Концлагерде да багынбаган кыргызстандык жоокер. Согуш баатырларын издөө иши

Жазылуу
Эксклюзив
КР Коргоо министрлигинин ардагери, отставкадагы полковник Саламат Абдылдаевдин өлкөнүн аскердик тарыхын изилдөөгө кошкон салымы чоң. Ал Улуу Ата мекендик согуштун көмүскөдөгү баатырлары тууралуу архивден маалымат издеп таап, алардын ысымдарын тарыхка жаздырган.
Саламат Абдылдаев Алма-Ата шаарындагы жалпы аскердик командалык окуу жайдын бүтүрүүчүсү. Ал 1980-1981-жылдары Афганстандагы согушка катышып, оор жарадар болгон. Кан майданда көрсөткөн каармандыгы үчүн СССРдин Эрдик медалы менен сыйланган. Афганстандан кайткандан кийин Кыргызстандын аймактык аскердик комиссариатында иштеген. Улуу Ата мекендик согушта өзгөчө эрдик көрсөтүп, бирок көмүскөдө калган мекендештерди изилдөөгө кандайча кадам таштаганын баяндап берди.
"1980-жылдары мага Жумгал аскер комиссариатында иштеп жүргөн учурда жергиликтүү аксакал кайрылды. Агасы Акун Садырбаев Улуу Ата мекендик согуш учурунда каза болгон экен. Кан майданда өзгөчө эрдик көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатырлыгына сунушталды деген кагаз келген экен, ошону тастыктаган документтерди таап берүүбүздү өтүндү. Белгилүү жазуучу Шакин Эсенгулов экөөбүз архивден Садырбаев тууралуу документтерди издей баштадык. Чынында эле мекендешибиз Кавказды коргоодо өзгөчө эрдиги менен айырмаланган экен. Душмандар ага каршы удаа-удаа ыргыткан 16 гранатаны шамдагайлык менен жерге түшүрбөй кармап, кайра өздөрүн көздөй ыргытыптыр. Тилекке каршы, немецтер ыргыткан он жетинчи гранатаны кармаган учурда колунан жарылып кетип курман болуптур. Архивден бул эрдиги үчүн ал аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйланганы тууралуу маалымат таап, сыйлыкты инисине тапшырдык. Мындан сырткары, Садырбаев көзү тирүүсүндө Кызыл Жылдыз ордени жана Эрдик медалы менен сыйланыптыр. Жогорудагы аскердик сыйлыктарын бир тууганына өткөрүп бергенбиз", — деди Абдылдаев.
Ал Улуу Ата мекендик согушка байланышкан дагы бир таң каларлык окуяны айтып берди.
"Германиядан концлагерде туткунга түшкөн кыргызстандык аскердин документинин копиясы келди. Тилекке каршы, анын аты-жөнү эсимде жок. Бул документте аны фашисттер "Түркстан СС" легионуна өтүүгө сунуштаганы жазылыптыр. Бирок жердешибиз концлагердеги адам чыдагыс шартта жашаса да бул сунуштан баш тартып, багынбаптыр. Ушул документти согуштан кийин СССРдин контрчалгын кызматы (СМЕРШ) абдан тыкыр изилдеп, немец тилинен орус тилине которгон экен", — деди Абдылдаев.
Эскерте кетсек, Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Анын ичинен 152 миңден ашуун аскер кан майдандан кайтпай калган.
Тема боюнча:
Чоң атасын куттуктоого жетишпей калган небере... 9-майга карата ролик
Улуу Жеңишке кайраты, ар-намысы менен жеткен кыргызстандыктар. Сүрөт түрмөк
Жаңылыктар түрмөгү
0