https://sputnik.kg/20230524/internet-gaz-salyktarga-zhenildik-myjzam-dolbooru-1075588190.html
Интернет, газ, салыктан 50%дык жеңилдикти кимдер ала алат? Мыйзам долбоору
Интернет, газ, салыктан 50%дык жеңилдикти кимдер ала алат? Мыйзам долбоору
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев турак жайларга жашыл техникалык паспорт бере турган мыйзам долбоорун сунуштоодо. 24.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-24T14:02+0600
2023-05-24T14:02+0600
2023-05-24T14:02+0600
радио
экология
мыйзам долбоору
марлен маматалиев
кыргызстан
интернет
газ
салык
https://sputnik.kg/img/07e7/05/18/1075588729_0:137:3067:1862_1920x0_80_0_0_dc51ec9032318953b1fa0aa05456d61d.jpg
Интернет, газ, салыктан 50%дык жеңилдикти кимдер ала алат? Мыйзам долбоору
Sputnik Кыргызстан
Интернет, газ, салыктан 50%дык жеңилдикти кимдер ала алат? Мыйзам долбоору
Турак жайларга жашыл техникалык паспорт берүүнү демилгелеген мыйзам долбоорунун максаты — өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.Ал ошондой эле мыйзам долбоору эл өкүлдөрү жайкы каникулдан келгенден кийин кабыл алууга чыгарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/18/1075588729_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_08238c3ce5bc6e92bd28444a92ba11a3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
экология, мыйзам долбоору, марлен маматалиев, кыргызстан, интернет, газ, салык, аудио
экология, мыйзам долбоору, марлен маматалиев, кыргызстан, интернет, газ, салык, аудио
Интернет, газ, салыктан 50%дык жеңилдикти кимдер ала алат? Мыйзам долбоору
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев турак жайларга жашыл техникалык паспорт бере турган мыйзам долбоорун сунуштоодо.
Турак жайларга жашыл техникалык паспорт берүүнү демилгелеген мыйзам долбоорунун максаты — өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу. Бул тууралуу Марлен Маматалиев
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.
"Ыш маселеси республикадагы шаарларда, өзгөчө борбор калаада курч. Аны азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу максатында биз мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Анда автомобилдерге жашыл номер берүү жана үйлөргө жашыл техникалык паспорт берүү каралган. Жашыл техникалык паспортту "Газпром" ишканасы көчөлөргө тартып кеткен аймактардын жашоочулары ала алат. Алар газды андан ары өз үйүнө тартып киргизсе кийин газдын акчасын төлөгөндө кетирген акчасынын суммасы чыкканга чейин жеңилдик берилет. Болбосо өкмөт киргизип берет, мындай учурда, тескерисинче, газдын тарифине акча кошулат. Ал эми газ киргизип, аны колдонуп, көмүр, чүпүрөк жана башка экологияга терс таасир этүүчү нерселерди жакпай калган жашоочуларга газдын эле тарифи арзандабастан интернет тартып киргизсе, кыймылсыз мүлккө болгон салыкта жана башка мамлекет тарабынан турак жайга байланыштуу көрсөтүлүүчү кызматтарга 50 пайызга чейин арзандатуулар каралат", — деди Маматалиев.
Ал ошондой эле мыйзам долбоору эл өкүлдөрү жайкы каникулдан келгенден кийин кабыл алууга чыгарын кошумчалады.