00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Залкарлардын көчүн улап... Даңазалуу комузчу Самара Токтакунованын сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн — белгилүү комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан 78 жаштагы залкар инсандын сүрөттөрүн сунуштайт.
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногондуктан кичине кезинен музыкага жакын өскөн. Элеттеги мектепти аяктаган соң чыгармачылыкка жакын өспүрүмдү апасы Фрунзеге алып келип музыкалык училищенин комуз бөлүмүнө тапшырткан. 15 жашында эле Токтогул Сатылганов, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Мураталы Күрөңкөев, Атай Огонбаев, Шекербек Шеркулов өңдүү залкарлардын күүлөрүн чертип чоң сахнага кадам таштаган.
Токтакунова 1972-жылдан бери бир комузду чертип, жалпы 56 жыл оркестрде ойногон. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырып, эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп кыргыз элин тааныткан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында шакирттерди тарбиялап келди, азыр эс алууда.
"Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевге турмушка чыгып 26 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Бир баласы Актан Исабаев эстрада жанрында ырчы-аткаруучу, экинчиси Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенет.
© Sputnik / Александр Федоров

Комузчу 15 жашынан баштап кесиби боюнча иштей баштаган

Комузчу 15 жашынан баштап кесиби боюнча иштей баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/16

Комузчу 15 жашынан баштап кесиби боюнча иштей баштаган

© Фото / архив Национальной телерадиокорпорации

16 жаштагы Самара Токтакунова менен 20 жаштагы Сардарбек Жумалиев. Фрунзе шаары, 1961-жыл.

16 жаштагы Самара Токтакунова менен 20 жаштагы Сардарбек Жумалиев. Фрунзе шаары, 1961-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/16

16 жаштагы Самара Токтакунова менен 20 жаштагы Сардарбек Жумалиев. Фрунзе шаары, 1961-жыл.

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүү

Токтакунова "Камбаркан" фольклордук тобунун курамында узак убакыт эмгектенген

Токтакунова "Камбаркан" фольклордук тобунун курамында узак убакыт эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
3/16

Токтакунова "Камбаркан" фольклордук тобунун курамында узак убакыт эмгектенген

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү

Чыгармачыл инсан ооз комуз да каккан. Сүрөттө солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. Фрунзе шаары, 1981-жыл.

Чыгармачыл инсан ооз комуз да каккан. Сүрөттө солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. Фрунзе шаары, 1981-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/16

Чыгармачыл инсан ооз комуз да каккан. Сүрөттө солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. Фрунзе шаары, 1981-жыл.

© Фото / из личного архива Самары Токтакуновой

Самара Токтакунова менен Чалагыз Исабаев. Экөө Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде табышкан.

Самара Токтакунова менен Чалагыз Исабаев. Экөө Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде табышкан. - Sputnik Кыргызстан
5/16

Самара Токтакунова менен Чалагыз Исабаев. Экөө Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде табышкан.

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү

Ортодо комузчулар ансамблдин жетекчиси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чалагыз Исабаев, оң жагында жубайы СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, сол жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Айша Базарбаева.

Ортодо комузчулар ансамблдин жетекчиси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чалагыз Исабаев, оң жагында жубайы СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, сол жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Айша Базарбаева. - Sputnik Кыргызстан
6/16

Ортодо комузчулар ансамблдин жетекчиси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чалагыз Исабаев, оң жагында жубайы СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, сол жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Айша Базарбаева.

© Фото / из семейного архива Исабаевых

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаев. Фрунзе шаары, 1987-жыл.

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаев. Фрунзе шаары, 1987-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/16

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаев. Фрунзе шаары, 1987-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты оркестрде 56 жыл комуз черткен

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты оркестрде 56 жыл комуз черткен - Sputnik Кыргызстан
8/16

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты оркестрде 56 жыл комуз черткен

© Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев. Канада, 1967-жыл.

Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев. Канада, 1967-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/16

Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев. Канада, 1967-жыл.

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүү

Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова.

Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова. - Sputnik Кыргызстан
10/16

Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова.

© Фото / из личного архива Самары Токтакуновой

СССРдин эл артисти комуз чертип ондогон өлкөгө концерт коюп барган. Комузчу атактуу космонавт Юрий Гагарин менен. Москва шаары, 1962-жыл.

СССРдин эл артисти комуз чертип ондогон өлкөгө концерт коюп барган. Комузчу атактуу космонавт Юрий Гагарин менен. Москва шаары, 1962-жыл. - Sputnik Кыргызстан
11/16

СССРдин эл артисти комуз чертип ондогон өлкөгө концерт коюп барган. Комузчу атактуу космонавт Юрий Гагарин менен. Москва шаары, 1962-жыл.

© Фото / из архива Самары Токтакуновой

СССРдин маданият күндөрү. Оң жакта экинчи турган Самара Токтакунова. Швейцария, 1981-жыл.

СССРдин маданият күндөрү. Оң жакта экинчи турган Самара Токтакунова. Швейцария, 1981-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/16

СССРдин маданият күндөрү. Оң жакта экинчи турган Самара Токтакунова. Швейцария, 1981-жыл.

© Фото / из архива Самары Токтакуновой

Музыканттардын үй-бүлөсү. Скрипкада ойногон Аслан Исабаев, фортепианода Актан Исабаев, экөөнө көз салган Самара Токтакунова.

Музыканттардын үй-бүлөсү. Скрипкада ойногон Аслан Исабаев, фортепианода Актан Исабаев, экөөнө көз салган Самара Токтакунова. - Sputnik Кыргызстан
13/16

Музыканттардын үй-бүлөсү. Скрипкада ойногон Аслан Исабаев, фортепианода Актан Исабаев, экөөнө көз салган Самара Токтакунова.

© Фото / из архива Самары Токтакуновой

Залкар талант узак убакыттан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга тажрыйба бөлүшүп иштеп келет. Сүрөттө кесиптештери менен.

Залкар талант узак убакыттан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга тажрыйба бөлүшүп иштеп келет. Сүрөттө кесиптештери менен. - Sputnik Кыргызстан
14/16

Залкар талант узак убакыттан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга тажрыйба бөлүшүп иштеп келет. Сүрөттө кесиптештери менен.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алуу учуру, 2019-жыл

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алуу учуру, 2019-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/16

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алуу учуру, 2019-жыл

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики

КРдин эл артисти, II жана III даражадагы Манас орденин кавалери 78 жашка толду. Сүрөттө залкар талант мурдагы маданият министрлери Кайрат Иманалиев менен Азамат Жамангулов менен.

КРдин эл артисти, II жана III даражадагы Манас орденин кавалери 78 жашка толду. Сүрөттө залкар талант мурдагы маданият министрлери Кайрат Иманалиев менен Азамат Жамангулов менен. - Sputnik Кыргызстан
16/16

КРдин эл артисти, II жана III даражадагы Манас орденин кавалери 78 жашка толду. Сүрөттө залкар талант мурдагы маданият министрлери Кайрат Иманалиев менен Азамат Жамангулов менен.

Тема боюнча:
Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү
Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0