АКШдагы улуу депрессия бүт дүйнөгө коркунуч туудурат. Сереп

© AP Photo / Craig RuttleНью-Йорк биржасынын кабатында трейдерлер
Нью-Йорк биржасынын кабатында трейдерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Жазылуу
Апта Батыштагы биржалар үчүн оор башталды. Адегенде америкалык акциялардын наркы төмөндөдү. Дем алышта АКШдагы эки ири банктын банкрот болушу ушундай көрүнүшкө кептеди. Муну менен чектелбей, жагдай европалык бааларга да таасир этти.
Отко Жо Байден май чачкандай болду. Дүйшөмбүдө тооруктар ачылар маалда президент америкалыктарга кайрылып, алардын акчалары ишенимдүү колдо жана банктарга салган аманаттары коопсуз экенине ынандырууга аракет кылганын белгилейт Виктория Никифорова. Серепчинин ушул жаатындагы макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Башаламандык мындан ары уланбай турганына кепилдик бере аласызбы?" — деп суроо жаадырышты журналисттер. Бирок АКШ президенти жооптон качып, жыйындан чыгып кетти.
Америкалыктар мындай билдирүүнүн төркүнүн дароо түшүнүштү. Байдендин сөзүнүн натыйжасында биржада баалар түшүп, банктар акцияларын сатууну токтотууга туура келди. Маселен, эң ири деп саналган First Republic банкынын акциялары бир күн ичинде 61,8 пайызга түштү. Ушул убакка дейре рынокто кантип кармалып келгени кызык.
Кезегинде 2007-2008-жылдардагы каржылык абалды алдын ала айта билген белгилүү инвестор Майкл Бьюрри былтыр жайында эле экономикада ири "көбүктөр" түзүлгөнүн, өзү дээрлик бардык акцияларын сатып жибергенин айткан эле. Өткөн жылы кыйла кыраакы талдоочулар масштабдуу рецессияны божомолдошкон. Ал дал ушундай абалдан, тагыраак, бир нече сааттын ичинде акциялар нарксызданып кетишинен башталат.
Азыркы тапта мындан ары эмне болору бүйүр кызытат. Дүйнөдөгү ири: америкалык, европалык банктардын жабылышы да болжонууда. Ошондой эле өздөрүнүн насыяларын жаба албай IT-стартаптарынын бир тобу да кыйрашы ыктымал. Миллиондогон америкалыктар жыйнаган тыйын, пенсиялык топтомолорунан куру калышы мүмкүн. Дональд Трамп да мекендештерине Улуу депрессия кайталанарын айтпады беле.
Кошмо Штаттар бийлиги бүгүн-эртең тооруктагы кыйроонун кесепеттерин жөнгө салган күндө да алдыдагы каржылык кырсыкты бир азга гана жылдыра алчудай. Себеби мындай абалга кептеген кадамдардын изи, атап айтканда 2020-жылдан тарта экономикага салынган триллиондогон долларлардын кесепети жоюла элек. Дал ошол себептен экономикадагы "көбүктөр" жарылууда.
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Путин: Россиянын бизнеси Батыштын кеткен компанияларынын ордун оңой эле басып койду
Ошол эле убакта Федералдык резервдик система ставканы жогорулатып, бул мурда алган насыяларын жаба албаган компанияларды банкротко кептеп жатат. "Улуу рецессиянын" алдында, тагыраак, 2005-2007-жылдары да ушундай көрүнүштөр болгону маалым.
Silicon Valley банкы банкротко кандайча кабылды? Банктын кардарлары негизинен Кремний өрөөнүндөгү ишкерлер. Алар бири-бирин жакшы таанып, окшош чечимдерди чыгарышат. SVB жаатында баары түшүнүктүү, карыздары топтолуп калган. Шаршембиде аманатчылар жапырт түрдө тыйынын ала башташкан. Эки күнгө жетпей банк андайга туруштук бере албай жабылып отурат.
Азыр аманатчылар бүт өлкө боюнча банк эсептеринен акчаларын алууда. Айрыкча орто звенодогу банктар жабыр тартууда. Жергиликтүү PacWest банкынын жетекчилиги өткөн жуманын аягында кардарлары эсептеринен 700 миллион доллар алганын кабарлады.
Ушул тапта АКШныкы сымал эбегейсиз экономика кыйрап каларын элестетүү мүмкүн эмес. Кезегинде СССР да түк ыдырабай тургандай туюлган. Бирок үңүлө карасак, дүйнөнүн бир убактагы эң алдыңкы экономикасы бүгүн карызга белчесинен батып туру. АКШнын мамлекеттик карызы 31 триллион доллар, соңку жыйырма жылда алты эсеге өстү.
Америкалык үй чарбалары 17 триллион долларга жакын карыз, жарандардын насыялык карталары боюнча карызы дээрлик триллион долларды чапчыйт. Мындай үрөй учурган өлчөмдөгү суммалардын өзү доллардын нарксызданып кеткенин каңкуулайт.
Дүйшөмбүдө дүйнөлүк валюталарга карата кыйла төмөндөп кеткени тегин жерден эмес. АКШдагы кезектеги улуу депрессия планетанын булуң-бурчуна таасир этери бышык. Чү дегенде эле ал Европанын экономикасын кошо жарга сүйрөйт. Масштабдуу рецессия мунайдын наркынын төмөндөшүнө алып келет. Бул ресурстарды саткан өлкөлөрдүн абалын кыйындатат. АКШдагы инфляция бардык жакка тарап, дүйнө жүзүндө адамдар кымбатчылыкка тушугат. Мындай шартта РФтен үлгү алып, доллардан баш тартып, импорттун ордун толуктап, альтернативдик биримдиктерди түзүп, Батыштын каржылык институттарынан көз карандылыкты азайткан оң.
Кеп экономикалык тобокелчиликтерде гана эмес. Биринчи Улуу депрессиядан америкалыктар Европадагы согушту каржылагандан кийин гана чыга алышкан. Бул жолкусунда да андан башка вариант каралбаган өңдүү. Өндүрүшкө жана Американын реиндустриализациясына кайтуу туурасындагы айтылгандар азырынча куру сөздөр. Ал эми "чыгыш фронт" Украинада эбак даяр. Америкалык кожоюндар болсо миллиондогон европалыктарды отко салуудан артка кайтпайт, анткени алар үчүн бул тек гана бизнес...
АКШнын желеги Вашингтондогу Пентагондун имаратында илинип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
АКШ дүйнөлүк согуш боюнча белги берүүдө. Кытай үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0