Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Бахмутту чыңдоо" аракетинин аягы эмне менен бүтөт? Аскерий сереп

© Sputnik / Виктор Антонюк / Медиабанкка өтүүБахмут. Архив
Бахмут. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Украиналык күчтөр Артемовскиде бекем курчоодо турат. Жагдайы начар. Россиялык күчтөр калаага чар тарабынан чабуул коюуда. Донбасс толугу менен бошотуларына аз калганы байкалат...
АКШ менен НАТОнун украиналык согуштук аракеттер театрындагы стратегиясынын быт-чыты чыгары космостон да көрүнүп жатат деп белгилейт аскерий серепчи Александр Хроленко. Автор бул сапар да украиналык согуштук аракеттер театрындагы абалдан кеп козгойт.
Жаз алды менен "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын чабуулчу отряды украиналык күчтөрдөн Артемовскинин Парасковиевка, Берховка, Ягодное, Дубово-Васильевка, Ступки кичи райондорун бошотту. Украиналык диверсанттар тарабынан Артемов дамбасынын жардырылышы да россиялык чабуулду токтото алган жок. Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы "Бахмуттагы оор кырдаалдан" кабарлап, "тынымсыз чабуулдук аракеттер" болуп жатканын билдирген.
Россиялык күчтөр артиллерия, танк, залптык октун реактивдүү тутумдары менен авиациялык чабуул койсо, украиналык аскердик бөлүктөрүндө курал-жарак, ок-дары тартыш. Батыш согуш талаасында үмүтүн актай албай жаткан киевдик режимдин абалына тынчсызданууда. Украина Куралдуу күчтөрү "Бахмутту чыңдоо операциясынан" (2022-жылдын августунан бери күн сайын 500гө чукул жоокер, офицерлеринен ажырап келет) чегинүүгө камынууда.
Украинада Бахмут/Артемовскиге аттанган жоокерлердин баарын жан кечти деп аташат, анткени эки аптага жетпей же жарадар болот, же окко учат. Бир аз мурдараак немец чалгындоо кызматы Украина Куралдуу күчтөрүнүн эбегейсиз жоготууларын тастыктаса, Кошмо Штаттардын мурдагы деңиз пехотачысы Трой Оффенбекер алдыңкы катардагы украиналык солдаттын төрт гана саат өмүрү бар экенин ченеген.
Кечээ Артемовскинин четинде Львов облусунда жайгашкан "король Даниил жана Борис Жонсон" атындагы "элиталык" 24-механизацияланган бригадасынын мизи кайтарылды. Туусу согуш талаасына ташталды, бригада тарап кеткенден башка аргасы жок.
Президент Владимир Зеленский февралдын башында Бахмутту (Артемовскини) алдырбай турганын жар салган. Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн мобилизациялык резервдери чектелүү, ал эми РФтин Куралдуу күчтөрүнүн кудурети эч кимден көз каранды эмес экени ырас. НАТОнун аскердик-экономикалык дарамети жөнүндөгү уламыш суу кечпей калды. Союздаш отуз өлкөнүн баары, алардын канатына кире калган "штаттан тышкаркы" дагы жыйырмасы тең жыл бою жүз миллиарддаган доллар жана еврого куралдандырылганы менен украиналык согуштук аракеттер театрында россиялык аскердик күчтөрдүн ок атуу, тактикалык, стратегиялык үстөмдүгүнө таасир эте алган жок.
Украина Куралдуу күчтөрү тарапта алтымыш өлкөдөн, айрыкча, Польша, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Румыния, Улуу Британиядан бир нече миң жалданма аскерлер бар экени белгилүү. Бир жыл аралыгында үч миңге чукул чет өлкөлүк "ыктыярчылар" жок кылынып, дал ушундай эле сандагы жалданма жоокерлер үйлөрүнө кайтканы белгилүү.
Артемовскинин тегерегиндеги курчоо улам тарып барат. "Бахмут фортециясы" гарнизонун абалы кейиштүү экенин Киевдегилер да моюнга алууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Зеленскийге Богдановка менен Хромово россиялык күчтөр тарабынан алынган соң ыкчам курчоо кескин кызып кетерин билдирди. Донецкидегилер жаңы курчоо чегин түзүү үчүн Украина бул багытка Часов Ярга батыш куралдарын жайгаштырганын маалымдашты.
