00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Альтернативная энергетика: зачем школам Кыргызстана собственные солнечные электростанции
18:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Алтындын баасы өсүүдө: баалуу металл өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Что изменилось в законодательстве об алиментах и как защитить интересы ребёнка - советы юриста
20:06
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууда эл аралык тажрыйбанын орду
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рактан оолак болуу үчүн бир нече эрежени сактагыла. Дарыгердин кеңеши

© AFP / MENAHEM KAHANAКолдорунда тамеки, пиво кармаган кыздар. Архив
Колдорунда тамеки, пиво кармаган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Дарыгер алкоголь менен тамеки бардык оорунун башаты экенин айтты.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Рак оорусунан оолак болуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактап жүрүү зарыл. Бул тууралуу бейтаптар менен 15 жылдан бери иштеген Шон Марчезе айтып бергенин Eat This, Not That! (ETNT) басылмасы жазды.
Марчезе рак адам өмүрүн алган кооптуу оору экенин, аны алдын алуу үчүн жашоо образын өзгөртүп, зыяндуу адаттардан баш тарткан оң экенин белгиледи.
Дарыгер алкоголь менен тамеки бардык оорунун башаты экенин айткан. Кээде ичимдик ууртап, чегип жүргөн адамдар дагы зыянын тартат. Тамеки рактын 14 түрүнүн өөрчүп кетүүсүн шарттайт. Ал эми алкоголь ооз көңдөйүн, ичеги-карынды, дем алуу жолдорун, боорду, уйку безин жана эмчек бездерин жабыркатып, шишикти пайда кылат.
Адис туура тамактанууга үндөдү. Маселен, малдын эти эркектин урук безинин, табарсык, эмчек безинин, ашказан, уйку бези жана ооз көңдөйүнүн рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырат. Ошондой жарым фабрикат азыктарды аз колдонууга чакырды, алардын курамында трансмайлар менен тазаланган кант болот.
Ашыкча салмак жана кыймылдын жоктугу онкологиялык оорулардын күчөшүнө алып келери кошумчаланды. Толуп кетүү жоон ичегинин, көкүрөк безинин, жатындын, бөйрөктүн, кызыл өңгөч, уйку безинин, боордун жана өт баштыкчасынын рагына алып келет.
Мындан сырткары, күн нурунан сактанбаса, эң ириде тери рагы жаралышы мүмкүн. Ошондой эле гепатит B жана адамдын папиллома вирусу өңдүү инфекциялык ооруларга көңүл буруу керек.
Медик. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Фолий кычкылынын жетишсиздиги ракты чакырышы мүмкүн. Медиктердин эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0