Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар

© Sputnik / Алексей СухоруковРентгенолог бейтапты ПЭТ/КТде текшерип атат. Архив
Рентгенолог бейтапты ПЭТ/КТде текшерип атат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
4-февраль — дүйнөдө ракка каршы күрөшүү күнү. Кыргызстан, тилекке каршы, Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасында онкологиялык илдеттерди жеңе албай, акка моюн сунгандардын саны боюнча алдыда.
Өлкөдө ракка каршы күрөшүү өтө орчундуу маселе экенине карабастан республика бул жаатта дүйнөдөгү жаңы табылгаларды сатып алуу жагынан аксап келет. Ал эми дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө ушул тапта өзөктүк медицинанын саамалыктары бейтаптарды ажалдан арачалап калууга пайдаланылууда. Кыргызстанга онкологиялык дарттарды так аныктоочу позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографияны (ПЭТ-КТ) Кыргызстанга алгачкылардан болуп алып келген Turkish Health Clinic менен байланышып, ал аппаратка түшүүнүн жол-жобосун сураштырдык.
Эскерте кетсек, аталган клиниканын ачылышы 2021-жылдын июнь айында өтүп, ага канайым Айгүл Жапарова, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги катышкан.
ПЭТ-КТ – органдардын метаболизм, анатомиялык маалыматтарын даана көрсөтүүчү позитрон-эмиссиялык жана компьютердик томографияларынын айкалышы. Мындай аппарат аркылуу текшерүү — денедеги физиологиялык процесстердин 3D сүрөтүн таамай чагылдырган өзөктүк медицина ыкмасы.
Коңшу өлкөлөрдө мындай текшерүүдөн өтүүгө жарандарга мамлекет каралашса, өлкөдө бейтаптар бул аппаратка түшүүнүн акысын өздөрү табууга аргасыз.
Айрым учурларда жаман дарт тооруган мекендештерибиз чет өлкөлөрдөн шыпаа издеп, операция үчүн жалпы журтка кайрылып жардам сурайт. Бул соңку жылдары кадыресе көрүнүшкө айланып баратканы жүрөк тилет. Бирок операция үчүн тийиштүү сумманы топтоп алып, өнүккөн өлкөлөрдүн кайсынысына аттанышпасын, дал ушул – ПЭТ-КТ же PET-CT (эл аралык аталышы) аппараттык текшерүүнүн жыйынтыгы сөзсүз талап кылынат. Билбестиктен кеселге кабылган жарандарыбыз, алардын жакындары бөтөн жерде кошумча да чыгым болушат.
Кыргызстанга аталган аппаратты алып келген инвестор жана аталган ыкма жүргүзүлгөн клиниканын башкы директору Микаил Сурер да бир кезде киндиктеши бул жаман кесел менен күрөшкөнүн эскерип, медицина тармагына, анын ичинде ракка каршы күрөшкө салым кошууга дал ошол иниси, ага шыпаа издеп, тегерегинде күйпөлөктөгөн үй-бүлөсү тарткан азап да түрткү болгонун жашырбайт. Боордош калк байырлаган чөлкөм деп, Борбор Азияны түрө кыдырып, жергиликтүү элдин турмушу менен таанышып, ракка каршы күрөштүн жүрүшүнө кызыккан. Жагдайдан кабар алып, кем-карчты сураштырган. Акыры кеселди так текшерүүчү аппаратты республикага алып келүүнү чечкенин белгилейт.
