Сатып кеткендерди да кечирем, абалын түшүнөм. Талант Мамытовдун "рингдеги" маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин экс-спикери , депутат Талант Мамытов и Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков "Таймаштагы маек" учурунда
Жогорку Кеңештин экс-спикери , депутат Талант Мамытов и Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков Таймаштагы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Бул маекти ар бири эки мүнөткө созулган беш айлампадан турган мушкерлик таймаштан кийин курдук. "Таймаштагы маек" долбоорунун шарттары ушундай. Ага журналист менен таймашууга даяр белгилүү инсандар чакырылат.
Атаандаштар тактикалык жактан бири-биринин эбин таап, мүмкүн болушунча көбүрөөк сокку урушу керек. Ошол эле учурда алар коргонууну да унуткарбоого тийиш. Мындай таймаштан кийин, айрыкча бир нече сокку уруп же сокку жеген соң маектештер ачылып баарлашат.
— Талант Турдумаматович, биринчиден, чакыруубузду четке какпаганыңыз, экинчиден, мени согуп-муштаганыңыз үчүн (күлүп) ыраазычылык билдиребиз.
— Сага да ырахмат! Соккулар эки тараптан тең бирдей эле болду окшойт (күлүп).
— Чаалыккан жоксузбу?
— Дурус эле. Чынында "Беш айлампага жете алар бекенмин?" – деп шектенгем. Чыдадым.
— Мага караганда кыйла сергек көрүнүп турасыз. Тез эле чарчап калат болушуңуз керек деген элем.
— Эми мен үч-төрт күн камылга көрдүм, бир аз кыймылдап, демимди тууралап дегендей...
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Спорттун кайсы түрү менен машыкчу элеңиз?
— Каратэден баштагам, 1988-жылы ал популярдуу болуп турган. Кийин Бишкектеги жогорку окуу жайына, юридикалык факультетке өттүм. Кикбоксинг менен алектене баштадым. 1994-1995-жылдары кикбоксинг спорттун кеңири тараган түрү эле. Кыргызстан дегеле бул багытта дүйнөлүк аренада алдыңкы сапта болчу. Ал кезде мамлекет тараптан да буга эбегейсиз колдоо көрсөтүлчү.
"Гермес Профи" курама командасына кошулуп, окууну аяктаганча Александр Воиновдун алдында машыктым. Кийин прокуратура органына ишке орношуп, Баткен облусуна кеттим. Ошол маалда ал жакта согуш болуп жаткан.
— Баткен окуялары…
— Ооба, террорчулар басып кирген маал. Баткен облусу жаңы түптөлүп, жумуш орундары көп эле. Ал жакка барууну каалагандардын бири мен болдум. Облустук прокуратурага ишке кирип, ошентип карьерам башталган.
— Өзүңүз ошол окуяларга катыштыңызбы?
— Жок, биз негизинен окуя болгон жерлерди кароого барып, жоокерлердин сөөгүн алып чыкчубуз. Сөөгүн ачып, каттап, кылмыш иштерин козгоп, тергөөгө өткөрчүбүз.
— Анда кайра спортко кайталы. Баш-аягы канча жыл машыктыңыз?
— Кикбоксинг менен беш жылдай, ага дейре каратэ менен үч-төрт жыл машыктым. Мелдештерге катышып, кийин форманы сактап жүрдүм.
© Фото / из личного архива Таланта МамытоваЭкс-спикер парламента Кыргызстана Талант Мамытов
Экс-спикер парламента Кыргызстана Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Жетишкендиктериңиз барбы?
— Ооба, ушу-саньда боюнча спорт чеберимин. Дагы жакшы, бүгүн оор сокку алган жокмун. Сизге ырахмат (күлүп).
— Айып этпеңиз (күлүп)... Сиздин баамыңызда бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясатчыларга кайсы сапат жетишсиз?
— Бул өтө татаал собол. Саясий көйгөйлөрдүн, кыйынчылыктардын баарын алардын ар бири өз жон териси менен көтөрөт, ошондуктан эч кимди кеп кылгым жок. Бирок саясаттын өзүндө чынчылдык жетишсиз. Саясат ыплас иш деп коёт эмеспи.
Көп учурда баары кайсы бир жеке кызыкчылыктарга же кайсы бир саясий топтун пайдасына чечилип калат. Ошентсе да саясатчыларда мен эң оболу изги ниетти баалайм. Кандай болгон учурда да чындыкты айтуу абзел.
