Афгандык кыргыз менен сүйлөшөм деп камакка алынгам. Снайпер Абдылдаевдин маеги

Жазылуу
15-февраль 1989-жылдан бери постсоветтик аймакта Интернационалист жоокерлердин күнү катары белгиленет. СССР учурунда аскерлери Африка, Азия жана Латын Америкадагы согуштарга катышкан. Бул жоокерлердин катарында кыргызстандыктар да бар эле.
Афганстанда 1979-жылы жарандык согуш башталган. Тогуз жылдан ашуун убакытка созулган кандуу тирешүүгө СССРдин 40-армиясынын 600 миңден ашык жоокери катышкан. Ал эми Кыргызстандан 13 миң 477 аскер барган. 14 миңден ашык советтик жоокер каза болгон, анын 248и — кыргызстандыктар.
1989-жылы 15-февралда Афганстандан советтик 40-армиясы толугу менен чыгып кеткен. Мындан улам 15-февраль — афганчылар менен жакындары үчүн кубаныч менен кайгы аралашкан күн деп айтсак болот. Советтик аскерлер үчүн 34 жыл мурун бүткөн согуш алардын жүрөгүндө чоң орунду ээлейт. Жогорудагы Советтер Союзунун 40-армиясынын катарында кандашыбыз, 371-мото аткычтар полкунун снайпери, ага сержант Келдибек Абдылдаев да аскердик кызматын өтөгөн. Ал Афганстандагы кандуу тирешүүгө 1979-жылдын декабрь айынын аягынан баштап катышып, 1981-жылы ноябрдын соңунда Ата мекенге кайткан. Командачылык анын бул кан майданда көрсөткөн каармандыгын баалап, СССРдин Эрдик үчүн аскердик медалы менен сыйлаган.
Sputnik маалымат агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов афган согушунун ардагери менен маектешкен.
Келдибек Абдылдаев 1979-жылы декабрь айынын аягында 371-мото аткычтар полкунун катарында Түндүк Афганстандын Герат аймагына кирген. Эки жылдык кызмат учурунда кандай сыноолордон өткөнүн айтып берип, расмий Кабулдун армиясынын катарында жүрүп кыргыздар менен кантип жолукканын эскерди. Афганстандан келгенине чейрек кылым ашык убакыт өтсө да андагы кандуу кагылышуулар ушу кезге чейин түшүнөн кетпейт.
"1979-жылы декабрда биз Түндүк Афганстанга киргенде моджахеддер буктурмаларды уюштуруп кол салышты. Ошондо гана согушкерлер менен кандай шартта согушарыбызды түшүндүк. Фарах аймагындагы капчыгайдын ичинен капысынан чабуул койгон афгандык козголоңчулардын мизин кайтардык. Биринчи ирет жарадар болгон моджахеддерди согуш талаасынан көрдүк", — деп сөзүн баштады ардагер.
Абдылдаев 18-20 жаштагы жоокерлер өзгөчө таза суудан катуу кыйналганын белгиледи.
"Биттеп да кеттик. Ошентсе да аскердик милдетибизди аткарууга умтулдук. Жергиликтүү кыргыздар менен жолукканым такыр эсимен кетпейт. Командачылык бизди тандап Герат шаарындагы нан заводуна жашыруун алып барып, снайперликке даярдаган. Заводду сыртынан расмий афган бийлигинин аскерлери кайтарышчу. Бир жолу өтүп бара жатсам эки афгандык аскер кыргызча сүйлөшкөнүн кулагым чалып калды. Жакын барып "кыргызсыңарбы?" деп сурадым. "Ооба, кыргызбыз" дешти. Боордошторумду көрүп абдан сүйүнүп, сүйлөшө баштадым. Бирөөнүн аты Турганбай болчу. Экинчисинин ысымы эсимде жок. Булардын аталары 1920-жылдары Алайдан совет бийлигинен Түндүк Афганстанга качышыптыр. Турганбай Токмок калаасындагы учкучтарды даярдоочу техникалык училищеде окуптур. Афганстандагы жарандык согуш элди экиге бөлгөнүнө, анын тагдырына да терс таасирин тийгизгенине күбө болдум. Бир тууган иниси афган оппозициясына кошулуп, натыйжада кол үзүшүп калганын айтты. Кандашымдын арманын угуп, кандуу тирешүү кандай трагедияга алып келгенин түшүндүм. Беш мүнөттөй гана сүйлөшкөнгө үлгүрдүм. Полкко кайтып келгенде, контрчалгын бөлүмүнүн офицери суракка чакырды. "Уруксаты жок жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн экенсиң. Полктун түрмөсүнө (гаупвахта) үч күнгө камаласың" деди. Ошентип афгандык боордоштор менен сүйлөшкөнүм үчүн жазалангам. Афганстандан келгениме 33 жыл болсо да дагы эле түшүмө салгылаштар кирет", — деди Абдылдаев.
Жердешибиз бул өлкөдөн кайткандан кийин Фрунзедеги соода техникуму жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн. Экология министрлигинде, мерген инспекциясында жана Ат-Башы районунун кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Үч кыз, бир уул жана алты неберенин бактылуу атасы.
Тема боюнча:
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги
Интернационалист жоокер Мадымаев: вьетнамдыктар бизди бомбадан денеси менен калкалачу
Жаңылыктар түрмөгү
0