Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Кыргыздын той-топурлары эзелтеден оюн-зоок, ыр-күү, бийсиз өтчү эмес. Той ээси меймандардын маанайын көтөрүү үчүн ырчы, комузчу, төкмө акын, манасчыларды... 28.01.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргыздардын күнүмдүк жашоосунда бешик ыры, акыйнек айтышуу, кошок ырлары кеңири айтылган. Эл ичинде көп кырдуу таланттар арбын болуп, ак таңдай акындары, чечендери, жамакчылары, дастанчылары, обон созгон ырчылары чоң мааракелерге чакырылбай калчу эмес. Өнөр сыйлаган эл аларды дайым баалап, барктап, урмат-сый менен мамиле кылган. Алар кийин кесипкөй чыгармачыл инсандарга айланып, эл аралап гастролдон колу бошочу эмес.Тема боюнча:— Бишкектин түштүгүндөгү көк бөрү: жанын сабап ойногон улакчылардын сүрөтү— Кылтак коюп, куш таптап, мергенчилик кылган кыргыздар. Архивдик сүрөттөр— Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү
Кыргыздын той-топурлары эзелтеден оюн-зоок, ыр-күү, бийсиз өтчү эмес. Той ээси меймандардын маанайын көтөрүү үчүн ырчы, комузчу, төкмө акын, манасчыларды чакырган. Sputnik агенттиги алардын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Кыргыздардын күнүмдүк жашоосунда бешик ыры, акыйнек айтышуу, кошок ырлары кеңири айтылган. Эл ичинде көп кырдуу таланттар арбын болуп, ак таңдай акындары, чечендери, жамакчылары, дастанчылары, обон созгон ырчылары чоң мааракелерге чакырылбай калчу эмес. Өнөр сыйлаган эл аларды дайым баалап, барктап, урмат-сый менен мамиле кылган. Алар кийин кесипкөй чыгармачыл инсандарга айланып, эл аралап гастролдон колу бошочу эмес.
Солдон оңду көздөй отурган кыргыз адабият жана маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү: Касымаалы Жантөшев, Аалы Токомбаев, манасчы Саякбай Каралаев, төрдөгү аксакалдар менен берки четте отурган Шүкүрбек Бейшеналиев жана Кубанычбек Маликов. Алар 1959-жылы Жалал-Абад облусуна "Манас" эпосун изилдегени жана гастролдоп барган

Эл аралаган таланттар: куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев. Ысык-Көл облусу, 1980-жылдар