© Фото / Айнагул Сапарбек кызыМикаил Сурер: кеселди жеңүүнүн эң маанилүү баскычы – анын эрте аныкталышы. Биз ушул маселеге басым жасоону көздөдүк. ПЭТ-КТ Кыргызстанда жок экенин угуп, дал ушул аппаратты алып келүүнү чечкен элек
Генеральный директор Turkish Health Clinic Микаил Сурер  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Микаил Сурер: кеселди жеңүүнүн эң маанилүү баскычы – анын эрте аныкталышы. Биз ушул маселеге басым жасоону көздөдүк. ПЭТ-КТ Кыргызстанда жок экенин угуп, дал ушул аппаратты алып келүүнү чечкен элек
"Бул дарт өз өлкөмдө да, Кыргызстанда да, дүйнөдө да улам көбөйүп барат. Тилекке каршы, ар үй-бүлөнүн бир мүчөсүн же жакын тууганын бул оору тооруп калган учурлар аз эмес. Акыркы учурда кичинекейлер да кабылып жатканы жан кейитет. Кеселди жеңүүнүн эң маанилүү баскычы – анын эрте аныкталышы. Биз ушул маселеге басым жасоону көздөдүк. ПЭТ-КТ Кыргызстанда жок экенин угуп, дал ушул аппаратты алып келүүнү чечкен элек. Түркиядагы биздин башкы борборубуз эң белгилүү медициналык мекемелердин бири болгондуктан, дарыгерлерди топтоп, Кыргызстанга жөнөгөнүбүздө ал жактагы медиа айдыңы "Түрк дарыгерлер Кыргызстанга ракка каршы күрөшкөнү аттанышты" деген макалаларды жайната жазышты. Биздин ниет ошол. Бул илдетке эч ким кабылбасын! Кабылган күндө да кечеңдетпестен дарыгерлерге кайрылып, сөзсүз күрөшсүн", — деди Микаил Сурер.
Ал жетектеген клиникада "Ракты эрте аныктоо" программасы ишке ашырылат. Бул өз кезегинде бейтаптардын убагында дарыланып, толук сакайышына шарт түзөт. Ошондой эле бейтаптын кайсы бир органында онкологиялык дарт бар деп шектелсе, ошол бөлүк гана текшерилип тим болбойт. Мындай заманбап аппарат бейтапты сканерден толук өткөрөт. Анткени илдеттин очогу бир органда болгону менен метастаз башка органдарды да жабыркатышы ыктымал.
Аталган клиниканын менеджери, дарыгер Мунарбек Тапаевдин айтымында, бейтаптардын көпчүлүгү бул аппараттан өтүү үчүн тийиштүү адистердин багыттоосу менен кайрылышат.
© Фото / Айнагул Сапарбек кызыМунарбек Тапаев: аппаратка түшүүнүн алдында атайын бир камылганын зарылдыгы жок. Жаңы ыкма болгондуктан чоң даярдыкты талап кылбайт. Болгону тамактануу эки саат мурун токтотулуп, бирок суу ичүүгө болот
Менеджер Turkish Health Clinic, врач Мунарбек Тапаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Мунарбек Тапаев: аппаратка түшүүнүн алдында атайын бир камылганын зарылдыгы жок. Жаңы ыкма болгондуктан чоң даярдыкты талап кылбайт. Болгону тамактануу эки саат мурун токтотулуп, бирок суу ичүүгө болот
"Бирок илдет тукум куугандыктан, үй-бүлөдө онкологиялык дарт менен алышкандар болсо, бала-чакасы да кабылып калышынын белгилүү бир пайызы бар. Ошол себептен, чоң ата-чоң апасы же ата-энесинин бири ооруган болсо, алдын алуу ниетинде текшерилип коюу ашыкча кылбайт. Анткен менен өзү каалап келген күндө да бейтаптарды клиниканын башкы дарыгери, ПЭТ/КТ боюнча караган, өзөктүк медицина адиси, профессор Ария Фороуз кылдаттык менен карайт. Анык көрсөткүчтөр болсо гана бул аппаратка тартабыз. Себеби оорунун айрым түрлөрүн кадимки эле УЗИ, КТ, МРТ аппараттары менен деле аныктоого болот", — деди Тапаев.
Дарыгер өлкөдө онкологдор, дегеле дарыгерлер күчтүү экенин, болгону дүйнөлүк деңгээлдеги медициналык жабдуулар жетишпестигин, акырындык менен акыркы үлгүдөгү жабдууларды тартып келүү аракети жүрүп жатканын белгиледи. Айтымында, өлкөгө ПЭТ-КТнын келиши кыргызстандык врачтарга кыйла жеңилдик жаратты. Анткени текшерүүнүн жыйынтыгына жараша бейтапка ылайык келе турган дарылануу ыкмасы тандалат.
