Компьютердик оюндарга көз каранды болгон балдардын көбүнө баарлашуу жетишпейт

© Фото / PixabayКомпьютердик оюн менен кызыккан бала. Иллюстративдик сүрөт
Компьютердик оюн менен кызыккан бала. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
Виртуалдык оюндарга ашыкча берилип кеткен баланын көрүүсү, угуусу начарлап, омурткасы кыйшайып, уйкусу бузулат, башы ооруйт.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору балдардын компьютердик оюндарга берилип кетүүсүнүн түпкү себебин, баланы андан алаксытуунун жолун жарыялаган. Мындан тышкары, борбордон виртуалдык оюндарга көз каранды болуп калган балдарга мүнөздөмө да берилген.
"Компьютердик оюндар азыркы балдардын жашоосунун бөлүнгүс бир бөлүгү болуп калды. Бул жеткинчектердин эс тутумунун, интуициясынын өнүгүшүнө жардам берип, бала өзүн ишенимдүү сезгенге шарт түзөт. Анткени алар өздөрү курактуулар эмне менен көп алектенишсе, жаңы тенденциялардан артта калбай ошол нерсе менен алектенгилери келет. Бирок ал ойнобой отурганда деле оюнун баары компьютерде болуп калса, тынчы кетсе, анын бул азгырыгы көз каранды болууга чейин жетиши мүмкүн", — деп жазылат борбордун макаласында.
Адистер белгилегендей, компьютердик оюнду ойноп жатканда баланын организминде эндорфин — ырахаттануу гормондору бөлүнүп чыгат, бул аны психологиялык-эмоционалдык абалга жетелейт. Мындайда бала уктабай, тамактанбай сутка бою ойноп отура бериши мүмкүн. Окууга, достору менен ойногонго жана башка нерселерге кызыгуусу тарай баштайт.
"Виртуалдык оюндарга артыкча берилип кеткен баланын көрүүсү, угуусу начарлап, омурткасы кыйшайып, уйкусу бузулат, башы ооруйт. Айланадагыларга бат кыжырданат. Көп учурда балага көңүл буруу, баарлашуу жетишпегенде, теңтуштары менен тил табыша албай жүргөндө компьютердик оюндарга катуу берилип кетет. Мындан тышкары, мындай азгырыкка уялчаак, өзүнө ишене албаган, өзүн эркин сезе албаган балдар да бат кирет. Алар ошол оюнда өздөрүн күчтүү, баатыр сезе алышат", — деп айтылат борбордун маалыматында.
Психологдор башталгыч класстын окуучулары компьютерде күнүнө 15-20 мүнөт, орто класстагы балдар 30-60 мүнөт, чоң класстар 60-90 мүнөт отурса туура болорун белгилешкен.
Адистер баланы компьютердик оюндардан алыстатуу үчүн ата-энелерди көбүрөөк сүйлөшүүгө, чогуу сейилдеп, анын жашоосуна, окуусуна кызыгып, дос катары мамиле жасоого чакырышат. Баланын жашоосу канчалык кызыксыз болсо, ал ошончолук компьютердик оюндарга азгырыла берет.
Балдар футбол ойноо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Баланы гаджетке байлабай, эшикке ойноткон алда канча пайдалуу. Адистердин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0