https://sputnik.kg/20230420/abu-dabi-kyrgyz-investment-aak-tuzuldu-1074596048.html
Өкмөт "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түздү
Өкмөт "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түздү
Sputnik Кыргызстан
"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 миллиард... 20.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-20T12:02+0600
2023-04-20T12:02+0600
2023-04-20T12:03+0600
кыргызстан
бириккен араб эмирлиги
компания
экономика
инвестициялар
https://sputnik.kg/img/07e7/04/14/1074595881_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_adf48b41adf092f684f8bd5829bb0a96.jpg
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы алаканы бекемдөө жана кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо максатында "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түзгөнүн кабарлады.Маалыматта компания артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестиция тартуу менен алектене турганы айтылат."Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 миллиард долларга чейин жетет. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5 пайызын түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 миллион доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.
https://sputnik.kg/20230412/dujnoluk-iri-banktar-kobojgondo-gana-investorlor-kelet-1074367417.html
бириккен араб эмирлиги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/14/1074595881_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_c2557642b3482a4890f5155b3b88fba8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бириккен араб эмирлиги, компания, экономика, инвестициялар
кыргызстан, бириккен араб эмирлиги, компания, экономика, инвестициялар
Өкмөт "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түздү
12:02 20.04.2023 (Жаңыртылды: 12:03 20.04.2023) "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 миллиард долларга чейин жетет.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы алаканы бекемдөө жана кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо максатында "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түзгөнүн кабарлады.
Маалыматта компания артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестиция тартуу менен алектене турганы айтылат.
"Мындан тышкары, "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ААКы инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.
"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 миллиард долларга чейин жетет. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5 пайызын түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 миллион доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.
Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, толук тексти менен
шилтеме аркылуу таанышууга болот.