https://sputnik.kg/20230325/bishkek-27-mart-ehl-aralyk-teatr-kunu-1073863404.html
Бишкекте 27-мартта театр мыктылары сыйлык алат
Бишкекте 27-мартта театр мыктылары сыйлык алат
Sputnik Кыргызстан
Иш-чара кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында уюштурулду. 25.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-25T09:49+0600
2023-03-25T09:49+0600
2023-03-25T09:49+0600
кыргызстан
маданият
театр
майрам
сыйлык
искусство
https://sputnik.kg/img/104578/13/1045781305_468:477:3260:2048_1920x0_80_0_0_44e378a51b8ebd9baeda952de8f31991.jpg
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте 27-мартта эл аралык театр күнүнө карата "Эргүү" улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.Иш-чара кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында уюштурулду.Театр кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтынан жөө жүрүш менен Абдумомунов атындагы драма театрынын алдына чогулат.Эл аралык театр күнүн майрамдоо боюнча токтом 1962-жылы Париждеги улуттук театрдын ачылганына байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.Бүгүн Кыргызстанда 22 театр, оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинде сегиз музыкалык-драма театры, жети драма театры, эки куурчак театры, үч филармония, бир опера, балет театры жана мамлекеттик цирк бар.2022-жыл ичинде жалпы репертуардык спектаклдердин жана иш-чаралардын коюлушунун саны 2 519га жетти. Анын ичинен 75 репертуар жаңы коюлду.
https://sputnik.kg/20230323/too-teatrlary-festivaly-otot-1073800678.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104578/13/1045781305_747:0:3478:2048_1920x0_80_0_0_9e74a1631f4be63fb61f722348d2079a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, театр, майрам, сыйлык, искусство
кыргызстан, маданият, театр, майрам, сыйлык, искусство
Бишкекте 27-мартта театр мыктылары сыйлык алат
Иш-чара кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында уюштурулду.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте 27-мартта эл аралык театр күнүнө карата "Эргүү" улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Иш-чара кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында уюштурулду.
Театр кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтынан жөө жүрүш менен Абдумомунов атындагы драма театрынын алдына чогулат.
Эл аралык театр күнүн майрамдоо боюнча токтом 1962-жылы Париждеги улуттук театрдын ачылганына байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.
Бүгүн Кыргызстанда 22 театр, оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинде сегиз музыкалык-драма театры, жети драма театры, эки куурчак театры, үч филармония, бир опера, балет театры жана мамлекеттик цирк бар.
2022-жыл ичинде жалпы репертуардык спектаклдердин жана иш-чаралардын коюлушунун саны 2 519га жетти. Анын ичинен 75 репертуар жаңы коюлду.
23 Жалган Куран 2023, 09:27