Бердибаев: өзүмдү дүйнөгө Памир тоолорун даңазалоо үчүн келгендей сезем
Жазылуу
Акын Өскөнбай Бердибаев чыгармачылыгын колдоого кантип каражат табаарын баяндады.
Өзүм Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында төрөлүпмүн. Мен бир жашка чыкканда биздин айыл Тажикстандын Мургап районуна ижарага берилет. Кийин эгемендүүлүк алганда мургаптык кыргыздар мекенибизден бөлүнүп калганбыз. Бул тууралуу Өскөнбай Бердибаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бердибаев: өзүмдү дүйнөгө Памир тоолорун даңазалоо үчүн келгендей сезем
Анын айтымында, акын китептерин чыгаруу үчүн үй-бүлөсү менен талаада иштеп тапкан акчасын бөлөт.
"Биздин Сары-Могол айылы Советтер Союзу учурунда Тажикстанга ижарага берилип, 2003-жылдары кайра Кыргызстанга өткөн. Ошондон бери биз мургаптык кыргыздар кайрадан Кыргызстандын жараны болуп калдык. Ошентсе да балалыгым бүтүндөй Памир тоолорунда, Мургапта калды. Ошол жактан билим алдым. Бала кезимден эле тоолорду аралап, аларга абдан жакын өстүм. Ырларымдын дээрлик бардыгы Памир тоолору жөнүндө жазылган. Кээде менин миссиям ушул Памир тоолорун даңазалоо болсо керек деп ойлоном. Ыр жазганды мектепте окуп жүргөндө баштаганым менен, тартынчаактыгымдан дароо тытып салчумун. Кийинчерээк Ош шаарына келип белгилүү акын Турабай Жороевге көрсөттүм. Ал киши ырларым менен таанышкан соң, мага дем берип жакшы сөздөрүн айтты. Ошондо бир аз шерденип калгам. Жазгандарымды тытпай чогулттум. Кийин социалдык тармактарга жарыялап, элдин пикирин угуп, акырындап китеп чыгарууга бел байладым. Ошентип 40 жашка толгондо алгачкы китебим жарык көрдү. Учурда үч китептин авторумун. Аларды өз каражатыма басып чыгардым. Алайдагы үйүбүз өрттөнүп кеткенде кырсыктан күйүк алып калган кызымды дарылатуу максатында Сокулукка көчүп келгенбиз. Ал жакта дыйканчылык менен алектенем, башка дыйкандардын талаасына чыгып эмгектенебиз. Жети балам бар, алар менен талаадан 100 сом иштеп тапсак, анын 60 сомун менин чыгармачылыгыма жумшайбыз", — деди Бердибаев.
Ал жол жабылып калгандыктан Мургаптагы кыргыздар менен байланыш үзүлгөнүнө кейип, ал жактагы этникалык кыргыздарга жаңы адабияттарын жеткирүү зарылдыгын кошумчалады.