Стресске кабылган адамдын ашказан ооруларын дарылоо кыйын. Адистин маеги

© Фото / Pexels/ RODNAE ProductionsОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Жазылуу
Туура эмес тамактануу, ашыкча тынчсыздануу, бактериялар жана кандын начар айланышы ашказанды жабыркатат.
Гастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болуп, ашказан оорулары тууралуу айтып берди.
© Sputnik / Асел АкматНургүл Токтогулова: туура эмес тамактануу, көп тынчсыздануу, сезгенүүгө каршы дары-дармектерди узак убакытка ичүү ашказан ооруларын пайда кылат
Гастроэнтеролог, кандидат медицинских наук, доцент Нургуль Токтогулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Нургүл Токтогулова: туура эмес тамактануу, көп тынчсыздануу, сезгенүүгө каршы дары-дармектерди узак убакытка ичүү ашказан ооруларын пайда кылат
— Айтсаңыз, ашказан оорулары эмнеден улам пайда болот?
— Туура эмес тамактануу, көп тынчсыздануу, сезгенүүгө каршы дары-дармектерди узак убакытка ичүү ашказан ооруларын пайда кылат. Хеликобактер пилори бактериясы дагы буга себепчи болот. "Атама же эжеме ушул дарылар жардам берди эле" деп препараттарды өзүм билемдик менен ичкен жарабайт. Гастроэнтерологдордун көрсөтмөсү менен дарыланган оң. Анткени илдет ар бир адамда ар кандай себептердин комплексинен улам пайда болот. Ошого жараша дары жазылат.
— Ашказан оорусу дароо байкалабы же убакыттын өтүшү менен сезилеби?
— Ар бир адамдыкы ар кандай. Кичинекей балдарда хеликобактер бактериясы билинбей жүрө берет. Кийин гастрит же ашказан жарасын пайда кылат. Жаш организмде бир органдын оорусун экинчиси жылдар бою компенсация кылып келе берет. Ал эми жашы улгайгандар бир күн туура эмес тамак жеп алса эртеси оорунун белгилери сезилет. Организмдин компенсатордук мүмкүнчүлүгү ар башка, ал убакыттын өтүшү менен жаш куракка жараша болот. Ошондой эле оорунун өнөкөткө айланышына себепчи.
— Тамак-аштын ашказанга канчалык таасири бар?
— Ашказан уникалдуу орган. Ал кислота бөлүп чыгаргандыктан баарын ээритет. Ашказанда агрессивдүү факторлордон тышкары коргоочу факторлор да бар. Аларга былжыр чел кирет. Ашказан катмары кан менен камсыздалат, эгер кан жакшы барбай калса анын былжыр чели бузулат. Баары бири-бирине байланыштуу. Ашказандын компенсатордук мүмкүнчүлүгү азык-түлүктөр менен камсыздалат. Ага витаминдер жардам берет. Витаминдер жетишпесе кан оорусу гана пайда болбостон ашказан ичегисинин былжыр челдери да жешилип, кайра калыбына келбей атрофия боло баштайт. Оорусу бар адам базалык изилдөөлөрдөн өтүп адистин көзөмөлүндө дарыланышы керек.
— Ашказандын чел кабыгынын жешилишине эмне түрткү берет?
— Биринчи графиктердин өзгөрүшү. Мисалы, адам күндүз активдүү болуп түнкүсүн укташы керек. Кээ бирлер жумуштан улам күндүз уктап, түнкүсүн иштейт. Мында аргасыздан түнкүсүн тамак жегенге туура келет. Тамактын убакытка карай пропорциясы болот. Ал бузулбашы керек. Мындан тышкары, тамактын бууга дымдалып же кайнатма болгону жакшы. Адамдын ашыкча тынчы кеткенде да чел кабык жешилет. Ашказан көп катмарлуу мүшөк сыяктуу. Катмарлуу ашказан булчуңдарынын арасынан кан тамырлар өтөт. Адам ачууланган сайын булчуңдар кысылып ашказанга кан барбай калат. Стресске кабылган адамдардын ашказан оорусун дарылоо кыйын. Себеби ал калыбына көптөн кийин келет.