— Саясаттан көңүлүңүз кала түштүбү?
— Жок, бирок ага иммунитет калыптанып калды. Саясатка органдан келдим. Адегенде булардын баары мага түшүнүксүз эле. Парламенттеги мушташтар, талаш-тартыштар, сатып кетмей жана ушул сымал көрүнүштөр. Чынын айтсам, андайларга көнүү кыйын болду, бирок өзүм бүтүм чыгардым. Саясат тууралуу көз карашым бар, айрым катачылыктарды кетирбөөгө тырышам.
— Саясатта сизди сатып кеткен учурларга дуушар болдуңузбу?
— Өзүмө карата андай көрүнүштөр болгон эмес, бирок башкалар кабылганын көрдүм.
— Өзүңүз сатып кетүүгө туура келген учурлар?..
— Мындай жооп берейин: эгер сөз берсем, эч качан сатпайм. Акырына чейин чынчыл болууга тырышам. Сөз берсем, эч нерсеге карабай аткарууга аракет кылам.
Өзүмдү кынтыксыз саясатчы деп эсептебейм, баарыбыз айыпсыз эмеспиз. Албетте, айрым бир учурлар бар, аларды көп талдап көрдүм. Акыл калчадым, өзүмдү оңдоого умтулдум. Дасыккан саясатчылардын жолун изилдеп, алардын катачылыктарынан сабак алууга аракет кылдым.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Суктанып, үлгү алган саясатчылар барбы?
— Андай саясатчылар жок го, бирок бир топ кыйла күчтүүлөр бар. 2010-жылы алар менен Жогорку Кеңештин бир чакырылышында иштешип калдым. Абдан күчтүү чакырылыштардын бири. Мисалы, ошол кездеги биздин "Ата-Журт" фракциясын алалы, дээрлик бардык мүчөлөрү дасыккан саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер эле. Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Курманбек Осмонов, Жылдыз Жолдошева жана башка көптөгөн саясатчылар менен бирге иштештим. Ошол чакырылышта Өмүрбек Текебаев да бар эле... Булардын ар бири – өзүнчө инсан, саясаттын үлкөндөрү. Анда жаш, көп нерсени аңдай элек кезим болчу.
Бирок мен "командалык" саясатчы болуп, эч нерсеге деле ашыкпадым. Эгер кайсы бир чечимди жалпылап кабыл алсак, акырына чейин турчумун. Көрсөтмө берилсе, фракция лидерлерин ээрчидим.
— Менимче, көздөрүңүздө муңайым бар. Адамдардан көңүлүңүз калгандай. Саясатта сатып кеткендер болбосо да жеке турмушуңузда кабылгандайсыз.
— Жок, турмушумда баары эле жакшы. Ал эми саясат... Алдын ала план кылбайм, даярданбайм. Эмне кылуум керек болсо, ошону жасайм. Мисалы, депутатмын, өз милдеттеримди так аткарууга тийишмин. Эгер фракцияга мүчө болсок, биз анын, команданын кызыкчылыктарын коргошубуз керек. Алдын ала жоромолдой албайсың. Тек гана туура аракет кылуу абзел, андан соң боло турган нерсе болот.
— Болгонун болгондой кабылдайсызбы?
— Ооба, ошондой. Анан, эч кимди сатып кетпей, качып кетпей...
— Бул сизге эмне берет?
— Артыкчылык.
— Мейли, сизди сөзүнө бекем киши дешээр. Бирок өзүңүзгө пайдасы болбосо, акырына чейин туруп эмнеге ээ болосуз?
— Көңүлүм жай алат. Мисалы, биз партияда бир нерсе тууралуу макулдашып, командалык максат жана милдеттерди коюп, шайлоого чогуу барсак, бир киши эмес, команда утат.
Азыр бир мандаттуу округдар бар, ал эми мурда партиялык болчу. Өзүм да партиялык тизмеден көрсөтүлгөм. Айтор, команда жеңишке жетет. Бул футболдогудай эле, пас бериш керек.
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Экс-спикер Талант Мамытов менен журналисттин "кармашы". Сүрөттөгү 15 ирмем
— Менимче, көп учурда адамдар саясатка бийлик, байлык үчүн барышат. Кыргызстанда идея, чындык үчүн бул чөйрөгө аттангандар барбы?
