Карылыкка алдырбоо үчүн мээни да машыктырып туруу керек. Адистен кеңеш

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБийлеп жаткан карылар. Архив
Бийлеп жаткан карылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Дарыгер дайыма китеп окуп, тил үйрөнүп, акылды иштетип туруу, туура тамактануу жана көп кыймыл деменцияга эрте кабылууну алдын аларын айткан.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Улгайган курактагылар арасында Альцгеймер оорусу кеңири жайылган. Азырынча аны дарылоо ыкмасы табыла элек, бирок өрчүп кетүүсүн алдын алууга болот. Бул тууралуу россиялык дарыгер Екатерина Серебренникова "Прайм" агенттигине айтып берди.
Ал билдиргендей, акыркы жылдарда Альцгеймер оорусу жашарып бара жатат, мурда адамдарда эс тутум 50 жаштан өткөндөн кийин начарлай баштаса, азыр 40тын кырынан кийин эле жакшы эмес боло баштайт.
"Айрым окумуштуулар жылдан-жылга кийинки муундун жаңы нерселерди үйрөнүү жөндөмдүүлүгү төмөндөп жатат деген пикирин айтып жатышат. Түрдүү гаджеттер, аны менен катар көптөгөн техникалык мүмкүнчүлүктөр жаралып жашообузду жеңилдетти, мурдагыдай эс тутумду машыктырып бир нерсени эстеп калуу, маалыматтарды мээде иштеп чыгуу деген аракеттер азайды", — деген дарыгер андан ары жаш өтүп бара жаткандагы өзгөрүүлөрдү алдын алуу жолдоруна токтолгон.
Адис бул үчүн сергек жашоо образын сактоо керектигин эскерткен.
"Организм калыбына келиши үчүн түнкүсүн сөзсүз жети-сегиз саат уктоо кажет. Дайыма кыймылда болуу – кардиомашыгуулар, жөө басуу, сууга сүзүү жана башка кыймыл-аракеттер да маанилүү. Адам активдүү кыймылдаганда мээнин кан айлануусу жакшырып, салмак нормалдашат, жүрөк-кан тамыр ооруларынына кабылуу коркунучу азаят", — деди Серебренникова.
Мындан тышкары, адис туура тамактануунун маанисин айтты. Бардык куракта ашыкча тоюудан, углевод, майлуу азыктарды көп жебей, рационго жашылча, мөмө-жемиштерди кошуу туура экендигин белгилеген. Ошондой эле ал күн сайын акыл жумшап иштегендер деменцияга чалдыгарын, андыктан китеп окуп, мээни машыктырып, тил үйрөнүп социалдык жашоону да активдүү жүргүзүү зарылдыгына токтолгон.
"Эгерде сиз айрым сөздөрдү такыр эстей албай, аны жөнөкөй синоними менен айтып, мурунку окуяларды майда-чүйдөсүнө чейин эстеп, бирок жакында болгон окуяларды дээрлик эстей албай жатсаңыз, тишимди жуудумбу же жокпу деп да шек санап ойлонуп баштасаңыз дарыгерге кайрылуу керек. Ал деменциянын себептерин аныктап, өрчүп кетишин алдын алууга жардам берет", — деп кошумчалады адис.
Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Карылык каалагандай калчабасын десеңиз кыймылдаңыз. Адистердин эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0