Министрлик баланын ракка кабылгандагы белгилерин айтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБаланы көрүп жаткан дарыгер. Архив
Баланы көрүп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Жазылуу
Адистер баланын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да залалдуу шишиктин белгилери жөнүндө маалыматтары болушу керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги балдарды рак илдетинен коргоого чакырды. Министрлик бул ооруну эрте аныктап, өз учурунда дарылоо менен бөбөктүн абалын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө болорун эскертти.

"Рактын бардык түрү хирургиялык жол, нур терапиясы же химия терапиясынын атайын түзүлгөн схемалары менен дарыланат. Өз учурунда ооруга туура диагноз коюу чечүүчү мааниге ээ", — деген адис.

Ракты эрте аныктоого төмөнкү үч жагдай жардам берет:
Баланын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана биринчи медициналык жардам көрсөткөн адистердин рактын белгилери боюнча маалыматы болушу;
Рактын белгилерин өз учурунда так жана туура баамдоо, кайсы стадияда экенин тез аранын ичинде билүү;
Оору аныкталса аны кечиктирбестен дароо дарылоону баштоо;
Ракка кабылган балдарда төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:
"Эгер сиздер баладан ушундай белгилердин бирин байкасаңыз тезинен дарыгерге кайрылыңыздар", – деп маалымдаган министрлик.
Рентгенолог бейтапты ПЭТ/КТде текшерип атат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар
Жаңылыктар түрмөгү
0