Жети кандын чатагы. Манас баянынан 6 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековКылыч менен салгылашып жаткан жигиттер. Иллюстративдүү сүрөт
Кылыч менен салгылашып жаткан жигиттер. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Жазылуу
"Көкөтөйдүн ашынан" кийин күрөшкө түшкөн Кошойдун, эр сайыштан уткан Манастын даңазасын кеп кылып жүрүп ана-мына дегенче, ачып көздү жумганча жылып-жылып жыл айланды.
Кыргыздын он төрт бегинин Кошойго келиши. Ошол кезде жаз келери менен ата уулу улуктар, акылы терең тунуктар Кан Кошойдун алдына барды, барган жөнүн бир-бирден айтып калды. Алардын айтканына кулак салсак: "кырк уруу кыргыз намыска айланган, ажалга байланган, урушка шайланган, кырда малын баккан, уруш болбосо жөн-жай жаткан эл элек, азыр эми тогуз уруу кыргыз калдык, Көкөтөйдүн ашы деп, тополоңду жаман салдык, катарында казак болду, калгандарга аш деген жөн эле бир азап болду, жамы угуз уулу Манаска мазак болду, мыктылыгын көрөт элек, былтыры же өлтүрүп, же өлөт элек, кой, койчу болдуң өзүңүз, коюп койдук өзүбүз, канкорду камап бермексиз, канакей, ошо сөзүңүз?" Кыргыздын он төрт беги Кошойго келип ушундай дейт, жыландын башын кылтыйтып.
Кошойдун аларга берген жообу. Катагандын Кан Кошой айтат: "Кой, балдарым, Алтайың алыс калды, аш бердиң балаа деп, айтканың кана деп, капа кылбаңар мага окшогон кары чалды, кудай Манас кылып салды, мен кылган Манас эмес, Кошой силерге тамаша эмес, тил алганың тим бол, тил албаганың кайратка катуу тол, чабуулду коюп кал, барып Манастын башын кесип, союп сал, ма несин айтасыңар, башыңар кошулса, Манасты басып алып кайтасыңар. Басташып Манаска барып, балаага калар бекенсиздер, койгула десем Манаска болушкандай көрөсүздөр, ал бир козголсо кордугунан түгөл өлөсүздөр!"
Бирөө укту бул сөздү, бирөө укпады. Кошойдун айтканын угуп, акылына муюп он үчү тең кайра чыкты ал жерден. Кошойдун тилин алды: Акбай, Мамбет калды, Агыш, Кожош калды, Көккоён, Султан калды, Жедигер Чегиш калды – жети бек тегиз калды. Анан калган берки кандар Төштүктүн тоюна келди. Анын жери – Балыктын башы экен, Алайдын асты экен, Аңырдын сазы экен, Кейүүнүн бою экен, Сары-Колдун ою экен, элин – дөгөөн кыпчак дээр экен. Ошол жерде кыйындар отуруп, курсактарын чучук менен казы-картага толтуруп, кеп башташат, Көкөтөйдүн ашы деп мазак көргөнүн, азап тартканын, Кошойдун алдаганын, бу Манас менен Кошойдон көрөр пайда калбагынан айтышат. Эми келсе алыбыз, тең атанын уулубуз, теңиринин кулубуз, таягын жеп, тил угуп жүрө бербей Манастын айылын басып кирсек дешет. Отургандардын карысы Музбурчак, баарынан баатыры Эламандын Төштүгү, Эштектен Жамгырчы, казактан Көкчө ар кайсыны бирден айтты, тору кыпчак Үрбүнүн доошу чыкпай жок болду, ага карап Көкчө менен Музбурчак Көкөтөйдүн ашында башына камчы жегенин эстетти, эми Манас менен чабыша кетсек кокустан болушар, болушпасыңды айт деп кекетти. Эр Үрбү, атасынын аты Таз, шаары Үрүмчү, дөөлөт мас, Манас менен дос болушкан ошол жаз. Манаска каршы чыгамын деп да айта албай, бектердин сөзүн да кайтарбай акырын сүйлөп мындай дейт: "Баштасаңар башымды алып качып сактана албайм, басташсаңар Манастын башын кесип берем деп мактана албайм, астыңардан кан чыгарам деп айта да албайм, аркаңардан чаң чыгарбай кайта да албайм, маанайым бас, айлым аз, башым таз, өз тууганым өзүмө кас!"