— Андай деле болушу мүмкүн, бирок саясатка мындай жаман ой менен барса, аягы жаман.
— Акча табуунун жолун издеп барганбы?
— Ооба. Саясат катачылыктарды кечирбейт. Эгер өлкө, эл үчүн иштөөгө ниетиң болбосо, ал жакка барыштын кажети эмне? Эгер уурдасаң, кийин сөзсүз жазасын тартасың. Эгер андан буйтап кете алсаң, тиги дүйнөдө жооп берүүгө туура келет.
— Биздин саясатчылар өлүмдөн кийинки жазадан чочулайт деп ойлойсузбу?
— Мм, эми андайлар да бар... Бирок саясатка баары эле уурдап, байып кетүүнү эңсеп барат деп ойлогон да болбойт. Жакшы ниеттери менен келген чынчыл адамдар да бар.
— Алар азчылыкпы же?..
— Алар жетишерлик санда, болгону алар түз, бетке айтат, ошондуктан көп чабылат. Ал эми култуңдап, тайсалдап, ийилип жүргөндөр ар кай жерде. Бүгүн алар бирөөлөр менен жүрсө, эртең башкалардын жанында. Ошондуктан дилиңде элдин жыргалчылыгы үчүн иштөө максаты болбосо, саясатка баш багуунун кажети жок. Башка нукта деле, мисалы, бизнес менен алектенип баюуга болот. Жолдору бар.
— Жогорку Кеңештин спикерлигинен кеткениңизде, менимче, айрым адамдардын сизден көңүлү калды окшойт. Себеби мындай мартабадагы кызматты ээлеген киши жоопкерчиликти да аңдоого тийиш. Кетишиңизге эмне түрткү болду?
— Чынын айтсам, спикер болууну пландаган эмесмин. Бирок ал кызматты аркалап турганда өлкөдө парламентаризмди сактап калуу, парламенттин беделин түшүрбөө жана биз кабылдаган мыйзамдар элдин үмүтүн актаса экен деп колумдан келгенин бүт жасадым.
Былтыр сентябрда – Тажикстан менен чек арадагы жаңжал болгондо депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, президенттин кайрылуусун күтүп жатышкан. Зарылдыгы болсо биз аскердик абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алмакпыз. Окуялар улам курчуп, депутаттардын көбү Баткен облусуна өздөрү жөнөп кетишти... Мага УКМК жана Коргоо министрлиги чек арадагы абал туурасында маалымат берерин айтышты. Биз күтүп жатканбыз. Ошол маалымат айтылган соң курал таратышты.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Ким таратты?
— Эми Коргоо министрлиги жана...
— Кимге таратышты? Депутаттаргабы?
— Депутаттарга. Ящик алып келишти. Эгер өлкөнү коргогуңар келсе алгыла дешти. Алдыңкы катарда жүрүш керек! Мындай кайрылуу УКМК төрагасы тарабынан айтылды. Коргоо министрлигинин башчысы жанында эле.
— Куралды кантип алып киришти? Кандай болду?
— Чынын айтсам, түшүнбөй калдым. Алар мага айтышы керек эле. Борбордук трибунага чыгып: "Биз президенттин кайрылуусун күтүп жатабыз. Эгер ал кайрылса, парламент аскердик абалды киргизүүнү бекитүүгө тийиш. Башкача айтканда, биз өз милдеттерибизди аткарабыз, ал эми колго курал алуу — аскер кызматкерлеринин милдети. Жогорку Кеңешке кантип алып келдиңер билбейм. Эгер ошондой зарылдык болсо, келгиле мен биринчилерден болуп барайын. Бирок жоопкерчилик сиздерде болот", – дедим.
— УКМКнын төрагасынабы?
— Ооба. Ошондон кийин парламентарийлердин баары автомат алууга ашыгып калышты.
— Курал салынган канча ящик бар эле?
— Бирөө.
— Чоңбу?
— Ооба.
— Токсон автомат беле?
— Канча экенин билбейм...
— Калашников автоматтарыбы?
— Ооба, бирок октолгон эмес... Балким, бул парламентке басым жасоо аракети же ыкмасы болгондур. Менимче, андай сөздү уккан эркектердин баары колуна курал алмак. Парламентарийлерге жетпей калып, бири-биринен тартып алууга киришти... Бирок кийин туура эмес түшүнүп калдыңар дегендей, алардан кайра тапшырууну өтүнүштү. Кайра тапшырууга туура келди. Андан кийин Баткен облусуна каттам уюштурулду.
