Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир жылга 31,7 млрд. сомго өстү

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалар. Архив
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Жазылуу
Кордун өскөнү эмнеге байланыштуу экени жазылган эмес.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы узаган жылдын декабрында 3,8 миллиард сомго өстү. Эгер бир жылдыкты ала турган болсок, 31,7 миллиардга көбөйгөн.
Улуттук банктын сайтындагы маалымат:
декабрдын башында — 78 миллиард 2 миллион сом;
2023-жылдын январынын башында — 81 миллиард 833,8 миллион.
Кордун өскөнү эмнеге байланыштуу экени жазылган эмес.
Бир нече күн мурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башкы банктын маалыматы боюнча "бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калды" деп айткан. Бирок ал алтындын баары эл аралык валюта резервине киреби же жокпу, такталган эмес.

Дүйнөдө алтындын баасы жана доллардын курсу кандай өзгөрдү

Алдыда Лондондогу баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингинин маалыматы берилди.
Декабрдын башынан (1 803,15 доллар) 3-январга чейин (1 843,25 доллар, 1-2-январга карата маалымат жок) унция 40 долларга кымбаттаган. Кыргызстанда доллардын расмий курсу декабрда 1,23 сомго өсүп, 85,68ди түздү. Кеп трой унциясы — 31,1 грамм алтын жөнүндө болууда.

Алтын запасынын баасынын өзгөрүшү

2021-жылдын майында Улуттук банктын алтын запасынын баасы рекорд жаратып 99 миллиард сомдон ашкан. Ал эми сентябрда 29 миллиардга төмөндөгөн. Кийинчерээк 2021-жылы Улуттук банк дээрлик 20 тонна алтын сатканын жарыялаган. Өткөн жылдын январында алтындын кору 50 миллиард 159,1 миллион сом деп бааланган, башкача айтканда, бир жылда 31,7 миллиард сомго көбөйгөн. Андан соң ал олку-солку боло баштады, бирок жайдан бери тынымсыз өсүүдө.
Азыркы көрсөткүч — 2021-жылдын июлунан берки рекорд.
Алтын-валюталык запас (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун түшүрбөй кармап турууга жол берет.
Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, СDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Эки айда Улуттук банктын алтын кору 34,5 млрд. сомго көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0