https://sputnik.kg/20230414/kusturizaciya-akcha-toguu-atyn-ataboo-1074434012.html
Жапаров: "кустуризация" менен акча төккөндөр суранган үчүн атын чыгарбай жатабыз
Жапаров: "кустуризация" менен акча төккөндөр суранган үчүн атын чыгарбай жатабыз
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы эгер кызыккандар кайрылса, баарын ачык көрсөтүп берерин убалады. 14.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-14T12:07+0600
2023-04-14T12:07+0600
2023-04-14T12:07+0600
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
акча
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07e6/06/15/1065454952_0:98:2799:1672_1920x0_80_0_0_08171316cd38353c70c566c7d4e226c4.jpg
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 2,5 жылда Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ мамлекетке 10 миллиард сомдон ашык каражат өндүрдү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.Анда журналист айрым саясатчылар мамлекетти талап-тоногондордон өндүрүлгөн акчанын жарым-жартылайы мамлекетке түшсө, калганы сол чөнтөккө кеткени туурасында айтып жатканы боюнча сураган.Президент буга чейин да айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде өздөрүнөн комиссия түздүрүп, текшертүү үчүн баарын ачып берели десе кайра өздөрү качып кетишкенин айтты.
https://sputnik.kg/20230414/ayu-ishkanasy-mamleketke-otup-zhatat-1074432835.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/15/1065454952_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_14b6d64bf22c5552b6051afb2e353476.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, акча, текшерүү
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, акча, текшерүү
Жапаров: "кустуризация" менен акча төккөндөр суранган үчүн атын чыгарбай жатабыз
Мамлекет башчы эгер кызыккандар кайрылса, баарын ачык көрсөтүп берерин убалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 2,5 жылда Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ мамлекетке 10 миллиард сомдон ашык каражат өндүрдү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Анда журналист айрым саясатчылар мамлекетти талап-тоногондордон өндүрүлгөн акчанын жарым-жартылайы мамлекетке түшсө, калганы сол чөнтөккө кеткени туурасында айтып жатканы боюнча сураган.
"Кимде-ким акча төгүп жаткан болсо бир тыйыны коробой, түздөн-түз республикалык казынага келип түшүп жатат. Кызыккандар комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн, кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага түшкөнү баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөнүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу, кызыкса кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып "кусундулардын" баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт", — деди Жапаров.
Президент буга чейин да айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде өздөрүнөн комиссия түздүрүп, текшертүү үчүн баарын ачып берели десе кайра өздөрү качып кетишкенин айтты.