Жыйырмадан ашуун депутат жөнөп кетти, ондон ашууну эбак ал жакта болчу. Дагы он чакты депутат жарадарлар алып келинген Ош облусунда эле. Алар гуманитардык жардамды жеткирип жатышты. Башкача айтканда, парламентарийлердин көпчүлүгү жер-жерлерде, өздөрүнүн шайлоо тилкелеринде болушту. Борбордо калгандары Баткен облусуна кетишти. Спикерликти орун басарым Исаевге тапшырдым. Айтор, мырзалардын баары Баткенге жөнөдүк... Чуркай алчуларыбыз.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Куралга байланыштуу окуя сиздин оюңузча эмне үчүн жасалган?
— Ошол боюнча түшүнбөй деле калдым. Балким, ачууга алдыруубу, билбейм...
— Ага чейин эмне маселе каралмак эле?
— Негизи, парламент жайкы каникулдан келгенден кийин сентябрда мектептердин курулушу, кышкыга даярдык жана башка маселелер боюнча министрлер кабинетинин маалыматын укмакпыз. Отчёт дал ошол күнгө коюлган. Бирок, албетте, андай маалыматты сураган жокпуз (чек арадагы окуялардан улам — ред). Бул өкмөттүн өзүнүн, улуттук коопсуздук органдары жана Коргоо министрлигинин демилгеси болчу.
— Депутаттар УКМК менен Коргоо министрлигин окуя үчүн тилдеп, чара көрбөгөнү үчүн күнөөлөшкөн беле?
— Ооба. Бардык жакта нааразычылык бар эмес беле.
— Жыйында дегеним. "Депутаттар эмне үчүн УКМК эч нерсе кылбайт" – деген өңдүү сөздөрдү айтышкан жок беле? Балким, комитет аларга ушундайча жооп бергендир...
— Балким. Бирок андай болгон учурда деле парламентарийлердин баары эле сын айткан эмес... Себеби алар да түшүнүп турушкан. Көпчүлүгү эбак аймактарда жүргөн. Күч түзүмдөрүнүн парламенттеги аракеттери мага түк түшүнүксүз. Кийин да ошол эмне максатта жасалганы боюнча так жооп ала алган жокмун. Парламент — режимдик объект.
Ошол учурда биз — депутаттардын баары бул нерсени ачыкка чыгарбайлы деп макулдаштык, себеби оор убак эле. Эл бизди түшүнбөй калмак. "Тигил жакта согуш болуп жатса, өлкөнү коргогондун ордуна бири-бириңер менен кырылышып жатасыңар" демек. Бирок айрым, маселен, бир депутат автомат менен баратканын чагылдырган учурлар чыгып кетти. Кийин Адахан Мадумаров курал толо ящикти киргизишкенин айтып, ошентип баары ачыкталып калды…
— Сиз мурда мага президентке кирип, күч түзүмдөрүнүн аракетин түшүнбөй калганыңызды, ошондуктан кызматтан кеткиңиз келгенин айткансыз. Ал эмне деп жооп кайтарды?
— Ал деле эмне болгонун түшүнгөн жок. Ошондо жарыяладым (спикерликти тапшыруу жөнүндө – ред. тактоосу). Мен Жогорку Кеңештин төрагасы катары өз милдетимди аткарышым керек элем. Мага парламент үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн. Жок дегенде алар бул туурасында мага кабарлоого тийиш болчу...
— УКМК менен Коргоо министрлигинин ошол жоругу сизди ыза кылды десек болобу?
— Депутат, мисалга инсан катары, ыза болдум деп эсептебейм. Бирок парламент — бул мыйзам чыгаруучу орган, андай аракеттерге жол берилбейт. Парламентте согушуу үчүн эмес, татаал, маселен, аскердик абал киргизүү жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууга тийиш эл өкүлдөрү отурат. Врач дарылап, мугалим окутуп, аскер курал көтөрөт. УКМК контрчалгынга жооп берип, маалымат топтоого, ал эми парламент саясий чечимдерди кабылдоого тийиш. Мыйзамды тааныган киши катары мага алардын жоругу түшүнүксүз болду.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Президент менен жылуу мамиле сакталып калдыбы?
— Ооба.
