Кыргызстанда эл көп айдаган автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү? Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан мурда айдалган автоунаалардын базардагы баасы тууралуу маал-маалы менен билдирип турат. Бул жолу биз популярдуу темир тулпарлардын баасы 2023-жылдын январынан мартына чейин кандай өзгөргөнүнө баам салдык.
Инфографикадан суроо-талап жогору болгон, мурда айдалган 15 түрдүү автокөлүктүн баасы кандай өзгөргөндүгүн көрүүгө болот.
Кыргызстандыктар көп колдонгон автомобилдердин тизмеси:
Toyota Camry;
Daewoo Nexia;
Honda Fit;
Honda CR-V;
Mercedes-Benz E-классы;
Daewoo Matiz;
BMW 5-серия;
Volkswagen Passat;
Honda Accord;
Honda Odyssey;
Lexus RX;
Hyundai Sonata;
Lada 2107;
Toyota Prius;
Toyota RAV4.
Бул жерде чыккан жылы эл арасында кеңири суроо-талапка ээ автоунаалардын наркы көрсөтүлдү.
Бааларды autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтарга карап салыштырдык. Баалар доллар менен көрсөтүлгөн. Биринчи анализ доллар 85,8 сом турган кезинде, ал эми акыркы жолу 4-мартта доллар 2 сомго өсүп кеткен учурда жасалды.
Темир тулпарлардын көпчүлүгү 200-500 долларга арзандаган. Биз орточо бааларды көрсөткөнүбүздү жана бул акыркы баа эместигин эске салабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0