Учкуч-снайпер Имангазиев: энемдин дубасы менен Афганистандан аман кайттым

© Фото / из личного архива Василия ИмангазиеваВасилий Имангазиев МИ-24 тик учактын пилоту. Тажикстан. 1985-жыл
Василий Имангазиев МИ-24 тик учактын пилоту. Тажикстан. 1985-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
15-февраль — постсоветтик аймактарда чет мамлекеттерде интернационалдык милдетин аткарган аскердин күнү катары белгиленет. Бирок коомчулук бул датаны көбүнчө афган согушунун ардагерлеринин майрамы катары кабыл алат.
1979-1989-жылдары Афганстандагы жарандык согушта Советтер Союзунун 40-армиясынын 600 миңден ашуун жоокери салгылашкан. Кандуу тирешүүгө Кыргызстандын да он миңден ашуун аскери жөнөтүлгөн эле. Согушка катышкандардын арасында РФ Коопсуздук кызматынын (ФСБ) чек ара аскеринин отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев да бар. Аскердик "учкуч-снайпер" аттуу жогорку квалификацияга ээ, Кызыл Жылдыз менен Кызыл Туу ордендеринин кавалери колумнист Алмаз Батиловго Афганстанда кызмат өтөп жүргөн учурунан айрым фактыларын айтып берди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовРФ атайын кызматынын отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев
Подполковник в отставке пограничной службы ФСБ РФ Василий Имангазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
РФ атайын кызматынын отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев
— Атыңыз өзгөчө экен. Кыргызда такыр эле кездешпей турган ысым...
— Атам Имангазы Улуу Ата мекендик согуштун ардагери эле. Чоң атам Иманкулдун теги өзбек, атасы Көл кылаасындагы Түп районунун Кең-Суу айылына келип, кыргыз кызга үйлөнүп, отурукташып калыптыр. Айылыбызда биздин уруубузду сарттар деп коюшат (күлөт). Атам кан майданда 45 миллиметрлик замбиректин мээлөөчүсү (наводчик — ред.) болгон. 1942-жылы оор жаракат алып, Василий аттуу досу согуш талаасынан алып чыгат. Атам кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз, Улуу Ата мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендери менен сыйланган. 1947-жылы 2-сентябрда мен төрөлгөндө атам Ак-Суу районунун Советское (азыркы Ак-Чий) кыштагында айыл өкмөтүнүн төрагасы экен. Досунун урматына мага анын ысымын ыйгарып, Василий деп каттатат да айыл аксакалдарынан жашырып, алар менен кеңешип Калык деген ысымды беришиптир. Ак-Суу районунун Нововознесеновка (азыркы Боз-Учук) айылындагы орто мектепте окуп жүргөн маалда классташтарым мени Коля дешчү. 1965-жылы орто мектепти бүтүп жатканда гана документ боюнча атым Василий экенин билдим. Мектептин директору аттестат берип жатып, Василий Иманкулов деп кайрылды. Классташтарым ага "Иманкуловдун кыргызча аты Калык, орусча ысымы Коля" дешти. Директор "расмий документ боюнча аты Василий" деди. Ошентип кайрадан жаңы ысымыма көнө баштадым (күлөт).
— Дароо эле Россияга окууга өткөн турбайсызбы?
— 1965-жылы Сызрань шаарындагы аскер-авиациялык училищесинин тик учактын учкуч-техник адистигине өттүм. Экинчи курста жубайым Валентина Пахомовага үйлөндүм. 1968-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктадым. Жетекчилик биздин курстун бүтүрүүчүлөрүнүн 60 пайызын Ыраакы Чыгышка жиберди. Ошол учурда СССР менен Кытайдын ортосунда мамиле курчуп, Даман аралы үчүн кандуу кагылышуу болгон. Спасск-Дальний шаарынын жанындагы Мучная станциясында жайгашкан СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы Ленин атындагы полкто МИ-4 тик учактын учкуч-штурманы болуп кызматымды өтөй баштадым. 1969-жылы Хабаровск шаарындагы Советтер Союзунун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) чек ара кызматынын аба-күчтөрүнө которулдум. Ошол жылы кызым Ирина төрөлдү. Тбилиси калаасында МИ-8 тик учагын өздөштүрдүм. Хабаровскиге кайра келип, экипаждын командири болдум. Бул шаарда 1981-жылга чейин кызмат өтөдүм. Ошол учурда капитан элем. Жетекчилик Афганстандагы согушка байланыштуу экипажым менен Душанбе шаарына которду. Ал жерде МИ-8 менен МИ-24 тик учактарынын эскадрильясы түзүлгөн, кийин полк түзүлдү. Афганстандагы кандуу тирешүүдө баш-аягы сегиз жыл салгылаштым.
© Фото / из личного архива Василия Имангазиева

