Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский "контрчабуул" үчүн Батыштан эмне сурап алды? Сереп

© AP Photo / Czarek SokolowskiPatriot зениттик ракеталык комплекси. Архив
Patriot зениттик ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилерине 16-майга караган түнү урулган россиялык ракеталык сокку "тыгыздыгы боюнча өзгөчө" экенин Киевдин аскердик администрациясы белгиледи.
Коомчулукка жарыяланган тасмалар да буталардын таамай талкаланганын, Батыш тартуулаган аба чабуулдарынан коргоочу каражаттар тутумунун майнапсыз экенин айгинелеп койду. Россиялык ракета менен жок кылынган техникалардын арасында америкалык Patriot да бар экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы Киевдин үстүндө айланган "бардык 18 ракета", анын ичинде алты гиперүндүүсү да атып түшүрүлгөнүн айтып, актанууга тырышты. Анткен менен атайын кызматтары Зеленскийге Европага саякатынан азырынча кайтпай туруусун айтып, антпесе өтө кооптуу экенин билдирген.
Иш жүзүндө аба чабуулунан коргоочу натолук каражаттар тутуму сактагандын ордуна, тескерисинче, коркунучту күчөтөт. Reuters менен Washington Post басылмалары НАТОнун зениттик ракеталары киевдик парктардан турак жай кварталдарына карай бет алганын даана көрсөттү.
Батыштын курал тартуулары Украинага өлүм менен кыйроону гана алып келүүдө. Буга жакында эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн Хмельницкийдин жанындагы 500 млн долларлык арсеналынын жок кылынышы таасын далил. Бирок киевдик режим кереметти күтүп, абалынын кыйындыгын моюнга алгысы жок. Зеленский кезектеги чет өлкөлүк сапарында эскилиги жеткен техникадан дагы бир топту сурап алды.
Улуу Британия Зеленскийге сокку уруучу 200 учкучсуз, 400 Storm Shadow канаттуу ракета берүүгө сөз берди. Эске салсак, мурда да ушундай бирдиктен 200дү бергени белгилүү.
Германия Киевге 2,7 млрд еврого: 20 Marder пехота машинасы, заманбапташтырылган 30 Leopard 1 A5 танкасын, 18 RCH 155 дөңгөлөктүү гаубица, 100 ок өткөрбөс, 200дөн ашуун чалгындоочу учкучсуз аппарат, артиллериялык дүрмөттөрдү, залптык октун реактивдүү тутуму үчүн ракеталарды жана аба чабуулунан коргоочу IRIS-T SLM комплексинен дагы төрттү (мурда да төрт бирдик берилген) бөлдү.
Франция Украинага ондогон AMX-10RC ок өткөрбөс чалгындоочу машинасын, 250 чакырымдык аралыкка ылайык SCALP-EG канаттуу ракеталарын берип, Украина Куралдуу күчтөрүнүн адистерин, анын ичинде истребитель учкучтарын даярдоону улантууну убада кылды. Франция президенти Эммануэль Макрон: "Эч кандай тыюу жок. Биз буга даяр бир катар европалык өлкөлөр менен биргеликте учкучтарды окутуу үчүн эшик ачтык", - деп билдирди.
Албетте, Россия мындайга, демек, сокку уруучу натолук авиацияны жок кылууга мурдатан даяр. Кошмо Штаттар Украинага аба чабуулдарынан коргоочу каражаттарга басым жасоо менен дагы 1,2 млрд аскердик көмөк көрсөттү. Эми Киевде талкалаганган Patriot зениттик-ракеталык комплекстери алда канча арта түшөрүн бөркүңүздөй көрүңүз.
Замбиректен атып жаткан украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын "контрчабуулун" жылдырууда
Батыш серепчилери Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдук аракеттери үчүн эң ириде 250 чакырымга ылайыкталган, 450 килолук салмактагы британиялык Storm Shadow канаттуу ракеталары менен камсыз болушу шарт экенин белгилешет.
"Бороондун көлөкөсү" деген бирдик – америкалык "Томагавктын" европалык аналогу. Британиялык-франциялык үндөн жай канаттуу ракетасы мурдагы кылымдын аягында тереңдеги же бекемделген командалык түйүндөрдү, душмандын башкаруу жана байланыш борборлорун, көпүрө жана өнөр жай имараттарын кыйратуу үчүн чыгарылган. 30-40 метр бийиктикте учат, навигациясы инерциялык, GPS жана TERCOM (жер-жерлердин картасы), крейсердик ылдамдыгы саатына 900 чакырымды түзөт. Натолук адистер Storm Shadow ракеталарын Украина Аскер-аба күчтөрү куралданган советтик Су-24, Су-27 жана МиГ-29 учактарынын борттук тутумдарына айкалыштырып беришкен.
Британиялык ракета кыйла дурус, бирок эски, радарларга байкалып калат. Украинадагы атайын аскердик операция зонасында аба чабуулунан коргоочу россиялык тутумдар өткөн суткада эле Storm Shadow ракеталарынан жети бирдикти жок кылды. Андан мурун, тагыраак, 12-майда Россия Аба-космостук күчтөрү украиналык Су-24 бомбалоочусу (Луганскиге карай Storm Shadow ракеталарын аткан) жана аны калкалаган Миг-29 истребителин жок кылды. Украиналык согуштук аракеттер театрында британиялык "көлөкөлөрдүн" дагы канчасы талкаланарын айтыш кыйын. Жалпы 3000 Storm Shadow ракетасы (бир даанасы 850 миң евродон) чыгарылган, алты жүз бирдик менен токтоп калбай тургандары да айкын. Киев баарын төлөп берет эмеспи.
