Шаардан "чарчаган" Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Солдон оңду көздөй отурган белгилүү кинорежиссёр Төлөгөн Сыдыков, атактуу актриса, СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекованын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында тартылган.
Бул жылы жаш кинорежиссёр Аман Камчыбеков дипломдук иши катары "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильмин тартууга киришкен эле.
Экинчи режиссёр Төлөгөн Сыдыков кинонун тартылган учурун мындайча эскерет:
"Мага Аман Камчыбеков бир күнү үйгө келип жеңесин кучактап "байкемди мага бер, чогуу отуруп сценарий жазганга жардам берсин" деп калды. Ошентип "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынын үстүнөн иштеп, сценарийин эки күндө жазганбыз. Кийин бат эле тасма тартуу иштери башталып кетип менин батиримде тартып, лифтини филармониянын жанындагы үйлөрдүн биринде камерага түшүрүп, Амандын чыгармачылыгына кол кабыш кылгам. Анда Сабира Күмүшалиева кайнененин, Жумаш Сыдыкбекова анын келининин ролун аткарган. Аларды экинчи режиссёр катары мен тандагам. Сюжети боюнча айылдан шаарга уулуна келген элеттик эки байбиче көп кабаттуу үйдөгү лифтке түшкөндөн коркуп, тогузунчу кабатка жөө чыгып, шаардыктардын баскан-турганына, кылган мамилесине таң калып, өз ара кызуу баарлашат. Экөө тең залкар актрисалар эле. Алар биринчи кадрдан акыркы кадрга чейин өз ролдорун ийине жеткире аткарган тубаса таланттар болчу. Соңунда Амандын кинофильмин Москвадагы устаты көрүп жогору баа берген", — деди Сыдыков.
Комедия жанрындагы кинокартинада айылдан шаарга уулунун үйүнө келе жаткан эки кемпирдин кылык-жоругу баяндалган эмгекте Дооронбек Садырбаев, Айтжан Айдарбеков, Токон Дайырбеков да тартылган. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми кийин бир катар эл аралык фестивалдарда байгелүү кайткан.
Тема боюнча:
Мураталы Күрөңкөев менен Молдобасан Мусулманкулов. Таберик сүрөт
Бири-бирин колдоп, кубаттап... Сартбаева менен Молдобасановдун таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0