Депутат Улуттук банктын 45 тонна алтыны боюнча айтты. Бийликтин түшүндүрмөсү

© AFP / ARNE DEDERTАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Жазылуу
Башкы банктан учурда алтындын көлөмү канча экенин жана аны мамлекеттик карызга төгүп жиберсе болор-болбосун айтып беришти.
Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин айтканы чоң талкуунун башы болду.
"Президент Улуттук банкта сакталып турган алтындар менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё алат", — деген эле ал. Кеп 1 млрд. 800 млн. доллар туурасында жүргөн.
Анын айтымына караганда, Улуттук банкта сегиз тонна күмүш, 45 тонна алтын жатат жана аны 3,8-4 миллиард долларга сатса болот. Анткен менен депутат айтылган алтын Улуттук банктын резервиндеби же ал жакта жөн гана сакталып турабы деген маселени так айткан эмес.
Эске салсак, Түлөбаев Кумтөрдүн ишин жана алтындын сатылышын иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү.

Министрлер кабинетинин маалыматы

Ишемби күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, президент Садыр Жапаров 2021-жылы Кумтөр алтын кенинин мамлекетке өткөнүн жарыя кылганын эске салды.
"Эки жылда эле 45 тонна алтын, сегиз тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым", — деген Жапаров.
Ал Түлөбаевдин айтканына комментарий берип жатып азыр төлөп койсок да болорун, бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төккөндө үстөгү көбөйүп кетерин түшүндүргөн.
"Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер, анда үстөгүн эки пайыз эмес, баланча пайыз менен төлөйсүңөр деп көрсөтүлгөн. Ошон үчүн сырткы карызды график боюнча эле төккөн туура болот. Кудайга шүгүр, карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси, бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду", — деген Жапаров.

Улуттук банктын резервдер боюнча маалыматы

Улуттук банктан январь айынын соңуна карата эл аралык резервдер 2 миллиард 850 миллион доллар, алтын 1 миллиард (16,4 тонна) деп бааланган.

Мамлекеттик карызды резервдер менен жапса болобу?

Улуттук банктан, мыйзамга ылайык, регулятор резервдик активдердин коопсуздугун камсыздоо жана ликвиддүүлүк приоритеттерин эсепке алганда, эл аралык резервдерди өз алдынча түзүп, ээлик кылып башкара аларын айтышты.
Мамлекет башкы банктын милдеттери боюнча жоопкерчиликтүү эмес, бул Улуттук банк өлкөнүн милдеттери боюнча жоопкерчилик албаганындай эле нерсе. Анткен менен министрлер кабинетинин чет элдик валютага болгон муктаждыгын сомго айлантып, дайыма камсыздап турат.

Резервдер эмне үчүн керек?

Улуттук банктан алтын валюталык резервдердин маанисин түшүндүрүп беришти:
улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, баалардын туруктуулугу, өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыздоо;
министрлер кабинетинин милдеттенмелерин чет элдик валюта (бийликке валютаны мамлекеттик карыз жана башкаларды төлөө үчүн сатат) менен өз учурунда тейлеп турушу;
Улуттук банктын өз милдеттенмелерин чет элдик валюта менен аткарышы;
Улуттук банктын операциялык ишмердүүлүгүн камсыздоосу;
Улуттук банктын конституциялык мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарын аткарышы.
"Улуттук банктын алтын валюта резервдери валюта рыногунда улуттук акчанын курсунун кескин олку-солку болуп кетишин кармап туруу, туруктуулугун сактоо үчүн керек. Андан сырткары эгерде өлкөгө чет элдик валютанын кириши токтоп калса товарлардын, көрсөтүлчү кызматтардын келечектеги импортун каржылоодо коопсуздук чара катары турат", — деп түшүндүрүштү регулятордун маалымат кызматынан.

Резервдердин азайышы эмнеге алып келет?

Төлөм балансынын позициясынан алганда, алтын валюта резервдеринин олуттуу түрдө кыскарып кетиши кезектеги операциялардын эсептеринин тартыштыгын финансылоочу каражаттын жетишсиздигине, девальвацияга жана алмаштыруучу курска жасалган басымдын өсүп кетишине алып келет.
"Бул импорттолгон товарлардын кезектеги кымбаттоосун, инфляцияны жаратып, сатып алуу жөндөмдүүлүккө, жалпысынан алганда, калктын бакубаттуулугуна таасирин тийгизет. Алтын валюта резерви жок калганда өлкө өз алдынча суверендүү валюталык жана финансы саясатын жүргүзө албай калат. Сырткы кредиттерге болгон көз карандылыгын азайта албайт. Мунун баары беделине жана насыялык рейтингине таасирин тийгизет", — деп белгилешти Улуттук банктан.
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир жылга 31,7 млрд. сомго өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0