Отуз чакты заманбапташтырылган Leopard 1 A5 немец танкалары сыртынан кыйла жакшы. Бирок Leopard 1 алтымыш жылдан бери колдонулуп келет (советтик Т-54 танкасынын аналогу), улам заманга бапташтырылып отуруп, андай дараметин да сарптап бүттү.
1986-жылы чыгарылган A5 модификациясы мурдагыларынан EMES-18 ок атууну башкаруу тутуму, өзүндө лазердик аралыкты өлчөгүч жана тепловизору орнотулган мээлегичи менен айырмаланат. 105 мм калибрдеги замбирек мурдагы кылымга таандык, октоо автоматы жок. Корпусунун ок өткөрбөстүгү чабал. Андай танкалардан бундесверде 1200дөй калган эле. Украиналык согуштук аракеттер театры дал ошол калдыктарды жок кылуу үчүн эң ылайыктуу вариант эмеспи.
Германия мурда да Украинага 40 Marder пехота унаасын берген. Бундесвер бул аскердик машина менен 1971-жылы куралданган эле. Эки орундуу, ок өткөрбөс мунарасы бар. 7,62 миллиметрлик бир пулемету менен командир жана мээлегич ок атса, экинчи 7,62 мм пулемету аралыктан тескөөгө ылайыкталып оңдолгон. Машинанын корпусу болоттон ширетилип, маңдайкы ок өткөрбөс жагы 20 мм дүрмөттөн коргойт. Анткен менен БМП-3 тирешип калса, немец унаасы соо калбасы айдан ачык.
2009-жылы Афганистандын аймагындагы согуштук аракеттерде колдонулган Marder анчейин деле ийгилик жарата албаганы белгилүү. 2010-жылдан тарта бундесверде анын ордун жаңы Puma баскан.
Storm Shadow зениттик ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британия Украинага алыскы аралыкка аткан дрондорду берүүнү чечти
Айтор, Украинада эми эскилиги жеткен немец унаалары жок кылынат. Буга катар эле бундесвер 1,2 млрд долларга Puma пехота унаасынан 50 бирдикке келишим түздү.
Франциялык AMX-10 RC чалгындоочу машинасынын мунарасында жылмакай стволдуу 105 мм курал орнотулган. Замбиреги 7,62 мм калибрдеги пулемет менен ширетилген. AMX-10RC кылдат бронясы ок, октун сыныктарынан гана сактап, ири калибрдүү дүрмөт, танкага каршы ракеталардан коргой албайт. 1976-жылдан бери эскирип деле бүттү, өндүрүшү да 1994-жылы токтотулган. Жалпы 450дөн ашуун AMX-10 RC чыгарылып, Франция аларды "Чөлдөгү бороон" операциясы, Африкадагы козголоңчуларды басууда пайдаланган. Мурдагы күнү Артемовскинин четинде 1978-жылкы британиялык FV103 Spartan БТРинин экипажы жана десанттары талкалангандай эле аталган "дөңгөлөктүү танканын" да жок кылына турган маалы келди көрүнөт.
"Украина Куралдуу күчтөрү аркылуу эски техникаларды жок кылуу" тизмегинде 54 чакырым аралыкка ылайыкталган, 155 миллиметрлик RCH 155 өзү жүрүүчү сынамык гаубицаларын (2025-жылга чейин болгону 18 бирдик чыгарылат), бундесвер азырынча куралдана элек IRIS-T зениттик-ракеталык комплексин (төрт бирдик тартууланган) да өзгөчө белгилеген оң. Украинада аталган немец куралдарынын үлгүлөрү "контрчабуул" башталбаган күндө да катуу сыналары турулуу.
Америкалык генерал Марк Хертлинг Washington Post басылмасындагы макаласында: "Чабуулдук операцияларга эбегейсиз күч, мыкты машыгуу, таамай мээлеп, бутасын талкалай атуу, ошондой эле жабдып, камсыздоонун кыйла узун жана ынанымдуу линиялары зарыл. Украиналык армия мындай масштабдагы эч нерсени аткара элек. Дасыккан, жакшы машыктырылган күчтөргө да чабуулдун бир нече чечүүчү түйүнүндө аскердик дараметти топтоо ого эле кыйын", - деп белгилеген.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" менен Батыш чоң тобокелге барууда. Себеби стратегиялык чечим кабыл алынган соң АКШ менен НАТОнун, анын ичинде алардын кол куурчагына айланган украиналык армиянын ички курамынын резерв, ресурстарын жапырт жок кылуу процесси башталат эмеспи. Анан да Украинаны колдоого АКШ Конгресси тарабынан бөлүнгөн бюджет жайды ортолоп барып түгөнөт (https://ria.ru/20230516/byudzhet-1872040104.html).
Ошентип быйыл кыштын аягында Украинадагы жаңжал да токтотулушу ыктымал. Утурумдук экенин боолголойм. Кандай болгон күндө да Батыштын киевдик режимге көрсөткөн көмөгү Украинаны демилитаризация жана денацификациялоону көздөгөн россиялык атайын аскердик операциянын милдет, максаттарын өзгөртө албайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Украиналык жоокерлер БТРде баратышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" акылга сыйбаган өңүт алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0