https://sputnik.kg/20230222/madaniyat-moldobasan-musulmankulov-murataly-kurenkeev-taberik-surot-1073074747.html
Мураталы Күрөңкөев менен Молдобасан Мусулманкулов. Таберик сүрөт
Мураталы Күрөңкөев менен Молдобасан Мусулманкулов. Таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 22.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-22T20:15+0600
2023-02-22T20:15+0600
2023-02-24T09:39+0600
кыргызстан
маданият
таберик сүрөт
мураталы күрөңкөев
молдобасан мусулманкулов
https://sputnik.kg/img/07e7/02/16/1073074348_0:98:2048:1250_1920x0_80_0_0_14aaafd04c2e9cdd5801129cf545e4ed.jpg
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРСолдо колуна комуз кармап отурган Кыргыз ССРинин эл артисти, комузчу, манасчы Молдобасан Мусулманкулов менен кыл кыякчы, композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Мураталы Күрөңкөевдин сүрөтү 1938-жылы Фрунзе шаарында тартылган.Ал жылдары сүрөттөгү залкарлар борбор калаадагы филармонияда иштеп, сырттан келген музыка изилдөөчүлөр менен тыгыз иштешкен.Мураталы Күрөңкөев 20-жылдардын башында эл ичинен таланттуу жаштарды тандап Каракол шаарында комузчулар ансамблин түзүп, кийин борбор калаага чакыртылган. 1928-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрда иштеп, эл аспаптар оркестринде эмгектенген. Ошондой эле музыка изилдөөчү-этнограф Александр Затаевич менен биргеликте 50дөн ашык комуз, кыл кыяк күүсүн нотага түшүртүп, тарыхын жазып калтырган."Мураталы кыргыз музыка өнөрүнүн, билиминин чыныгы өкүлү, көөнөргүсү эле. Акылдуу, сындуу, аксакал элдик тамашаларды мыкты билген, баамчыл инсан болгон", — деп жазган Затаевич өз эмгегинде.Композиторго таандык бир топ күүлөр, обондуу ырлар азыркыга чейин ырдалып келет. Кыргыз ССРинин эл артисти 1949-жылы 12-январда 89 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.Ал эми төкмө акын, манасчы Молдобасан Мусулманкулов 1933-жылы Кыргыз драма театрына ырчы катары кабыл алынып, 1952-жылга чейин филармонияда солист болуп эмгектенген. Кезинде белгилүү фольклорчу Каюм Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусундагы "Курманбек", "Жаныш-Байыш" кенже эпосторун, "Семетей" эпосун жана дастан, жомокторду жаздырып алган. Көп кырдуу талант 1961-жылы 16-июнда 78 жашында көз жумган.Баса, сүрөттөгү эки залкар тең 1938-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасына катышып, улуттук өнөрдү даңазалаган.По теме:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/16/1073074348_126:0:1923:1348_1920x0_80_0_0_bda470726f40841c46f45dc74f52fc45.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, таберик сүрөт, мураталы күрөңкөев, молдобасан мусулманкулов, инфографика
кыргызстан, маданият, таберик сүрөт, мураталы күрөңкөев, молдобасан мусулманкулов, инфографика
Мураталы Күрөңкөев менен Молдобасан Мусулманкулов. Таберик сүрөт
20:15 22.02.2023 (Жаңыртылды: 09:39 24.02.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Солдо колуна комуз кармап отурган Кыргыз ССРинин эл артисти, комузчу, манасчы Молдобасан Мусулманкулов менен кыл кыякчы, композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Мураталы Күрөңкөевдин сүрөтү 1938-жылы Фрунзе шаарында тартылган.
Ал жылдары сүрөттөгү залкарлар борбор калаадагы филармонияда иштеп, сырттан келген музыка изилдөөчүлөр менен тыгыз иштешкен.
Мураталы Күрөңкөев 20-жылдардын башында эл ичинен таланттуу жаштарды тандап Каракол шаарында комузчулар ансамблин түзүп, кийин борбор калаага чакыртылган. 1928-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрда иштеп, эл аспаптар оркестринде эмгектенген. Ошондой эле музыка изилдөөчү-этнограф Александр Затаевич менен биргеликте 50дөн ашык комуз, кыл кыяк күүсүн нотага түшүртүп, тарыхын жазып калтырган.
"Мураталы кыргыз музыка өнөрүнүн, билиминин чыныгы өкүлү, көөнөргүсү эле. Акылдуу, сындуу, аксакал элдик тамашаларды мыкты билген, баамчыл инсан болгон", — деп жазган Затаевич өз эмгегинде.
Композиторго таандык бир топ күүлөр, обондуу ырлар азыркыга чейин ырдалып келет. Кыргыз ССРинин эл артисти 1949-жылы 12-январда 89 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Ал эми төкмө акын, манасчы Молдобасан Мусулманкулов 1933-жылы Кыргыз драма театрына ырчы катары кабыл алынып, 1952-жылга чейин филармонияда солист болуп эмгектенген. Кезинде белгилүү фольклорчу Каюм Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусундагы "Курманбек", "Жаныш-Байыш" кенже эпосторун, "Семетей" эпосун жана дастан, жомокторду жаздырып алган. Көп кырдуу талант 1961-жылы 16-июнда 78 жашында көз жумган.
Баса, сүрөттөгү эки залкар тең 1938-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасына катышып, улуттук өнөрдү даңазалаган.