Бири-бирин колдоп, кубаттап... Сартбаева менен Молдобасановдун таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Сартбаевых
СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, атактуу композитор, дирижёр Калый Молдобасановдун сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган. Сүрөттөгү чыгармачыл инсандар борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында иштечү.
87 жаштагы сахна жылдызы Кайыргүл Сартбаева ал мезгилди мындайча эскерет.
"Москвадагы консерваторияны 1962-жылы аяктап Фрунзедеги Опера жана балет театрына келгем. Кыргыз профессионал маданиятынын негиз салуучулары Абдылас Малдыбаев, Асанкан Жумакматов, Сайра Кийизбаева, Артык Мырзабаев, Токтонаалы Сейталиев менен иштешип, концерт коюп өлкө ичинде барбаган айыл калган жок. Жаштыгым, чыгармачылыгым ошол жакта өтүп, 75 жашка чейин сахнага чыктым. Анан театрда ар бир дирижёрдун өзүнүн талабы, көз карашы болот. Алар менен иштешүү чындыгында оор келет, ага чыдаш керек. Сахнага чыгаар алдында айткан акыл-насааттарын, кеп-кеңештерин укпаса болбойт. Мага Калый агай менен иштешүү жеңил эле. Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшошуп кеткендиктен бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Солист болуп иштеп жүргөндө "сен биринчи сопраносуң" деп мактап мага көп нерсени үйрөттү, сабак берди. Спектаклге чыгаар алдында "баланча жерден үндү катуулатышың керек, эгер үнүң басаңдап калса оркестрди кичине акырындатам" деп калчу. Мен кыйынчылыксыз эле ырдайм десем кубаттап койчу", — деди Сартбаева.
Молдобасанов чыгармачылыгында ондогон симфониялык бийлерди, аспаптык пьесаларды, 50дөй вокалдык чыгармаларды жаратып, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жазып, узак убакыт дирижёр болуп эмгектенген.
Ал эми атактуу ырчы Кайыргүл Сартбаева Москвадагы Петр Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда билим алып, Фрунзедеги театрда дүйнөлүк жана ата мекендик композиторлордун ырларын, романстарын оркестрдин коштоосунда аткарып, камералык ырчы катары эл арасына кеңири таанылды. СССРдин эл артисти азыр ардактуу эс алууда.
Тема боюнча:
Адамдык сапаты бийик, чыгармачыл дарамети күчтүү эле. Базаровдун таберик сүрөтү
Төлөмүш Океевдин даңазасын арттырган операторлор. Киночулардын таберик сүрөтү
Айылын көксөп, дегдеп, сагынып... Сүймөнкул Чокморовдун таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0