Калмак баатыры Жолой. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Байгеден улам кытайлар менен калмактардын чыр чыгарышы. "Манас" баянынан 7 факт
Жети кандын айтканы. Кандар туруп муну айтат: "Манастын аскери алты сан болуптур, дубалын туюк уруптур, төрткүлүн төрт кат куруптур, ага бек айтарга бек да жок, бет алышар эр да жок, каш кайтарар кан да жок, кашайган кара дүйнөдө каяша айтар жан да жок. Эми ошол Манастын айылы бизден арбынбы, адамы бизден баатырбы, эли бизден арбынбы, эрдиги бизден артыкпы, өбөгү бийик өрдөбү, өзү бизден өйдөбү? Өткүр Манас канкордун колуна колотуп кагаз берелик, кол чакырып көрөлүк, корксо бизге келе албас, кордук кылсак кек албас, кокустан Манас кол менен, Кош-Артыштын жол менен келип калса кенебей, бириндетип бир-бирден баарын кырып салалы, ушундай көрсүн кордукту, уктаса кирсин түшүнө, ушунетип канкорду келтирелик үшүнө, ойгоодо келсин оюна, андан кийин бу Манас челишет экен кыргыз деп, ченеп иш кылсын боюна. Же болбосо дагы бир жактан кол келсе, бизди жардамга чакырса конуш жеткис кол менен түмөн аскер баралык, түгөнгүрдүн үстүнө дүбүрлөп түшүп калалык. Желегин жерге жыгалык. Жети кандан кол барса, жер майышып мол барса, жеке Манас күтө албас. Ошондо биз кыйынсынган Манастын короодон коюн соёлук, коломтосун оёлук, конок менен шылтоолоп, кордук кылып коёлук, өрүштөн бээсин жаралык, өкүм менен баралык, билден күчтүү канкордон, билими артык анткордон минтип билдирбей кекти алалык! Ары-бери кеп айтса, андай-мындай деп айтса, арачысын сабайлы, аламандап талайлы, Гүл багына камайлы, күлдү журтун канайлы, көсөмсүгөн көй төрө, көрүп калсын далайды! Төрүнө кудук казалык, төшүнө казан асалык, төрт түлүк малын чачалык, дөгүрсүгөн канкордун төбөсүнөн басалык! Кармашса канын төгөлүк, Кан деңиздин суусундай, калкытса оюп чөгөлүк, канкор менен бир жолу, казапташып көрөлүк! Акимсиген канкорго минтип бир коёлук билинип! Кырк жигитин кыйратып, кыз-катынын ыйлатып, кысырагын туйлатып, бошогонун чыйратып, босогосун кыйратып, боздогу малын жыйнатып, боз уланын ыйлатып, болбогон көйгө салалы, оболу Манасты барып чабалы!" Ушинтип анан Манасты жыккан соң чалдарга барарын айтышты: "Катагандын Кан Кошой кадырласа билбеген арам Кошой экен, аны жок кылабыз. Жыйынга чакырсак Манаска ким тең келсин деп келбеген оңбогур неме экен, Оогандын каны Акунду тактан оодарабыз".
Жети кандын анты. Кандар ушунтип кеңеш курушту, Манаска кол салууга шайма-шай турушту. Бир сөзгө келди. "Ушу сөздөн жанганды, убадасын танганды, кийин ибеп жегенди, киргеним жок дегенди төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун, ак бараңдын огу урсун, көк милтенин чогу урсун!" деп кол көтөрүп, баары бата кылды чуркурап. Ак боз бээден алышты, ай туягын чалышты, качкандардын баарысы как ушундай болсун деп, колдорун карысына чейин түрүшүп кандарың ысык канга колдорун малышты.
Манаска элчи камдоо. Жети кан адегенде Манаска элчи жиберүүнү кеңешти. Манас келишсин десе барышат, өзүм барам десе анысын көрүшөт. Элчиликке бирден жигит чыгармак болду. Эламандын эр Төштүк бир жигит чыгарды, Эштектердин Жамгырчы бирди чыгарды, казак каны Көкчө бирди кошту, кара жаак Үрбүдөн чыкты бир жигит, Анжиянда Санжыбек, ал чыгарды бир жигит, Буудайыктын Музбурчак, бул чыгарды бир жигит. Алты кандан алтоо болду. Булардын баары жүз жанбаган эр жигит, жүздөн чыккан жүйрүктөн, казатка чыгар тыңынан, беттешкен жоого белдүүдөн, белдешкен жоого демдүүдөн, өткүр чечен тилдүүдөн. Аларды топтоп айтышты, "ушундан ары барсаңар, Нурку жери Талас бар, ошол жерде улуксунган Манас бар, ага силер талаада жүрүп кезиксеңер, улук деп урмат кылбагыла, урат деп коркуп калбагыла, өзүнө тупатуура барыңар, ат менен салам бериңер, үйдө олтурса үстүнө камчы сүйрөп кириңер, мүдүрүлбөсүн тилиңер, чогоол-чогоол айтыңар, чоңдук кылып сүйлөсө, бузукташып кайтыңар" дешет кулактарына кумдай куюп. "Силерди өлтүрүп ийбейт, өлтүрүп ийсе, бириңди эки кылчу, кун төлөтчү, элин чаап олжо алчу, боор жарып, өт алчу мына биз барбыз" дешти эрдемсинип. Манаска жеке жолугуп айтар сөзүн кайталашты: "Төрө Манас болдуң де, дөөлөтүң көлдөй толду де, баатыр киши болдуң де, башыңа сыймык конду де, кол чакырдык келгин де, кошуун барсак үстүңө конок күтүп бергин де, капырдын калкын көргүн де, как ушу сөзгө көнгүн де, кыр жагыңда кытай бар, кылар жумуш мындай бар, капталыңда каңгай бар, кармашар душман далай бар". Элчи болор эрлерге күлүктөн тандап мингизди, күрөөкө тондон кийгизди, күүлөп-күүлөп отуруп, Манаска барар жолго киргизди. Алар Кыйша-Тоо сеңирин кыдырып өтүп, Кейүүнү кечип, Намуттун чөлүн сыдырып, Кытмырдын боюн кыдырып, жети күн болгондо Жеркенге кирди конгону. Эртеси андан аттанып, Кашкар түштү бакалап, ошол жерден аттарын алды такалап, анан Чакмактын белин ашышты, Чатыр-Көл бойлоп басышты, арадан Нарын кечип, Жумгалдан өтүп сыдырып, Суусамырды кыдырып Таласка жакындап калды...
Эпос Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Көкөтөйдүн ашындагы эр эңиш. Ат чабыштан чыккан чыр. "Манастан" 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0