https://sputnik.kg/20230323/too-teatrlary-festivaly-otot-1073800678.html
Таласта Тоо театрлары фестивалы экинчи ирет өтөт
Таласта Тоо театрлары фестивалы экинчи ирет өтөт
Sputnik Кыргызстан
Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар номинациялар тапшырылат. 23.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-23T09:27+0600
2023-03-23T09:27+0600
2023-03-23T09:27+0600
кыргызстан
маданият
фестиваль
театр
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/08/1054162941_478:264:2323:1302_1920x0_80_0_0_38e6645deb77d08ff008b0e236688a4e.jpg
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы жана Талас облустук музыкалык драма театрынын түзүлгөнүнүн 15 жылдык мааракелерине арналган II Тоо театрлары фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Аталган иш-чара 15-19-май күндөрү Талас шаарында уюштурулат.Фестиваль элеттик көрүүчүлөрдү аймактардагы театр искусствосу менен тааныштыруу жана сахна майданында маданий алака түзүүгө багытталган. Ошондой эле тоолуу аймактардагы театрлар арасында өз ара чыгармачылык ишмердүүлүктү байланыштыруу, чыңдоо жана өркүндөтүү максатын көздөйт.Ага өлкөнүн элет жериндеги профессионал театрлары катышып, акыркы эки жылда сахналаштырылган, буга чейин фестивалдарга катыша элек спектаклдер калыстар тобуна сунушталат. Казакстандын Жамбыл облустук музыкалык драма театры конок катары чакырылган.II Тоо театрлары фестивалында төмөнкүдөй номинациялар тапшырылат:
https://sputnik.kg/20230314/zhoogazyn-festivaly-kelechektegi-pr-adisteri-uchun-mykty-ayantcha-1073567043.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/08/1054162941_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_a3e231804d1f4978e17c453a4ce2373a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, фестиваль, театр
кыргызстан, маданият, фестиваль, театр
Таласта Тоо театрлары фестивалы экинчи ирет өтөт
Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар номинациялар тапшырылат.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы жана Талас облустук музыкалык драма театрынын түзүлгөнүнүн 15 жылдык мааракелерине арналган II Тоо театрлары фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган иш-чара 15-19-май күндөрү Талас шаарында уюштурулат.
Фестиваль элеттик көрүүчүлөрдү аймактардагы театр искусствосу менен тааныштыруу жана сахна майданында маданий алака түзүүгө багытталган. Ошондой эле тоолуу аймактардагы театрлар арасында өз ара чыгармачылык ишмердүүлүктү байланыштыруу, чыңдоо жана өркүндөтүү максатын көздөйт.
Ага өлкөнүн элет жериндеги профессионал театрлары катышып, акыркы эки жылда сахналаштырылган, буга чейин фестивалдарга катыша элек спектаклдер калыстар тобуна сунушталат. Казакстандын Жамбыл облустук музыкалык драма театры конок катары чакырылган.
II Тоо театрлары фестивалында төмөнкүдөй номинациялар тапшырылат:
Мыкты музыкалык жасалгалоо;
Эркектердин образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Эркектин экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Аялдын экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн;
Көрүүчүлөрдүн симпатиясы;
Калыстар тобунун атайын сыйлыгы.
14 Жалган Куран 2023, 12:30