Балдардын көз рагы толук айыгып кетет. Онколог Султан Стамбековдун маеги

© Sputnik / Таисия Воронцова / Медиабанкка өтүүКыз ооруканада окулисттин кароосунда
Кыз ооруканада окулисттин кароосунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Жазылуу
Наристелер да онкологиялык оор илдеттерге чалдыгары өкүнүчтүү. Бирок рак — бул өкүм эмес. Убагында медиктерге кайрылуу керек. Балдардын көз рагы 100 пайызга толук сакайса, ак канга чалдыккан балдардын 80 пайызы жакшы болуп кетет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков болду. Биз балдар кабылган онкологиялык оорулардын пайда болуу себеби жана аны менен күрөшүү аракеттери тууралуу кеп кылдык.
— Рак илдети менен жабыркаган балдардын саны тууралуу маалымат берсеңиз. Басымдуу бөлүгү онкологиянын кайсы түрүнө кабылат?
— Жылына 120-150гө чейин балага рак диагнозу коюлат. Жалпысынан ар бир 100 миң балага бештен сегизге чейин бөбөк туура келет. Каттоодо жалпысынан 1000ден ашык адам турат. Так маалымат айта албайм. Жылына эки бөлүмгө 600дөй баланы жаткырабыз. Кичинекейлердин рак оорусунун көрсөткүчтөрү дүйнө боюнча бирдей экен. Биринчи орунда 30дан 40 пайызга чейин лейкоз (ак кан — ред.) турат. Экинчи орунда мээнин залалдуу шишиктери болуп, ал 15 пайызды түзөт. Үчүнчү орунда лимфома деген бездердин рак оорусу (12 пайыз). Калганы 9 пайыздан 5 пайызга чейин бөйрөктүн, боордун, көздүн жана сөөктөрдүн онкологиясы.
— Балдар арасында чоңдордукундай өпкө, ашказан рагы да кездешеби? Же бул жашоо образынан улам пайда болчу кеселби?
— Чоңдордуку негизинен жашоо образынан улам болот. Калкан безинин рагы менен гана чоңдор жана бөбөктөр бирдей ооруйт. Балдар рагынын калганы бизде кездешпейт. Чоңдордо саркома деген шишик болот. Ал ракка караганда агрессивдүүрөөк, тез өскөн, бат эле метастаз берген оорулардын бири болуп эсептелинет.
© Sputnik / Асель СыдыковаСтамбаеков: жылына 120-150гө чейин балага рак диагнозу коюлат. Ар бир 100 миң балага бештен сегизге чейин бөбөк туура келет
Заведующий отделении онкологии Национального центра охраны материнства и детства Султан Стамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Стамбаеков: жылына 120-150гө чейин балага рак диагнозу коюлат. Ар бир 100 миң балага бештен сегизге чейин бөбөк туура келет
— Ракты ДНК молекуласынын мутациясынан улам пайда болот деп жатышат. Ата-эненин да кесепетинен кичинекейлер онкологияга кабылып калбайбы?
— Дүйнө жүзү боюнча ата-энеси мындай болгондуктан бала ушул дартка кабылып калат деген түшүнүк жок. Бирок эненин тамеки тартканы же кандайдыр бир химикатты организмге сиңиргенинин баары балага барат. Мындан улам ДНК мутацияга учурашы мүмкүн, бирок түздөн-түз так аныкталган далил жок.
Биринчи божомол — бул вирустар. Кош бойлуу аял грипп же башка жугуштуу оорулар менен ооруп калышы мүмкүн. Экинчиси — бул радиация. Мисалы, радиоактивдүү таштандылардын жанында жашаса жана ошондой аймактан суу ичсе болушу мүмкүн. Хиросима менен Нагасаки өңдүү атомдук талкалоо болгон жерде балдар рагы өскөн эмес. Бирок лейкоз өскөн. Муну да азыр четке кагып жатышат. Ошол себептен так маалымат жок. Барра — вирусу көп шишиктерде кездешет. Бирок баары эле рак болуп кетпейт. Эгер балада без чочуп жатса, анализ тапшырганда барра вирусу аныкталса ал бөбөктү онколог көзөмөлдөгөнү оң.
— Рак көпчүлүк учурда белги бербейт дейбиз. Баланын кандай жүрүм-турумуна ата-эне маани бериши керек?
— Ак кан оорусу негизинен суук тийгендей эле болуп башталат. Дене табы көтөрүлүп, эти ысып, башы ооруп, бездер чочуп, алы кетип, мурду канайт. Же болбосо боору, көк боору чоңоюп кетет. Бирок мунун баары кеч болуп калгандагы симптомдор. Эрте билинүүчү белгилери жок. Мээ рагында эч себепсиз эле бала кусуп баштайт. Ал эми шишиктерде баланы жуунтуп жатканда шишик колго урунат. Андан улам дарыгер УЗИге, компьютердик томографияга жөнөтөт. Негизинен өлкөдө педиатрларды көбөйтүү керек. Кыргызстан боюнча 15 эле балдар онкологу бар. Аларды Кыргызстандын бардык райондоруна жеткире албайсыз. Ошол себептен педиатрларга онкологдор лекция окуп, даярдаганы жакшы. Аз да болсо оорунун санын азайтууга пайда. Ошондой эле кайсы оору болбосун дарылап баштаганда эч жылыш болбосо ал онкология болот. Мисалы, моюнга шишик пайда болсо аны антибиотик менен дарылайт. Эгер дарылагандан кийин да жыйынтык чыкпаса онкологияга жиберүү керек. Инфекция эмес болушу мүмкүн.
