Кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабас — макулук. Аялзатынын макамы
Кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабас — макулук. Аялзатынын макамы
Sputnik Кыргызстан
Ар нерсеге өтө этият мамиле жасаган калкпыз. Аялды эч качан төмөн санап, басынткан эмеспиз. Sputnik Кыргызстан агенттигинде аялзатынын, кыз кишинин ордуна... 08.03.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыз кишини жаш курагына карап аялдын турмуштагы ордун, ал тургай басып өткөн жолун көрсөтүп атаган элбиз. Бала, карыя, жигиттикиндей эле аялзатынын, кыздын да өз наркы болорун этнограф Октябрь Капалбаев айтып берди.Тема боюнча:
Ар нерсеге өтө этият мамиле жасаган калкпыз. Аялды эч качан төмөн санап, басынткан эмеспиз. Sputnik Кыргызстан агенттигинде аялзатынын, кыз кишинин ордуна карата аталышын белгилеген сүрөт түрмөк сунуштайбыз.
Кыз кишини жаш курагына карап аялдын турмуштагы ордун, ал тургай басып өткөн жолун көрсөтүп атаган элбиз. Бала, карыя, жигиттикиндей эле аялзатынын, кыздын да өз наркы болорун этнограф Октябрь Капалбаев айтып берди.
Секелек — кыз баланын секирип ойноп жүргөн 9 жашка чейинки мезгили. Шариятта да кыздардын балакатка жеткен маалы 9 жаш делет. Андан кийин жеткинчек, өспүрүм болот.
Селки — өспүрүм кызды селки деп атайт. Селки дегени эч нерсе менен иши жок, турмуштун түйшүгүн билбей бийлеп турган кези. Буга 12-16 жаштагы кыздар кирет;
Байбиче — аксакал кандай кадыр-баркка ээ болсо, байбиче да ошондой даражадагы аялзаты. Ал элге кызматы сиңген кадырлуу эне даражасындагы аял. Жумурай журтка өзүнүн улуулугун көрсөтүп, аялдык, жубайлык, жеңелик милдетин так, туура аткарып, таасири эли-журтуна жетсе, анда ал "байбиче" болот;