— УКМКнын төрагасы мененчи?
— Жолукканда баары менен сүйлөшөм. Дайым өз көз карашымды айтам. Көйгөйүмдүр, мен кошомат кыла албайм. Коомчулукту түйшөлткөн маселелерди айтам, башкача айтканда, көйгөйлөрдү көтөрөм. Президентте туура маалымат болсун, туура чечимдерди чыгарсын деп чындыкты айтып калууга аракет кылам.
— Жагымсыз чындыктыбы?
— Ооба, болушу мүмкүн. Ал буларды кандай кабылдайт, аны биле албайм. Болушунча кунт коюп угуп, текшерип, тийиштүү чечимдерди чыгарат. Балким, айрымдарга бул жакпастыр.
— Бокс деле шахмат өңдүү, болгону миң эсе шамдагайлыкты талап кылат. Каршылашыңды жеңүү, анын кандайдыр бир эмоционалдык өксүктөрүн пайдалануу үчүн чечим кабыл аласың. Атаандашыңдын чабуулун бузуп, акырында жеңиш үчүн мушкерликте кээде артка кадам жасайсың. Отставка жөнүндөгү чечимиңизди ошондой кадамга салыштырууга болобу?
— Эч качан андай план же амалкөйлүгүм болгон эмес. Кандай болсом ошондой адаммын. Дайым ачыкмын, саясатта болобу, турмуштабы ар бир кишиге чын дилден мамиле кылам. Кынтыксыз кишимин дебейм, менин да кемчиликтерим бар. Бирок принциптерди карманууга аракет кылып, ошондуктан алдын ала план түзбөй, ички добушту тыңдап, ага кулак салам. Ички туюмума жараша аракет кылам.
Сен туура баамдадың, бокс — шахматтан да чоңураак, анткени мында физика да зарыл. Жашоодогудай эле. Мушкерликтин техникасы — биринчи кезекте коргонуу. Чабуул жана коргонуу. Эгер коргоно албасаң, сокку жейсиң. Ошол себептен кыймылдап, коргонушуң шарт. Эгер соккуну тосо албай калсаң...
— ...башың ооруйт.
— Ооба, баш ооруйт. Бул – колуңду өйдөрөөк кармап, коргонуу үчүн сабак. Анан да сага сокку урушса, жыгыласың. Тура билиш керек. Турмушта да ошол. Өмүр — бүтүндөй сыноо.
Ар бир адамдын маңдайына өз жолу, кыйынчылыгы жазылган. Биз чалынабыз, жыгылабыз, кайра турабыз. Акыл калчап, андан ары кадам шилтейбиз. Мушкерликте да, жашоодо да, саясатта деле ошол: жүрүп отурабыз, мүдүрүлөбүз, кулайбыз, өйдө турабыз, катачылыктарды кайталабайбыз жана башка ушул сыяктуу. Эгер жыгылып, кайра тура албасаң – мелдештен утулганың ошол. Турмушта да мүдүрүлүп, туура тыянак чыгара албасаң, өмүр сени кечирбейт.
— Жыга урушат.
— Ооба.
— Талант Турдумаматович, кандай дейсиз, өлкөдө ансыз да көйгөй көп болуп турганда азыркы спикер кылгандай, Жогорку Кеңеште Бишкектин райондорунун аталыштарын өзгөртүү демилгесин көтөрүү туурабы?
— Төраганын жеке пикири бул. Маселе парламент жана комитеттерде да талкууланган эмес. Шаардын, өлкөнүн тарыхын жакшы билгендиктен, бул пикирди таптакыр колдобойм. Көчө, райондордун аталыштары Кыргызстандын тарыхы, аталарыбыз басып өткөн нерселерге байланыштуу. Ошол тарыхты баштан кечиргендиги үчүн өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болуп, бүгүн ийгиликтүү өнүгүүдө. Аталыштарын өзгөртүү тууралуу маалыматы жок же тарыхты билбеген адамдар гана айтышат.
Бишкек бүгүн көчөлөргө ысымдары берилген инсандардын салымы менен түптөлгөн. 1917-жылкы революциядан кийин Ленин коммунизмди курууну жарыялаган. Анын кайрылуусун Европа, атап айтканда, Чехия, Словакия, Венгрия да кубаттаган.