Дарыгер аппаратка түшүүнүн алдында атайын бир камылганын зарылдыгы жоктугун айтат. "Жаңы ыкма болгондуктан чоң даярдыкты талап кылбайт. Болгону тамактануу эки саат мурун токтотулуп, бирок суу ичүүгө болот. Бейтап клиникага келгенде он беш мүнөттөй кагаздар толтурулат. Андан соң аппарат коюлган кабатка барып, 20-25 мүнөт аралыгында негизги дары куйганга даярдык (премедикация) жүргүзүлөт. Ошондон кийин гана ПЭТ/КТдан текшерилүүгө ылайыкталган дары куюлуп, андан 20-30 мүнөт өткөндө аппаратта кеминде 20 мүнөт тартабыз. Бейтап ошондон кийин сыртка чыгып, суу ичип, муктаждыктарын аткарып, 20 мүнөт эс алат. Кайра дагы 20 мүнөт текшерилет. Жалпы 2,5-3 сааттай клиникада болушу керек", – дейт дарыгер.
Өзөктүк медицинанын табылгасынын бири болгондуктан, мындай гибриддик аппараттын кыйыр кесепети да бардыр деп шек санадык. Бирок Тапаев клиника ачылгандан бери эң кенже – 6 жашар наристе, эң улуу 87 жаштагы карыяны аппаратка тартканын, болгондо да ал кишинин жүрөгүндө кардиостимулятор болгонун, анткен менен текшерүү ойдогудай өткөнүн айтып берди.
© Фото / Айнагул Сапарбек кызыМунарбек Тапаев: аппаратка кош бойлууларды жана бала эмизген энелерди гана радиациялык фондон улам тарта албайбыз. Энелерди тартсак да, баланы эмизүүнү 2-3 күнгө токтотуп турууга кеңеш беребиз
Менеджер Turkish Health Clinic, врач Мунарбек Тапаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Мунарбек Тапаев: аппаратка кош бойлууларды жана бала эмизген энелерди гана радиациялык фондон улам тарта албайбыз. Энелерди тартсак да, баланы эмизүүнү 2-3 күнгө токтотуп турууга кеңеш беребиз
"Аппаратка кош бойлууларды жана бала эмизген энелерди гана радиациялык фондон улам тарта албайбыз. Энелерди тартсак да, баланы эмизүүнү 2-3 күнгө токтотуп турууга кеңеш беребиз", – дейт ал.
Бул жабдуу Кыргызстанга алып келгенден бери өлкө жарандары чет мамлекетке чыкпастан текшерилип жатышат. Ошол эле учурда Казакстандан, айрыкча чек арага жакын аймактардан да келишет экен. Клиника адистеринин айтымында, чет өлкөлөрдөн келгендер да болгон, кытайлык, европалык бейтаптар Бишкектеги изилдөөнүн корутундусу менен өз өлкөсүндө дарыланып жатышат.
Дүйнөлүк стандарт боюнча ПЭТ/КТга тартуунун белгилүү бир эрежелери сакталат. Европада, Түркияда бейтапты операциядан бир айдан кийин кайра текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эгер ал химиотерапиядан өтүп жатса, эң акыркы процедурадан кеминде эле эки апта өтүшү керек. Нур (радиотерапия) менен дарыланып жаткан бейтаптар үч айдан кийин гана аппаратка түшүрүлөт.
"Кыргызстанда операция же химиотерапиядан кийин үч айдан соң контролдук текшерүүдөн өткөрөбүз. Жыйынтыгына жараша бейтаптын дарылануусу улантылат. Анан дагы үч ай күтүп, кайрадан аппаратка түшүрүлөт. Эгер алгачкы жана алты айдан кийинки тартылышында чоң айырма болсо, тагыраак, эң соңкусунда онкологиялык дарт табылбаса, бир жылда бир текшерилүү сунушталат. Аппараттын дагы бир өзгөчөлүгү – бейтап өзүнүн дарылануу ыкмасы канчалык майнаптуу болуп жатканын даана көрө алат", – деди Тапаев.
Рак 100дөн ашуун оорунун жалпылаштырган аталышы, илдет организмдин кайсы бөлүгү болбосун тооруп калышы ыктымал. Жылдан-жылга бул дарт да жашарып, жаштар, балдар да кабылууда. Анткен менен дарыгерлер эгер эрте аныкталып, өтүштүрүп жибербестен убагында дарыланса, жеңиле турган дарт экенин эскертишет.
Колдорунда тамеки, пиво кармаган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Рактан оолак болуу үчүн бир нече эрежени сактагыла. Дарыгердин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0