Карылык каалагандай калчабасын десеңиз кыймылдаңыз. Адистердин эскертүүсү

© Фото / Pexels/ Anna ShvetsМашыгып жаткан адам. Архив
Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Жазылуу
Ден соолукту чыңдоо борбору карыганда адамдын организминде боло турган процесстерди жайлатууга — кыймыл, туура тамактануу, жетиштүү уйку, ачык маанай жардам берерин белгилешкен.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору карылыкка бат моюн сунбоо үчүн көп кыймылдоо зарылдыгын эскертти. Мекеменин маалыматында белгиленгендей, карылык жөнөкөй сөз менен айтканда, адамдын денеси да, акылы да күчкө толуп, андан соң кайрадан акырындык менен алсызданып башташы.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун классификациясына ылайык, улгайган куракка 60 жаштан 74 жашка чейинкилер кирет, ал эми 75 жаштан 90 жашка чейинкилер кары адамдар деп саналса, 90 жаштан жогоркулар узак жашагандардын катарына кирет.
Адистер карылыкты болтурбай коюу мүмкүн эмес экендигине токтолуп, бирок кыймылды көбөйтүү, спорт менен машыгуу, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоо ал процессти жайлатууга жардам берерин белгилешкен.
"Көп кыймылдаганда денеге күч келет, бул абал зат алмашууну жакшыртып, клеткаларга кислородду жана керектүү азыктардын жетишин камсыздайт, денеден шлакты чыгарат", — деп айтылат борбордун маалыматында.
Анда карылыктын алдын алуу үчүн ар дайым кыймылдоо, бара-бара аны көбөйтүү маанилүү экендиги белгиленген.
"Спорт менен машыккан, көп кыймылда болгон адамдар аз ооруйт, көп жашайт жана жаш көрүнөт. Ошол эле учурда акыл-эсти да өстүрүп, мээни машыктырып турууну эстен чыгарбоо кажет. Шахмат ойноо, кызыктуу китептерди окуу, баш катырмаларды толтуруу, ыр жаттоо өңдүү аракеттер мээнин тонуста болушун шарттайт", — дешкен борбордун адистери.
Мындан тышкары, карылык үстөмдүк кылып кетпеши үчүн адам суткасына сегиз сааттан кем эмес уктап, туура тамактанып жана ачык маанайда жүрүшү керек.
Аял кухняда китеп окуп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Айрымдары өтө кооптуу. 50 жаштан өткөндөрдү тооруган 5 илдет
Жаңылыктар түрмөгү
0