Ярс ракеталык комплексинин жанында жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Россия АКШдан коргонуу үчүн согуштук операциянын жаңы түрлөрүн иштеп чыгууда
Ошол эле учурда россиялык күчтөр Украина Куралдуу күчтөрүнүн Краматорск, Славянск жана Угледардагы объектилерине артиллериялык катуу сокку урууда. РФ күчтөрү Авдеевканын түндүк тарабына жана Красногоровкадагы коргонуу чегин жиреп киришти. Бул багыт аларга украиналык аскерлердин Авдеев бекемделген районундагы тылына түндүк-батыштан кирүүгө мүмкүндүк берет.
Россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуусун чабуулчу бөлүктөрдүн кынтыксыз тактикасы менен бузуп кирүүдө. Батыш талдоочуларынын баамында, алардын курамында алты чакты Т-72, 12ге жакын пехота машинасы, танкага каршы көчмө ракеталар, миномет, гранатомет жана сүйрөлүүчү артиллериясы бар. Каршылашкан тараптын ушундай даярдыгында украиналык күчтөрдүн азыркы жагдайы менен Запорожьеге контрчабуул коюу акылга сыйбайт.
Батыш менен Украина Куралдуу күчтөрүнө "Леопарддар" көмөкчү боло алар бекен? Донецк Эл Республикасынын башчысы Ян Гагин мурдагы күнү Артемовскиге Польша берген төрт Leopard 2A4 танкы жеткирилгенин кабарлады. Алардын бири польшалык жалданма аскерлер экипажы менен бирге колго түшүрүлгөнү тууралуу маалымат да тарады.
Германия "Леопарддарды" тапшыруу (Украинага реэкспорттоого уруксат берүү) чечимин кабыл алганы менен Европада танк жетишерлик эмес, анан да эскилиги жетип, согушка жарабай турганы белгилүү болду.
Пентагон бир эле убакта "дүйнө Украинаны чечкиндүү түрдө колдоорун", бирок "Украина берилип жаткан куралдарды өзү төлөөгө тийиш экенин" айтат. Бирок өзү төлөй албастыгы айдан ачык. Башаламандык британиялык Challenger 2 танкы берилгенден тарта башталган. Чындап эле ийгиликсиз бир ишке каражат салуунун кажети барбы?
Британиялык Daily Mail газетасы Владимир Путиндин "аскердик ири жеңишке" жакындап калганын, анткени кырдаал "катуу чыңалып", "Россия украиналыктарды багынып берүүгө аргасыз кылып, Бахмутка чабуулун күчөтүүдө", - деп жазат.
Батыштагылар кырдаалдын катаалдыгын, Москванын негизги максаттарына жетүүгө чейин россиялык атайын аскердик операциянын улана турганын аңдашты. Атап айтканда, италиялык чалгындоо кызматы улуттук парламентине берген жылдык отчетунда ушундай боолгологон.
Ал тургай Кошмо Штаттардагылар Россиянын катышуусундагы согуштук аракеттер "Афганистан же Ирактагы сафари эмес" экенин сезишкен өңдүү. Washington Times гезити "Украинада Вашингтондун стратегиясы иштебестигин" моюнга алды. Бул жаңжал АКШнын ар кыл чөлкөмдөгү өлкөлөрдөн турган кеңири коалиция түзө албастыгын айгинелеп койду. Ошондой эле Европадагы америкалык союздаштар арасындагы күчтөрдүн көнүмүш тең салмактуулугу бузулуп, Германия менен Франциянын ордуна эми Польша жана Балтика өлкөлөрүнө басым жасала баштады. Экинчиден, Россия өзүнүн эл аралык байланыштарын өрчүтүп алды.
The American Conservative журналы Украина кайрадан Афганистанга айланып, НАТО бул жактан да шаабайы сууп чыгат деп жоромолдойт. "Эгер Европанын тагдыры коркунучта болсо, анда эмнеге Берлин, Брюссель, Париждегилер эмес, Вашингтондогулар катуу кабатырланып туру?" - деп суроо салат. Тарых да Кошмо Штаттар "ар кыл себептер менен Украинада жеңилерин" шыбырап тургандай.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинага аскердик жардамдын арттырылышы Батыш өлкөлөрүнө эскалация коркунучун туудуруп, бирок Россиянын жеңиши андан да кооптуу экенин билдирди. НАТОнун "камкордугусуз" украиналыктар 70 жыл бою кантип тынч жана бакубат жашашканы таң каларлык...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украиналык жоокерлер Артемовсктун жанындагы окопко баш калкалоодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинанын химиялык эвтаназиясын пландоодо. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0