1924-жылы адистердин бүтүндөй эшелону келген, бул – биринчи советтик "Интергельпо" кооперативи болгон. Кыш чыгаруучу, кант, тери иштетүү заводдорун куруп, станокторду алып келип, биздин өнөр жайдын пайдубалын тургузушкан. Мисалы, Интергельпо көчөсү бар… Жакында эле бир жерде ушуну же Месароша көчөсүн өзгөртөлү деп чыгышты...
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Ушундай да демилгелер да жаңырып жатабы?
— Ооба. Ошол адамдар бизге бульвар, жол, имараттарды куруп беришкен... Сиз мага жооп бериңизчи, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында биз эмне кура алдык? Жок эле дегенде чакан шаар түптөй алдыкпы? Жок. Мына ошондуктан мага андай позиция түшүнүксүз. Аталыштарды алмаштыруу жөнүндөгү ойго кошула албайм. Бул – биздин тарых, аны кабыл алып, баалообуз керек.
Совет жылдары калаабыз европалык типтеги заманбап шаар эле. Келгиле, жаңы шаарларды куруп, көчөлөрүнө башка адамдардын ысымдарын ыйгаралы. Алар баарына жетет. Учурда шаардагы бардык административдик имараттар, театрлар, филармония, Спорт ордосу, стадион СССРдин тушунда курулган. Байкасаңар, ар бир райондо маданият үйлөрү, спорт зал, мектеп, бала бакчалар бар. Жаңы нерселерди өзүбүз жаратуубуз шарт, ошондо көчөлөрдү атоого акыбыз болот. Тарыхыңа тапанча менен атсаң, келечегиң замбиректен ок атат. Дал ошондой болот! Бул менин жеке көз карашым.
— Өткөндө парламентте экология министри болуп турган Кутманова айым расмий болуп эсептелген орус тилинде доклад окумак эле, спикер Шакиев тыюу салып койду. Билишимче, андай мыйзам жок. Бул жаатында эмне дейт элеңиз?
— Докладчы мамлекеттик жана расмий тилде сүйлөшүнө жол берген мыйзам, регламентти гана айтайын. Ал эми спикер регламентке таянат, ошондуктан тыюу салуу мыйзамга жатпайт. Анан да орус тили республикабызда расмий макамга ээ эмеспи. Ошондуктан адам кыргыз тилинде сүйлөй албаса, орус тилинде сүйлөөгө укугу бар.
— Эгер бул Конституцияда жазылып турса, демек, расмий тилде сүйлөөгө тыюу салуу Баш мыйзамга каршы келеби?
— Ооба, демек ошондой. Баа бергим келбейт, болгону мыйзамдан келтирип жатам. Кантсе да өзүм да спикер болгом, анын (Шакиевдин – ред. тактоосу) аракеттери тууралуу айткым келбейт. Мунун баары анын сөздөрүнө байланыштуу. Бирок юрист катары мыйзамды билем, мурдагы спикер катары андайга жол берчү эмесмин. Анткени регламентте докладчы расмий тилде да сүйлөөгө акылуу деп жазылуу.
— Бул суроону дагы бир ирет узатайын. Менимче, биринчисинде анчейин чечиле жооп берген жоксуз. Сатып кеткендерди кечирген учуруңуз болду беле?
— Көп убакта кечирем, анткени ошол адамдарга да кыйла татаал экенин түшүнөсүң, мисалы, сатып кетүүгө себептери да бар учурлар болот. Андайда кечирип койгон оң.
— Андайда адамды түк да күнөөлөбөйсүзбү? Өзүңүздү анын ордуна коюп, абалын түшүнүп, кечирим суроого да туура келбейби?
— Ооба, дайым кечирип коюу абзел. Жүк – сатып кеткендин өзүнүкү, аны өмүр бою көтөрөт. Кечире албаганга да кыйын, баары бир көңүлүңдү бир нерсе өйкөп тура берет. Жеңил, көңүлүң жай өмүр сүрүү үчүн кечирип койгонуң дурус.
6-класстан кийин ой жүгүртүүмдү өзгөрткөм. Ошондо мен биринчи жолу ошондой нерсеге кабылгам. Классташым сатып кетти. Талаш-тартыш, мушташ болду. Ушул окуя ошол убакта эле жашоого башкача кароого түрткөн. Аябай түйшөлдүм. Ошондон улам мени бөлөк мектепке которушкан. Жаңы мектепке барганда мен эбак башка киши элем. Баса, ушул мени спортко болгон кызыгуумду ойготту.