Хеликобактер пилори бактериясы табылса бейтаптын үй-бүлө мүчөлөрүн да текшерүү керек. Анткени дарылангандан кийин кайра жугузуп алышы мүмкүн. Ошол эле учурда өтө муздак же өтө ысык тамактын да кесепети тиет. Муздак сезгенүүгө алып келсе, кайнатылган май чел кабыкты бузат. Алкоголь дагы болбойт. Айрымдар ашказан жарасын ичимдик менен дарылай турганын айтышат. Ал ашказандын сезгичтигин азайтканы менен ооруну курчутушу мүмкүн. Мында жара жарылып, башка ооруну чакырат.
Майып өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Майыптыгы бар балдарды кадимки мектепте окутуу керек. Маек
— Ошол эле гастрит менен жаранын белгилери кандай айырмаланат?
— Ооба, экөөнүн айырмасы бар. Жаранын ооруганы тамак ичкенден кийин басылып калат да, ачка болгондо кайра күчөйт. Гастрит болсо тамак ичсең да, ичпесең да баары бир ооруй берет. Экөөндө тең адамдын жүрөгү айланып, кусат. Кээде оозго кычкыл даам келиши мүмкүн. Ашказанда канчалык кислота көбүрөөк болсо, ошончолук ич катат. Жаранын оорлошуп кеткен белгисинде киши кан кусуп, заңы кара болуп калат. Анткени жарадан аккан кан уюп, кара өңгө айланат. Кээде адам абдан арыктап кетет. Өткөндө эле бир бейтап бир айдын ичинде 30 килограмм арыктадым деп келди. Бул коркунучтуу белги. Көбүнчө дарт ракка айланып баратканда ушундай көрүнүш болот. Айрымдар гастроскопиядан коркуп "жөн эле дары жазып берип койгулачы" дешет. Андай болбойт да, анын эмне менен ооруп жатканын, себебин, механизмдерин тактап туруп анан дары жазып бересиң. Азыр технология абдан өнүктү, мурдагыдай эмес, гастроскопияны уктатып коюп деле жасап беришет.
— Ашказан жарасы жарылып кеткенде сөзсүз операция жасатуу керекпи?
— Кан кусуп калганда хирургдар операциясыз эле канды токтотконго аракет кылат. Андан ары терапевт, гастроэнтерологдун көзөмөлүндө дарыланса болот. Бирок жаранын ордунда тырык калат. Ал эми операциянын түрлөрү бар. Жаранын жайгашкандыгына, канчалык өнүккөнүнө жараша болот. Бир жарабы же бир нече жарабы ушул жагына карап дарыланат. Ашказандын бир бөлүгү алынса, ашказандын көлөмү азаят. Бирок сыйымдуу орган болгондуктан канча жесең кире берет. Ашказандын ортосунда борбор бар. Ошол иштеп баштаганда адам тойгонун сезет. Же болбосо тамак жегенде кандагы кант көбөйүп отуруп, жарым саатта жогорку чекке жетет. Ошондуктан тамакты жай жеген жакшы. Толук адамдардын рецепторлорунун таттууга болгон сезгичтиги төмөндөп калат. Негизи эле ашыкча салмак көп ооруларга жол ачат.
— Ашказан жарасын толук айыктыруу мүмкүнбү?
— Толук айыгышы мүмкүн, бирок диета кармоо керек. Ашказан, ичеги ооруларын дарылоо этабы менен өтүшү зарыл. Курортко да жиберебиз. Атайын ичеги ооруларына арналган суусундуктар бар. Эгер адамда хеликобактер пилори болсо бир ай дарылагандан кийин кайра гастроскопия кылабыз. Эгер текшергенден кийин дагы чыкса дарыланууну улантып, 6 ай диета кармоо керек.
Кыз ооруканада окулисттин кароосунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Балдардын көз рагы толук айыгып кетет. Онколог Султан Стамбековдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0