Улуу Жеңишке кайраты, ар намысы менен жеткен кыргызстандыктар. Сүрөт түрмөк
Улуу Жеңишке кайраты, ар намысы менен жеткен кыргызстандыктар. Сүрөт түрмөк
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленип жатат. Төрт жылга созулган Улуу Ата мекендик согушта совет эли ташты жанчкан кайратын көргөзүп, гитлерчилер менен... 07.05.2023, Sputnik Кыргызстан
Колумнист Алмаз Батилов Советтер Союзу үчүн кыйын күндөр жөнүндө КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтердин негизинде сүрөт баяндама жасаган. Өкүнүчтүүсү — бул сүрөт түрмөктөгү кээ бир мекендештерибиз тууралуу толук маалымат жок.Тема боюнча:
Быйыл Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленип жатат. Төрт жылга созулган Улуу Ата мекендик согушта совет эли ташты жанчкан кайратын көргөзүп, гитлерчилер менен анын тарапташтарын талкалап, Улуу Жеңишке жетишкен.
Колумнист Алмаз Батилов Советтер Союзу үчүн кыйын күндөр жөнүндө КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтердин негизинде сүрөт баяндама жасаган. Өкүнүчтүүсү — бул сүрөт түрмөктөгү кээ бир мекендештерибиз тууралуу толук маалымат жок.
Болот Мукашев кыргыздын ичинен чыккан алгачкы офицерлердин бири. Ал Кыргыз атчандар полкунун штабынын жетекчиси болгон. Улуу Ата мекендик согуш башталганда Сокулук районунун аскер комиссары эле. Атчандар полкун курап, 1943-жылы Новгород чөлкөмүнүн Поддор районунда баатырларча курман болгон
Генерал Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Туу жана Ленин ордендери менен сыйланган. Генерал-майор Михаил Кутузов бул дивизиянын туусуна Ленин орденин тагууда. Тууну Панфилов дивизиясынын командири, гвардиянын генерал-майору Спиридон Чернюгов кармап турат. 1942-жыл
Польшанын Данциг шаарын бошотууга камынган советтик аскерлер командалык-көзөмөлдөөчү пункт орноткон. Танктарга сокку уруучу артиллериялык дивизиондун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы Эшен Чертанов (оң жактан экинчи) полктоштору менен. Ал өзгөчө эрдиги үчүн аскердик Кызыл Туу, эки ирет Кызыл Жылдыз, Улуу Ата мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1945-жыл
Сатар Жанталиев Аламүдүн районунун Орто-Сай айылынын кулуну. 1942-жылы Фрунзе жөө аскер училищесин бүткөн. 247-Рославль дивизиясынын 920-полкунун ротасынын командири болгон. Смоленск менен Варшава шаарларын фашисттик баскынчылардан бошотуп, ротасы менен Германиянын Лабус калаасын багындырган. Бул эрдиги үчүн Улуу Ата мекендик согуштун 1-даражадагы ордени менен сыйланган. Берлин шаарын алууга да катышкан. Үч ирет жаракат алып, эки жолу контузия болгон. Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн Улуу Ата мекендик согуштун дагы бир ордени, "Варшаваны бошотуу үчүн" жана "Берлинди алуу үчүн" медалдары менен сыйланган. Аскердик наамы ага лейтенант эле.