата бир да санкция киргизген жок, ал эми Владимир Путин жакында эле күтүүсүз эки өлкөнүн авиациялык байланышын жандантты. Муну чагымчылык деп атаган Саломе Зурабишвилинин нааразычылыгын парламент көз жаздымда калтырып койду, демек, резервде Түркиянын Эрзурумуна алып барган грузиялык транзит бар. Бирок бул тууралуу кийин сөз кылабыз.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Россия жана Ирандын ортосундагы соода рекорддук көрсөткүчкө жеткенин да айта кетүү керек. Россиянын Ирандагы элчиси Алексей Дедов ал 15 пайызга жогорулап, жалпы баасы 4,5 миллиард долларга жеткенин билдирди. Россия түштүккө Ирандын нефть жана газ өндүрүшүнө аба менен суудай зарыл болгон жабдуу, өлчөөчү аспаптарды жеткирүүдө. Кайра Тегерандан азык-түлүк, курулуш материалдары, желим жана кара металл келет.
Ушу тапта Россия менен Ирандын ортосундагы жүк Балтикадан чыгып, Түндүк деңизден өтүп, Франция, Испания, Жер ортолук деңиз жана Суэцкий каналы аркылуу чоң жолду басып өтүүдө. Жогоруда айтылган Мумбаи портуна жетүү үчүн кемелер 14 миң чакырымдан ашуун аралыкты сүзүп өтүшөт, буга орточо 40 күн кетет. Эми Кавказ жана Иран аркылуу кеткен кыска жол ачылса маршруттун узундугу үч миң чакырымды түзүп калат.
Эмне дейбиз, иш илгерилей берсин!
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жаркын жашообу же колониябы? Евробиримдикке кирчү постсоветтик өлкөлөрдү эмне күтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0