— Кыйла оор басырыктуу болуп калдыңызбы?
— Ооба. Ошондон кийин чабалдарды дайым коргоп, алардын тарабын жактаган адатым калыптанды.
— Парламентте да аларга болушканга тырыштыңызбы?
— Бул менде дайым бар.
— Уулуңуздун кулагына куя турган негизги кеңешиңиз кандай болмок?
— Татыктуу өмүр сүрүү. Татыктуу инсан болуу.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Акыркы ирет качан чындап мушташтыңыз?
— Чындаппы?.. Эми парламентте да андай болот. Бирок мушташмай, чынын айтсам, эсимде жок. Көп убакыт болду окшойт.
— Жаштык кездеби?
— Ооба, жаштыкта.
— Сизди ачуулантып, кыжырдантуу жеңил беле?
— Мурда ошондой болчу, бирок жогорудагы тажрыйба баарын салмактоого дасыктырды.
— Сизди же жакындарыңызды кемсинтип, тилдешсе, ачууланасызбы?
— Ким экенине жараша. Албетте, кыжырдантса керек, бирок ал киши менен сүйлөшүп, жай түшүндүрүп же ал менин катамды көзгө сайып көрсөтсө, дайым кечирим суроого даярмын.
— Демек, кечирим суроо сизге кыйынчылык туудурбайбы?
— Ооба. Кандайдыр бир кадамга барардан оболу акыл калчап, чечим кабыл алам. Ошондуктан кечирим суроого деле себеп болбойт. Мисалы, жөн жерден бирөөнү тилдеп же зекий турган адатым жок. Ар-намысына дегеле шек келтирбейм. Ал эми ортодо кандайдыр бир дооматтар бар, анан да чындап эле ошондой болсо, моюнга алам. Биз кынтыксыз эмеспиз, адам жаңылбай койбойт. Эгер менден кеткен болсо, жаңылыштыгымды оңдоого даярмын. Тескерисинче, менин көзүмдү ачкан ошол адамга ыраазычылык билдирем.
— Адамдардагы кайсы сапат сизге такыр жакпайт?
— Эки жүздүүлүк.
— Анда кандай сапат жагат?
— Ак ниеттүүлүк.
— Өзүңүздү күчтүү инсанмын деп эсептейсизби?
— Ооба.
— Кандай адамга суктанасыз? Ошондой инсан барбы? Сөзсүз эле саясатта эмес.
— Бар, бирок алар спортто. Жоломан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова. Суктандыра турган адамдар – мына ошолор.
— Мындай суроо берейин. Аял менен эркектин ортосунда достук болушу ыктымалбы?
— Мүмкүн.
— Бардык темадан тартынбай кеп сала турган адамыңыз барбы?
— Ооба, жакын досторум.
— Баарын ачык сүйлөшө аласызбы? Саясаттан да, жеке мамилелерден да?
— Өзгөчө бала кезден берки досторум менен саясатты да, жеке турмуш жана башкаларды да кенен сүйлөшө алам.
— Түпкүрдөгү түйшөлүүлөрүңүздү да жашырбайсызбы?
— Жок.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Жалгыз калганыңызда кандай ойлорго чөмүлөсүз?
— Кадамдарым туурасында көп ойлоном. Эгер ички каалоомо, ойлорума жат чечим кабыл алсам, дайым тынчсызданам. Ички туюм, көз караштарымды дайым тыңдап, жүрөгүмө кулак салам. Кээде бир чечимге келип, үйгө кайткан соң дайым ойго батам. Мага адамдар көп кайрылып, арызданышат. Арасында саясатчылар да бар. Сөздөрүн угуп, сүйлөшүп, маселесин чечүүгө кеңеш берем. Ал эми жалгыз калганымда өз аракеттерим, адамдарга берген кеңештерим жөнүндө ойлоп толгоном. Анткени ар бир кеңештин кесепети да болушу мүмкүн. Айтор, өз абийирим менен соттошконду жактырам.
— Өзүңүздү шайыр адаммын деп эсептейсизби же муңайымбы?
— Азыркыдай, токтоомун, бирок шайыр адамдарды жакшы көрөм.
— Кастарыңыз көппү?
— Көп дегенден алысмын, бирок, албетте, бар. Саясатка киришкенде досторду да күтөсүң, албетте, душман да табасың.