Василий Имангазиев ( сол жакта биринчи) экипажы менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы , Гүльхан кыштагы. 1987-жыл.

Василий Имангазиев ( сол жакта биринчи) экипажы менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы , Гүльхан кыштагы. 1987-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/4

Василий Имангазиев ( сол жакта биринчи) экипажы менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы , Гүльхан кыштагы. 1987-жыл.

© Фото / из личного архива Василия Имангазиева

Василий Имангазиев (ортодо) куралдаштары менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан айылы. 1987-жыл.

Василий Имангазиев (ортодо) куралдаштары менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан айылы. 1987-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/4

Василий Имангазиев (ортодо) куралдаштары менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан айылы. 1987-жыл.

© Фото / из личного архива Василия Имангазиева

Василий Имангазиев полктоштору менен моджахеддерден олжого түшкөн курал-жарактарды карап жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл.

Василий Имангазиев полктоштору менен моджахеддерден олжого түшкөн курал-жарактарды карап жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
3/4

Василий Имангазиев полктоштору менен моджахеддерден олжого түшкөн курал-жарактарды карап жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл.

© Фото / из личного архива Василия Имангазиева

Афгандык балдар. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл. Все вышеуказанные фотографии из личного архива Василия Имангазиева

Афгандык балдар. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл. Все вышеуказанные фотографии из личного архива Василия Имангазиева - Sputnik Кыргызстан
4/4

Афгандык балдар. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл. Все вышеуказанные фотографии из личного архива Василия Имангазиева

1/4

Василий Имангазиев ( сол жакта биринчи) экипажы менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы , Гүльхан кыштагы. 1987-жыл.

2/4

Василий Имангазиев (ортодо) куралдаштары менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан айылы. 1987-жыл.

3/4

Василий Имангазиев полктоштору менен моджахеддерден олжого түшкөн курал-жарактарды карап жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл.

4/4

Афгандык балдар. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Гүльхан кыштагы. 1984-жыл. Все вышеуказанные фотографии из личного архива Василия Имангазиева

— Полктун милдетине эмнелер кирчү эле?
— Менин полкум тоолуу шартка ылайыкташкан болчу. Биздин милдет МИ-24 тик учагы менен деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктеги аска-зоолорго чабуул койчу десанттык тайпаларды алып баруу эле. Эгерде аларга моджахеддер кол салса абадан ок чыгарып колдоо, жарадарларды алып чыгуу сыяктуу иштерди аткарчубуз. Буларды ок-дары, тамак-аш, таза суу менен камсыздачубуз. Себеби алар барган жерлерде эчтеке өспөйт, какыраган таш. Иче турган сууну целлофандан тигилген чоң каптарга куюп алып барганда аябай таң калгам. Атүгүл таарылган отун менен көмүрдү жеткизчүбүз. Тобокелдүү иш эле, буга Афганстандагы согушта СССРдин МККсынын чек ара кызматынын авиациясынын 52 учкучунун курман болушу, 62 тик учактын жок болушу далил. Афганстанда чаң менен кум аралаш куюн көп болот, учактарга чоң коркунуч эле. Ал куюндар 150 метрге чейин көтөрүлүп, эч нерсе көрүнбөй калат. Андан кийин чаң тарайт. Бир ирет куюндан качып, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном аймагындагы аскердик аэропортко араң жеткенбиз.
— Кайсы окуя дагы эле эсиңизде?
— Бир ирет Тажикстан менен чектеш Түндүк Афганстандын Бадахшан аймагында советтик чек арачылардын отряды моджахеддердин буктурмасына кабылат. Командачылык аларды куткарууга мени экипажым менен жиберди. Бизди кошумча дагы бир учак коштоп барды. Абадан советтик жоокерлерге көмөк берип согушкерлерди учактагы пулемёт менен замбиректен аткылап жаттык. Чийдин арасына жашынган эки моджахедди байкабай калыптырбыз. Бирөөсү гранатомёт менен бизди атканда гана көрдүк. Анын огу тик учактын куйругу менен фюзеляжына тийгендиктен, абада айланып кеттик. Бизди калкалап жаткан тик учактын пилоту Александр Зубич бизди экинчи согушкер гранатомёттон мээлеп жатканын көрүп аны атып түшүрүүгө жетишти. Биз араңдан зорго Тажикстандын Памириндеги айдоо талаага конууга үлгүрдүк. Тик учактын куйругу илең-салаң болуп илинип калганын көрүп жакабызды кармадык. Дагы бир ирет бизди моджахеддер ДШКдан (советтик станкалык чоң калибрдеги пулемёт) аткылагандан кийин аман-эсен калганыбыз эсимде калды. Болгону бир салгылашта катуу контузия алдым.
© Sputnik / Акбар Акжигитов