— Айрым учурда айыккыс дарт ата-энеден да өтүшү мүмкүнбү?
— Дайыма эле атадан балага өтө бербейт. Бир туугандар арасында бири-бирине өткөн учурлар болгон. Энеден балага өткөн ооруларды ген көчүрмөсү деп коёбуз. Рак генетикалык оору катары аныкталбагандыктан ата-энесинен өткөн деп айтууга укугубуз жок.
© Sputnik / Алексей МайшевСтамбаеков: ак кан оорусу негизинен суук тийгендей эле болуп башталат. Дене табы көтөрүлүп, эти ысып, башы ооруп, бездер чочуп, алы кетип, мурду канайт
Профилактические медосмотры детей в ДНР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Стамбаеков: ак кан оорусу негизинен суук тийгендей эле болуп башталат. Дене табы көтөрүлүп, эти ысып, башы ооруп, бездер чочуп, алы кетип, мурду канайт
— Бизде негизинен ооруган баланы кайсы учурда алып келишет…
— Кыргызстанда 1-2-стадияда алып келгендерди көргөн эмесмин. Негизинен 3-4-стадияда алып келишет. Башка оору менен келип эле ракты аныктап калышпаса эрте келип ооруну аныктагандарды уккан эмесмин.
— Бизде дартты аныктоого шарттар толук жетиштүүбү?
— Шарттар акырындан түзүлүп жатат, бирок кол жеткизе албай жаткан да көп аппараттар, дары-дармектер бар. Рак оорулуулардын лейкоз жана лимфа бездерине таркаган түрүн аныктоочу иммунофенотип жабдуусун эки жыл мурун арабдардын фондунан алып беришкен. Бул аппарат КМШ өлкөлөрү боюнча бир-экөө эле. Ошондой эле канды текшерүүчү УЗИ бар. Молекулярдык диагностика жана иммуногистохимиялык изилдөө аппараттары жок болуп жатат. Негизи балдар рагында эң биринчи орунда химиялык дарылоо турат. Буга тийиштүү кээ бир дарылар жок. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан бизге күчтүү дары чыгаруучу мекемелер келбейт экен. Анткени рынок кичинекей. Мисалы, артра деген дары бар. Андан жылына бизге 30 эле кутуча керек. Эми ошол 30 кутуча үчүн бир да компания Кыргызстанга келбейт. Ошол эле учурда Индиядан жана Кытайдан сапаты начар да дарылар келип жатат. Аны алууга аргасызбыз. Дары жагынан маселе бар. Бардык нерсе салыштыруу иретинде жүрөт. Биздин бөлүмгө химиялык дарылоо үчүн беш жыл мурун 1,5 миллион сом бөлүнсө, азыр 5-6 миллион сом берилет. Бирок бул да жетишсиз болуп калат. Анан да өлкөдө башка да ооруканалар бар. Ал жакта да бирөөнүн балдары жатат, каржылоо керек. Ошентсе да мурдагыга салыштырганда азыр жылыш бар.
— Рак илдетине кабылгандардын 30-40 пайызы лейкоз экенин айттыңыз. Булардын химия алуусуна мамлекеттин каржылоосу жетиштүүбү?
— Мамлекет толук каржылай албайт. Менин эсебим боюнча бизге химиялык дарылоо үчүн эле 35 миллион сом керек экен. Акча болгондо да ага толук кандуу дары-дармек сатып ала албай жатабыз. Башында бизде 20 жатак орун болсо, 2014-жылы 43 болду. Азыр 70 орундуу, өзүнчө поликлиникасы менен чоң борборбуз. Өзгөрүүлөр болуп жатат. Бирок шарттын баары бир күндө жакшырып кетпейт экен.
— Ооруну толук жеңүү үчүн кандай шарттарды аткаруу керек? Ата-энелер дарылануу көрсөтмөлөрүн толук аткарып жатышабы?
— Албетте, дарылануу шарттарын аткарып жатышат. Ак кан оорусу менен ооруканада бир жылга чейин жатат. Үйгө чыкканда да колдоочу терапия катары дагы эки жыл жатат. Ошону менен 2-3 жыл өтүп кетет. Шишиктердин дарылоосу бир жылдын ичинде бүтөт. Кеминде алты ай дарыланат. Бейтаптар улам үйүнө чыгып бир аз жүрүп, кайра келип дарыланып химияны айланып жүрө беришет. ФОМСтун он күндөн ашык бейтапты ооруканага кармоого болбойт деген нормасынын бизге тиешеси жок. Оор дарт болгондуктан абалына карап ооруканада жаткыра беребиз. ФОМС бизди кан менен да камсыздап турат. Мурда бейтаптар өздөрү сатып алчу.
