Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Элчи: Киевге акталган ураны бар снаряддарды берүү Армагеддонду жакындатууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив
Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
Элчинин айтымында, уран камтылган ок-дарыны колдонуунун кесепети оор болорун "батыштын журналисттери тастыктаганына көп болду".
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШ башында турган Батыш мамлекеттери Киевге акталган ураны бар ок-дары берүү чечими менен дүйнөнү кооптуу чекке жакындатууда, анын артында өзөктүк Армагеддондун карааны көрүнүп турат. Мындай эскертүүнү Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов бергенин РИА Новости жазды.
Ал Ак үй администрациясынын уран камтылган снаряддар ондогон жылдардан бери пайдаланылып, эч зыяны тийбеген куралдын кадимки түрү деген билдирүүсүнө комментарий берген.
"Мындай кепке бир нерсе деш да чынында оор. Америкалык аткаминерлер жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү менен дагы бир ирет деңгээлин көрсөтүп койду. Украинага өлүм чакырган куралдар үзгүлтүксүз жеткирилип жатат, андан карапайым калк кырылууда, эл жашаган конуштар, ооруканалар, мектептер, бала бакчалар кыйрап жатат", — деди Антонов.
Элчинин айтымында, уран камтылган ок-дарыны колдонуунун кесепети оор болорун "Батыштын журналисттери тастыктаганына көп болду". Мындай курал-жаракты колдонууда андан чыккан уулуу радиоактивдүү чаң басырылып, ракты пайда кылышы мүмкүн.
"Америкалыктар муну абдан жакшы билишет, анткени ушундай эле снаряддар Ирак менен Югославияда колдонулган. Жабыркагандар оорудан кыйналып, балдар тубаса илдет менен төрөлүшкөн", — деп эске салды Антонов.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Британиянын коргоо министри Аннабель Голди Киевге Challenger танкалары менен бирге ураны бар снаряддарды да берүүнү убадалаган.
Россия президенти Владимир Путин эгер жамааттык Батыш өзөктүк компонент камтылган курал колдоно баштай турган болсо, Москва жооп кайтарууга аргасыз болорун эскерткен. Ал Батыш "Россия менен арыкы украиналык калгыча согушууга чындап киришкенин" белгиледи. Андан кийин Британиянын ТИМ жетекчиси Жеймс Клеверли Украинага мындай куралдын берилиши абалды курчутпайт деген билдирүү тараткан.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Крым кимдики деп сурабайт". Захарова Британия, Киев, ураны бар октор тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0