РФ атайын кызматынын отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев

РФ атайын кызматынын отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев - Sputnik Кыргызстан
1/2

РФ атайын кызматынын отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев

© Sputnik / Акбар Акжигитов

РФ атайын кызматынын отставкадагы офицерлери Анатолий Мячин менен Василий Имангазиев

РФ атайын кызматынын отставкадагы офицерлери Анатолий Мячин менен Василий Имангазиев - Sputnik Кыргызстан
2/2

РФ атайын кызматынын отставкадагы офицерлери Анатолий Мячин менен Василий Имангазиев

1/2

РФ атайын кызматынын отставкадагы подполковниги Василий Имангазиев

2/2

РФ атайын кызматынын отставкадагы офицерлери Анатолий Мячин менен Василий Имангазиев

— Ата-энеңиз Афганстанда кызмат өтөп жүргөнүңүздү билчү беле?
— Ооба. Үй-бүлөм менен Кыргызстанга эмгек өргүүгө келип-кетип турдум да. Аман келгениме абдан сүйүнүшчү. "Күн сайын амандыгың үчүн Теңирге жалынам. Таштан төлгө салып, сени кан майдандан аман-эсен келсе экен деп дуба кылам" дечү эле апам. Энемдин дубасы менен бир да жолу жарадар болгон жок окшойм.
— Афганстанда кызмат өтөгөн ардагерлердин дээрлик бардыгы жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү аябай жарды жашаганын айтышат.
— Ооба, афган элинин көбү итке минген кедейлер. Жашоосун көрүп жаныман түңүлгөм. Түндүк Афганстандагы советтик гарнизондорго барганыбызда афгандыктар бизден сурашчу. Командирдин уруксаты менен берчүбүз. Карысы деле, жашы деле кыштын күнү жылаңайлак жүргөнүн көрүп абдан боорум ооручу. Советтик аскерлер автоунаа менен гарнизондон эски кийим, бөтөлкө жана ящиктерди таштандыга алып чыгышчу. Ошондо жергиликтүү тургундар бири-биринен таштандыны талашчу.
— Сегиз жыл Афганстанда кызмат өтөгөнүңүзгө өкүнбөйсүзбү?
— Жок, өкүнбөйм, анткени мен Ата мекендин алдында парзымды аткардым. Афганстандан кайткан соң Алматыда Советтер Союзунун МККсынын чек ара аскеринде кызматымды уланттым. 1991-жылы СССР ураган соң, Кыргызстандагы Россиянын чек ара кызматынын тобуна которулдум. 2000-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Эң өкүнүчтүүсү, былтыр жубайым Валентина каза болуп калды. Экөөбүз 55 жыл чогуу жашадык. Бир небере менен эки чөбөрөнүн бактылуу таятасымын.
Афгандык кыргыз менен сүйлөшөм деп камакка алынгам. Снайпер Абдылдаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Афгандык кыргыз менен сүйлөшөм деп камакка алынгам. Снайпер Абдылдаевдин маеги
Интернационалист жоокер Мадымаев: вьетнамдыктар бизди бомбадан денеси менен калкалачу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2023
Интернационалист жоокер Мадымаев: вьетнамдыктар бизди бомбадан денеси менен калкалачу
Жаңылыктар түрмөгү
0