— Качандыр бир саясатка киргениңизге кейибейсизби?
— Жок, таптакыр антпейм.
— Негизи эле турмушуңузда сизди өкүттө калтырган нерселер барбы?
— Жок. Дегеле адам өмүрдү өкүнбөгүдөй сүргөнү оң. Ушул принципти карманууга тырышам.
— Адатта мен "Эгер президент болуп калсаңыз, алгачкы жарлыгыңыз кандай болмок?" – деп сурайм. Ал эми сиз президенттин милдетин аткарып турганыңызда биринчи кайсы жарлыкты чыгардыңыз?
— "Санариптештирүү жөнүндө" жарлык чыгардым. Башкача айтканда, органдардын баары кагаз ишинен четтөөгө тийиш. Мамлекеттик кызматтар менен жарандардын ортосундагы түз байланышты азайтуу үчүн баары онлайн, аралыктан жүргүзүлүүгө тийиш. Башкача айтканда, электрондук документ жүргүзүү керек. Албетте, мага чейин эле бул маселе көтөрүлүп, кыйла жакшы иштелмелер бар эле. Бирок калк менен байланыш болбой калат деп бул тутумга көпчүлүк киргиси келген эмес.
Маселен, жашаган жеринен тастыктама алуу үчүн адам айыл өкмөтүнө барып убара болбойт. Карыздын жоктугун тастыктоо үчүн салык инспекциясына баруунун зарылдыгы жок. Иш жеринен тастыктама алуу үчүн кадрлар бөлүмүнө баш багып убара тартпайсыз. Башкача айтканда, баары электрондук форматта болушу шарт. Интернет, телефон аркылуу тастыктамалардын миңдеген түрүн ар бир жарандын электрондук форматта алышына шарт жаралат.
— Бул качан ишке кирет?
— Азыр бул жүзөгө ашырылууда.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Разговор на кулаках" с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым
Разговор на кулаках с экс-спикером Жогорку Кенеша, депутатом Талантом Мамытовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
— Азыр канчадасыз?
— 46.
— Канча жаштагыдай сезесиз өзүңүздү?
— Билбейм эми, 30-35тегидей го, кыязы.
— Азыр эмнеге акча чогултасыз?
— Тыйын топтобойм, чогултпайм. Күнүмдүк чыгымдарыбыз бар, каражат үй-бүлөгө, жардамга муктаж болгондорго жумшалат.
— Досторуңуз менен кантип чер жазган жагат?
— Табият койнуна чыгабыз, шишкебек жасайбыз. Спорттук иш-чараларды өткөрөбүз. Анан эми, албетте, мончого чогуу барабыз. Отурабыз, талкуулайбыз, балалыкты, өткөн-кеткенди эскеребиз. Негизинен ушундай.
— Канча жашыңызда алгачкы машинаңызды сатып алып же белек кылышкан эле?
— 22ге чыккан кезде сатып алгам, бирок бир аз көмөктөшкөн. Акчанын негизги бөлүгүн студент кезде такси айдап, базарда иштеп тапкам. Айтор, ошентип "Жигули" сатып алгам. Унаа бир аз эскирээк, алтынчы үлгүдөгү болчу. 90-жылдар эле, айрыкча түнкүсүн тынч эмес кез. Бирок такси айдап жүрдүк. Окуп да, ошентип тыйын да тапчумун.
— Ушул тапта кандай машина минип жүрөсүз?
— Азыр эми Lexus седан…
— "Таймаштагы маек" долбоорубуз жөнүндө да пикириңизди уккубуз келет. Сизге канчалык жакты же жаккан жокпу? Кайсы учурун өзгөртөр элеңиз? Алкап же тескерисинче кандай сын айтасыз?
— Долбоор чындап мага жакты. Таймаштын беш айлампасынан кийин адам чындап ачылат экен. Анан да, албетте, жагымдуу нерсени пайдалууга айкалыштыруу да кызыктуу тура. Чакырганыңыздар үчүн ырахмат айткым келет. Долбоор өнүгүп, келгендердин саны арбысын... Бардыгы эле макул боло бербесе керек, туурабы?
— Ооба, баары эле көнүп, катыша бербейт.
— ...Катышуучулар көбүрөөк болсун.
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен Таймашуудагы маек долбоорунун учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Журналист айтылуу Орзубек Назаров менен беттешти. Рингдеги кызыктуу сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0