© Sputnik / Жоомарт УраимовСтамбаеков: мээ рагында бала эч себепсиз эле кусуп баштайт. Ал эми шишиктерде баланы жуунтуп жатканда шишик колго урунат
Заведующий отделением онкологии НЦОМиД Султан Стамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Стамбаеков: мээ рагында бала эч себепсиз эле кусуп баштайт. Ал эми шишиктерде баланы жуунтуп жатканда шишик колго урунат
— Онкологиялык оорунун атын укканда ата-эне дендароо болуп калары шексиз. Айрымдар табыптардан шыпаа издешет. Бейтаптар менен кантип иштешип жатасыздар?
— Ата-энелерге кагаз толтуртуп изилдөөнү баштадык, мунун жыйынтыгы менен жакында коомчулукка бөлүшөбүз. Айрым учурда көзү ачыктарга да кетип калгандар болууда. Кечээ эле бирөө келди, жаагынын алдына без чочуса аялдарга барып ырымдап тептириптир. Бир чети күлкүң келсе, экинчиден өкүнүчтүү. Тептиргенге да 300 сом төлөшөт экен. Көзү ачыктарга ишенбеш керек, анткени биздин бейтаптын көзү ачыктан сакайганын көргөн эмесмин. Эгер көзү ачыктардын, табыптардын жардамы тийип калса, демек, ал рак эмес. Бир кезде Кыргызстанда төөнүн сийдигин ичүү мода болуп кеткен. Анын литрин да 300 сомго сатып алып балдарына беришчү. Мен социалдык баракчама жазып чыккандан кийин муфтияттан реакция болуп “шариятта мындай жок, ичпегиле” деп элге кайрылышты. Ушундан улам ал көрүнүш акырындан азайып калды. Бир баланын колунда шишик бар болчу, дарылап баштаганда апасы алып кетип калган. Кийин колундагы шишиги өзүнүн башынан чоң болуп кеткенде “көзү ачык организмдеги шишик клеткасын бир жерге жыйнап берди, эми операция кылып бергиле” деп кайра алып келишти. Эми бул болбойт. Өпкөсүн текшерсек метастазга толуп калыптыр. Ал бала алты айга жетпей чарчап калды. Бул учурда көзү ачыктар жоопкерчиликке тартылбайт. Ал эми дарыгерлер кемчилик кетирсе жооп берет. Бейтаптын туугандарын жыйнап туруп баарын түшүндүрсөк, “эмнеге көзү ачыктар менен чогуу дарылабайсыңар” дегендер болот. Биз анте албайбыз, анткени көзү ачыктар кайра ооруну күчөтүп жибериши мүмкүн. Мунун баары билимсиздиктен болууда. Өнүккөн өлкөлөрдө көзү ачыктарга барбайт.
— Өз убагында дарыланса онкологияны жеңип кетүү мүмкүнбү?
— Эгер жалпысынан алганда 100 бейтаптын 60-65и сакаят. Өнүккөн өлкөлөрдө 100/80ге туура келет. Ал эми бөйрөк рагы бизде 95 пайыз айыгып кетет. Лейкоздо 65 пайыз сакайып кетет. Биринчи көрсөткүч эки жылдык. Эки жылдын ичинде эчтеке байкалбаса, демек, баары жакшы деген сөз. Беш жылдын ичинде бир да жолу эч нерсе пайда болбосо, бул толук сакайды дегенди билдирет.
— Рак илдетине кабылып акча чогулткандар өтө көп болуп жатат...
— Интернет баракчаларында сөөктүн чучугун которуу операциясы (трансплантация костного мозга) Кыргызстанда азырынча жасалбайт. Биз буга даяр эмеспиз. Мисалы, кээ бир ата-энелер бизде эле жасалуучу операцияны чет мамлекеттен дарылатууга акча сурашат. Бир ирет денедеги анарды кетирүүгө дарыга акча чогултуп, эң кымбаты 30-40 миң сомдук дарыны алабыз деп жатышканын көрдүм. Анын ордун алмаштыруучу ошондой эле 200 сомдук дары бар. Ошону менен эле дарылап койсо болот. Бирок адис катары кирише албайт экенсиң. Бизде бөйрөктү алып салуу операциясын жасай беребиз. Мээден башкасын биз кандай жасасак, чет өлкөдө деле ошондой жасалат.
— Рак илдетин алдын алууга болобу?
— Өкүнүчтүүсү — балдар онкологиясынын профилактикасы дүйнө жүзү боюнча жок экен. Балдарыңар ооруп калса сөзсүз дарыгерге алып баргыла.
Дарыгер бейтаптын мээсинин рентгенин карап атат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Өлкөдө мээ эхинококкозу көбөйүп кетти. Ооруга кабылгандар эмнеден кыйналат?
Жаңылыктар түрмөгү
0